Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Өкмөттүн жаңы курамына сын жана баа


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап жатат.

Бир күн мурда Жогорку Кеңештин тармактык комитети премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырган.

Коомчулукта сунушталган курамга 6-октябрдагы окуялардын активдүү катышуучуларынын кирбей калганы жана жаңы өкмөт менен келе жаткан айрым кадрлар сынга кабылды.

Марипов тармактык комитеттин "батасын" алды

2-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьерликке талапкер Улукбек Марипов баштаган өкмөт курамын үч сааттан ашык талкуулады.

Комитетке мүчө депутаттардын дээрлик көпчүлүгү өкмөткө бекий элек Мариповго айылдагы жол маселесинен баштап, тышкы карыз, чек ара көйгөйлөрүнө чейин айтышты. Депутаттар сунушталып жаткан өкмөт мүчөлөрүнө сын эмес, каалоо-тилек, ийгилик каалашты.

Өкмөт башчылыкка сунушталган Марипов командасын дасыккан адистерден турат деп ишендирди.

Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

«Баарын дасыккан кадрлар деп ишендирип кете алам. Бардык багыттагы министрлер менен толук кандуу пикир алмашып, жоопкерчиликти ала тургандай, абалды толук түшүнүп, кыйын кырдаалда өкмөт башчы болуп шайланып калсам ушуга дагы талапкер катары келип, сиздер менен иш алып барууга бел байлап турабыз», - деди Марипов.

Теңи жаңы, теңи эски өкмөт курамы

Марипов өкмөттүн курамына 16 талапкерди сунуш кылды. Талапкерлердин сегизи жаңы сунушталууда, калган сегизи өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер.

Жогорку Кеңеш бул курамды шайлап берсе, анда өкмөт башчы Улукбек Марипов, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков, экономика жана финансы министри, вице-премьер Улукбек Карымшаков, өкмөттүн аппарат жетекчиси Жеңиш Асанкулов, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскар Жаныбеков, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, юстиция министри Асел Чынбаева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев болуп дайындалат.

Марипов ушул курам менен өкмөттө кардиналдуу реформа кылууга баратканын кайталады.

“Бир Бол” фракциясынын жетекчиси, депутат Алтынбек Сулайманов мурдагы өкмөттүн тагдырын кайталап калбоону эскертти.

«Мен азыр сындай албайм. Ишиңерди көрөбүз анан айтабыз. Жүз күндө ишке ашпаган реформа бир жылда ишке ашпайт. Ыкчам, жүз күндүн ичинде жыйынтык бере албасаңар анда ошол эски өкмөттөй эле болуп каласыңар», - деди Сулайманов.

Ошентип, өткөн жылы 6-октябрдагы саясий окуяларга активдүү катышып, кийин кызматка келген вице-премьер-министр Максат Мамытканов, вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, айыл чарба министри Тилек Токтагазиев сунушталып жаткан өкмөт курамына кирбей калды. Ошондой эле каржы полициясынын башында турган Сыймык Жапыкеев дагы жаңы өкмөттүн курамына кошулабы же жокпу белгисиз.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Элвира Сурабалдиева кыйын учурда келип, убактылуу иштерин билгенин, азыр көңүлү тынчып кетип жатканын билдирди. Ал мындай пикирин “Твиттердеги” баракчасына жайгаштырды.

Ал эми айыл чарба министринин милдетин аткарып жаткан Тилек Токтогазиев жакын арада маалымат жыйын өткөрө турганын билдирди.

Жогорудагы аты аталгандар эмнеге өкмөт курамына кирбей калганына премьерликке талапкер Улукбек Марипов мындай жооп берди.

«Реформа жасашыбыз керек же көңүлдү карашыбыз керек. Менин принцибинди ачык эле айтайын, бардык вице-премьер-министрлерди сыйлайм, ар бир адамдын укугун сыйлаймын. Бирок, элдин талабы ушундай болуп жатат. Ошондуктан жоопкерчиликти алып жатабыз».

Бийликтин оппоненттери кызматка жаңы киришкен жаш кадрлардын сыртта калганын сындап жатышат.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек сунушталып жаткан жаңы өкмөт курамындагы кадрлар кандай тандалганы коомчулукка ачык болбой жатканына көңүл бурат. Ал 6-октябрдагы окуяларга жигердүү катышкандардын сыртта калганын мындай божомолдоду.

«Өз алдынча аракет кылбаган, буйрукту “кыңк этпей” аткара тургандарды жыйнады. Алдыда шайлоо, референдум бар. Колуна тийген бийликти чыгарып албашы керек да. Себеби, келечекте абал оңой болбойт. Ошол кезде бийликтин сөзүн эки кылбай аткарыш керек. Азыр кадр тандоо, Конституцияны жазуу көшөгө артында болуп жатат».

Ал эми саясат талдоочу, журналист Айданбек Акмат уулу болочок өкмөт мүчөлөрүнүн айрымдарын сындап, бул ириде президент Садыр Жапаровдун саясий салмагына доо кетире турган тобокелдик экенин белгиледи.

«Өкмөт мүчөлөрүн президент тандап алды деп түшүнүү керек. Алардын арасында коррупцияга айыпталган айрым мүчөлөрү, Эсеп палатасында турганда көп нерселер көз жаздымда калган жетекчи өкмөт башчысына келип жатканы тынчсыздандырат. Бирок бул элдин сексен пайыз добушун алган президенттин тандоосу. Алар иштеп көрсүн».

Президент Садыр Жапаров 2-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу кадрдык дайындоолор боюнча билдирүү таратып, сынга жооп бергендей болду. Жапаров акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи же жээнбековчу деген маанайды токтотуу керек экенин айтып, «минтип отурсак өлкөбүздүн ичинен бир да татыктуу кадр таппайбыз, башка планетадан издешибиз керек» деди.

Президент мурда аны камоого салым кошкондор кызматка дайындалып жатканы тууралуу сөздөргө «азыр биз касташа же туугандаша турган мезгил эмес» деп жооп берип, «ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз» деп белгиледи.

Жапаровдун тарапташы саналаган парламенттин депутаты Жылдыз Жолдошева президент өз командасын түзүп иш алып барганын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалайт. Бирок Жолдошева бийлик кадр тандоодо калпыстык кетирип жатат деген пикирде.

«Өкмөт башчысы кризис менежер болушу керек эле. Андай кадрлар бизде бар. Мисалы, Нариман Түлеев, Азиз Суракматов, Мелис Мырзакматов, Акматбек Келдибеков ошол эле Камчыбек Ташиев. Себеби, Эсеп палатасында иштеген башка. Мэр, губернатор болуп иштеген инсан өкмөт башчы да болуп иштей алат. Бизге сулуу жигит эмес, күчтүү менежер керек болчу. Эми өздөрү ушундай чечип жатат».

Улукбек Мариповдун талапкерлиги жана ал сунуш кылган өкмөттүн курамы 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата-Журт» фракциясы сунуш кылган.

41 жаштагы Марипов 2016-жылдын мартынан ушул убакка чейин Эсеп палатасын жетектеп келди.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG