Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

"Адвокаттын машинесинен түшө качтым". Чечен активисти Кыргызстандан чыгып кетти


Мансур Мовлаев Бишкек шаардык сотунда
Мансур Мовлаев Бишкек шаардык сотунда

Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап жүргөн активист Мансур Мовлаев Кыргызстандан чыгып кеткенин адвокаты Бакытбек Автандил уулу "Азаттыкка" ырастады.

Ал өзү "Настоящее время" телеканалына учкай маек куруп, учурда кайсыл жерде экенин так айткан жок. Мовлаев маегинде Бишкекте соттон чыккандан кийин адвокаттын машинесинен түшө качканын, ушундай жол менен анын изин куугандардан кутулганын, тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып берди.

- Мансур, саламатсызбы! Учурда кайда экениңизди айта аласызбы? Бул суроого жооп бербешиңиз мүмкүн. Ошентсе да мен бул суроону берейин. Эң негизгиси азыр сиз өзүңүздү коопсуз сезесизби?

- Кутман кечиңиз менен. Албетте, азыр мен кайсыл жерде экенимди сизге айта албайм. Бул маекти да Инстаграм аркылуу курганга макул болдум. Анткени өмүрүм үчүн кооптоном. Азыр салыштырмалуу коопсуз жердемин десек болот, бирок так кайсыл жерде турганымды айтпашым керек.

- Кыргызстанда экениңизди же Кыргызстандан чыгып кеткениңизди да айта албайсызбы?

- Мени тыкыр издеп аткан кызматкерлердин ишин болушунча татаалдаштырыш үчүн мен бул суроону табышмак түрдө калтыргым келет.

- Мансур "эмне үчүн сизди атайын кызмат соттон кийин дароо кармабай, депортациялаган жок" деген суроого жообуңуз барбы? Анткени бул суроонун жообун баары, атүгүл сиз да күтүп аткансыз?

- Чынын айтсам, бул ушундай эле пландалган. Сотто камералардын көзүнчө мени кое берип, бир канча көчө баскандан кийин, адвокаттардын машинесинен чыгарып, камералар жок жерде кармап, каалаганын кылышмак. Депортацияламак деп ойлойм. Бирок алар менин машинеден секирип чыгып кетеримди күткөн эмес.

Ооба, мен сотто журналисттер, камералар көп болгон жерде чыгып кетүүгө үлгүрдүм. Алар мага уруксат беришти. Бирок мен кийинки көчөдө терезелери капкара машине күтүп турганын көрдүм. Ошондон кийин "жок, мен мындан ары машине менен барбайм" деп чечтим. Менин аркамдан кууп келерин билдим. Дароо машинеден чыга качтым. Бишкекте мени көп киши издеди.

- Машинеден чыга качкандан кийин эмне болду? Ким менен байланыштыныз?

- Мага адвокат "машинеге отур" дегенден кийин унчукпай отурдум. Бирок эч кимге ишенген жокмун. Адвокатка ишенип аны менен кетүүнү каалаган жокмун. Ал бир бурулушка келгенде мен машинеден секирип чыгып кеттим. Бир көчөдө 200 метрдей чуркаганым элес-булас эсимде. Анан бир кафенин бир эшигинен кирип, кайра башка эшигинен чуркап чыктым. Зымдардан өтүп, бир имаратта кечки саат 5-6га чейин жашынып отурдум. Шаардын борборунда эле. Мени издеп жүргөн милициянын үндөрүн, элдин мен жөнүндө айткандарын уктум. Кеч киргенге чейин ошол имаратта жашынып отурдум. Түнү чыгып, колумда эч кандай документи жок такси жалдап, бир шаарга келдим. Жолдо таксисттен телефон сурап, досторума чалып, таксинин акчасын төлөп берүүнү сурандым. Ал мени бир шаарга алып келди, бирок андан кийин бир канча калаага жер котордум.

- Сотто сиз тергөө абагында кыйноого кабылганыңызды айткансыз. Сиз чын эле кыйноого кабылдыңызбы?

- Мени тергөө абагында УКМКнын кызматкерине кол салганым үчүн кыйнашты. Мен ага бир аз мөөнөт бериш максаты менен кол салгам. Алар буга көз жуумп, мени сабашты. Көзүмө, боор, бөйрөгүмө тепкилешти. Ошондон кийин кыйноолор болду. Мен өзүм күнөөлүмүн, анткени кызматкерге кол салдым. Мени депортациялабай, жаза мөөнөтүн беришин каалагам.

- Маегиңизге чоң рахмат.

28 жаштагы Мансур Мовлаев былтыр өмүрүнөн кооптонуп, Орусиядан качып чыккан.
Быйыл августта Кыргызстандын атайын кызматы аны Ысык-Көлдөн кармаган. УКМК Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.
Мовлаевге "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып тагылып, 4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алты айга эркинен ажыратылган.
Ал мекенинде өзүн катаал жаза күтүп турганына кооптонгонун билдирип, канча жыл болсо да Кыргызстанда жазасын өтөөнү суранган.
20-ноябрда Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер боюнча коллегиясынын чечими менен ал сот залынан бошотулган.
Сот аны өлкөдөн чыгаруу өкүмүн аткаруу милдетин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматка жүктөгөн. Мовлаев жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу сот залынан бошотулган деген түшүндүрмө берилген.
Соттон кийин адвокат Бакыт Автандил активист менен Бишкектин борборуна чейин чогуу машинеде барып, андан кийин ал түшүп калганын, ошону менен кайда экени белгисиз болуп жатканын айткан.
Мовлаевдин өлкөдөн чыгып кетиши жана анын соңку билдирүүлөрү тууралуу кыргыз бийлигинин өкүлдөрү комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG