Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Абактагы Бөлтүрүктүн аялы ачкачылык жарыялады


Тенгиз Бөлтүрүк жана жубайы Илмира Алпысбаева. Коллаж.
Тенгиз Бөлтүрүк жана жубайы Илмира Алпысбаева. Коллаж.

"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин мурдагы башчысы, алты айдан бери тергөө абагында отурган Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева ачкачылык жарыялаганын билдирди. Ал күйөөсүнүн күнөөсү жок экенин айтып, үй камагына чыгарып, дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү бийликтен суранууда. Башкы прокуратура Бөлтүрүккө каршы үч кылмыш ишин козгогон.

Илмира Алпысбаева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, 13-марттан баштап ачкачылык кармай турганын жарыялаган. Анын видео кайрылуусун жергиликтүү сайттардын бири жарыялады.

“Садыр Нуркожоевич, бул саясий билдирүү эмес. Менин күйөөмө жардам бериңиз. Сиздин үй-бүлөңүз дагы ушундай тозоктон өткөн. Сиз дагы болуп көрбөгөндөй адилетсиздикке кабылгансыз. Күйөөмдүн тагдыры сиздин колуңузда. Ал сизге ишенген жана азыр дагы ишенет. Мен сизден суранам, менин күйөөмө өзүн коргоого жана дарыланууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Аябай каттаал, 24 саат үйдөн чыкпаган үй камагына чыгарыңыз”, - деди Илмира Алпысбаева.

Алпысбаева менен байланышканыбызда ачкачылыгын улантып атканын, ден соолугуна байланыштуу комментарий бере албастыгын айтты.

Адвокат Кайсын Абакиров абакта Бөлтүрүктүн кан басымы көтөрүлүп кеткенин, аны андыктан ооруканага жаткыруу зарылдыгын, мындай абалда кармоо кыйноого барабар экенин билдирген.

Ага чейин Кыйноолорго каршы улуттук борбордук кызматкерлери да Бөлтүрүккө жолугуп чыккан.

“Өткөн жумада ал кишинин жубайы социалдык тармактарга жарыя калтырган. Анда жолдошуна басым көрсөтүлүп жатканы айтылган. Биздин кызматкерлер ал киши менен жолугуп чыкты. Эч кандай кыйноо, басым боюнча арызданган жок. Саламаттыгын орто деп бааласак болот”, - деди Кыйноолордун алдын алуу борборунун башчысы Бакыт Рысбеков.

“Кумтөрдү” канадалык компаниядан Кыргызстанга алуу маалында өлкөдөгү эң чон алтын кенди башкарган Тенгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрдан бери абакта. Башкы прокуратура “Кумтөр голд” ишканасындагы коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, Бөлтүрүк менен кошо бир катар жетекчилер камалды. Быйыл февралда, Эсеп палатасы “Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз коротконун аныктаган отчетун жарыялаган.

Бөлтүрүк кармалган күндөн тарта ага тагылган бардык айыптарды четке каккан.

Жакында эле Тенгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровго кат жазып, президент койгон тапшырманы толугу менен аткара албай калганын айтып, кетирген катасы үчүн "кечирим жана ырайымдуулук сураган".

Жарандык активист Нарис Калчаев кандай болгондо дагы бардык иштер ачыкка чыгышы керек деп эсептейт.

"Убагында биз ачык айтып чыкканбыз. Бөлтүрүк кызматта отурганда коррупциялык схемалар жөнүндө президентке, коомчулукка кайрылганбыз. Анда тескерисинче, бизди каматканга аракет кылган. Жоопкерчилик баарында болушу керек. Ким алып келип койгон, аябай макташкан. Эми баарын Бөлтүрүкккө илип коюшту. Бардык иштер ачык айтылышы керек".

Чынында Бөлтүрүк кызматта турган жарандык коом эле эмес, парламентте анын ишмердигине, каражатты сарамжалдуу пайдаланууга байланыштуу бир нече жолу маселе көтөрүлгөн.

Президент Садыр Жапаров 14-мартта мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялаганына байланыштуу суроого жооп берди. Маекте ал Кумтөр алтын кениндеги кызмат көрсөтүүлөрдөн акча уурдалганын айтты.

"Кумтөрдү иштетүү үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын казып алууга керектүү шаймандарды сатып алат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акча уурдалган, пендечилик экен да. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Тенгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин: “Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште” деп какшап келгем. Тилекке каршы, ушундай болду. Мен билгенден он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюшсун", - деди президент.

Кумтөрдөн бир грамм алтын уурдалбаганын кошумчалаган Садыр Жапаров камалгандар уурдалган акчаны кайтарганда, сот аларды үй камагына чыгаруу маселесин карашы мүмкүн экенин айтты.

"Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок", - деди Садыр Жапаров.

Президент Жапаров буга чейинки маегинде да Бөлтүрүккө "таза иштеңиз" деп эскерткенин айткан.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул иште "акыркы чечимди сот чыгарарын" белгилеген болчу.

“Бул Эсеп палатасынын алдын ала чыгарган маалыматынын негизинде болду эле. Азыр эми Кудай деп туралы, мындайдын далайын баштан өткөргөнбүз. Азыр эми, күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот гана чече алат”.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, былтыр апрелде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Бөлтүрүк бул жараянда башкы фигуралардын бири болгон. Ал “Кумтөр” ишканасынын убактылуу сырттан башкарып, кийин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингин жетектеген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG