Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Ташкентте орусиялык ырчылар катышкан фестиваль өтпөй калды


Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте орусиялык отуздай ырчы катышкан фестиваль болбой калды. 20-21-майда өтө турган "Аптап" ("Жара") фестивалына билеттердин сатылышы токтогонун өзбек компаниясы 3-апрелде жарыялады. Буга чейин ушундай эле иш-чара Азербайжанда жана Казакстанда өтпөй калган.

"Тилекке каршы, дүйнөдөгү азыркы абал масштабдуу музыкалык иш-чараны өткөрүүгө туура келбей турат",- деп белгиленген iTicket билдирүүсүндө.

Буга чейин компания фестивалды "өлкөлөрдү жана муундарды бириктирген күндүн, музыканын, достуктун" майрамы деп атаган. Бирок ал Украинадагы согушту колдогон платформа болорун айтып, "Z-батальон" жана "Путинди колдогондордун бандасы" деп сындагандар болгон. Фестивалдын Өзбекстанда өтөрү тууралуу маалымат чыккандан кийин социалдык тармактын колдонуучулары арасында нааразылык жаралып, ага бойкот жарыялоого чакырыктары айтылган эле.

AFP агенттигине полициянын өкүлү фестиваль согушту колдогон ырчылардын катышканы үчүн болбой калганын жана Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде токтотулганын ырастады.

Уюштуруучулар март айында казакстандыктардын реакциясынан улам Алматы шаарында өтпөй калган фестиваль эми Ташкенттеги "Жаңы Өзбекстан" паркында болорун жарыялашкан.

Азербайжанда 2016-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келаткан кароо-сынак өткөн жылдан тарта өткөрүлбөй калды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG