Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү


Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын кароо учуру.
Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын кароо учуру.

“Kумтөр Голд Компани” мамлекеттик ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарууну өтүнүп, жубайы Илмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анын кайрылуусу Тенгиз Бөлтүрүктүн Фейсбук баракчасына жарыяланды.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, менин сүйүктүү жолдошум, жашы жете элек балдардын атасы Теңиз Бөлтүрүктүн ишине көңүл буруп, ырайым кылышыңызды тизелеп туруп, суранам. Мен күйөөмдү үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздү өтүнөм. Анын ден соолугу азыр абдан начар. Аны мындай абалда камакта кармоого болбойт. Мен аны жоготуп алуудан абдан корком. Ал үчүн мен жанымды берүүгө даярмын. Анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиз. Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качууну ойлогон да эмес. Анын катуу жүрөк оорусу бар, кан басымы да жогору", - деп жазылган Илмира Алпысбаеванын кайрылуусунда.

Президент Жапаров соңку маегинде Бөлтүрүк таза иштегенге убада берип, чечимдерди өзү кабыл алып келгенин, эми анын ишине сот гана чекит коёрун айткан болчу.

"Айлыкка гана жашадым"

Тенгиз Бөлтүрүк тергөө менен кызматташууга даяр экенин октябрь айынын башында абактан жазган катында да билдирген.


Башкы прокуратура Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөн” акча кымырган коррупциялык ишке байланыштуу камалганын 13-сентябрда билдирген. Аны менен кошо жабдуу бөлүмүн башчысы Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган. Башкы көзөмөл органы бул иш боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган. Ага байланыштуу үч кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда аны 10-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. 3-октябрда доо-арыздын негизинде анын бөгөт чарасы шаардык сотто каралып, буга чейинки чечим күчүндө калтырылган. Бөлтүрүк учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Бөгөт чарасын тандоо үчүн сотко алып келгенде Тенгиз Бөлтүрүк бул ишке тиешеси жок экенин, бирок кол астындагыларды көзөмөлдөй албаганын айткан.

"Мен макул эмесмин, бардык айыптар жалган, акылга сыйгыс. Мен эки ири компаниянын менеджери болгом, ошондой эле юридикалык маселелерди да чечип жүргөм. Менин жумушум абдан көп эле. Ошондуктан бардык жумушчу жараянды көзөмөлдөгөнгө үлгүрө албадым. Менин кол астымда көп адам иштеди. Алардын айрымдары чынында эле коррупциялык схемаларга аралашкан, алардын кээ бирлери өлкөдөн чыгып кетти. Бирок мага жок жерден эле айып коюлуп жатат. Мени эмне үчүн айыптап жатканын өзүм да түшүнбөйм. Мен өлкө үчүн колумдан келгендин баарын жасадым, ак иштедим. Мен бир гана маянага иштедим. Башка эч кандай пара алган жокмун. Ошол үчүн бул кырдаалда нес болуп калдым. Мен тазамын. Мейли, бардык документтерди, катышуучуларды аягына чейин териштирсин. Анткени менин кол астымда көп адам иштеди. Камсыздоо бөлүмүнүн директору бар, ошол маалда камсыз кылуу жагын аткаруучу директор карап жаткан. Финансы директору да бар эле".

"Бөлтүрүк чечимдерди өзү кабыл алган"

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2-ноябрда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн иши боюнча суроолорго жооп берип, "Кумтөр" тууралуу сөздөрдү четке кагып, бардык чечимди Бөлтүрүк жеке өзү кабыл алып келгенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров мындан мурда саясатчы Азимбек Бекназаровдун "Бөлтүрүккө бардыгын оодарып жатышат" деп айтканына карата жооп кайтарганы белгилүү.

"Алтын жеген болсок, аны камап койбой, тескерисинче, чет өлкөгө качырып жиберип, анан "мына качып кетти, алтын жептир" деп койбойт белек. Тескерисинче, "качып кетпесин, эмне үчүн базар баасынан жогорку бааларды коюп дизель сатып алышты, баарына жооп берсин" деп камап койдук да. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдин 15тей тергөөчүсүнөн турган топ түзүлгөн. Азыр тергөө амалдары жүрүп, бардык маселелер боюнча текшерип жатышат. Тергөө иштери бүтсүн. Канча чыгым алып келишкени аныкталсын. Чыгымды ордуна койсун. Бизде принцип ушундай", - деген президент Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүк чыгымдарды ашкере ашыкча көрсөтүүгө байланыштуу "Кумтөрдөгү" коррупциялык ишке байланыштуу камалганын билдирген. Сот аны 10-ноябрга чейин абакта калтырган жана учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат. Бирок өткөн октябрда Бөлтүрүктүн абактан жазган катында кыска убакыттын ичинде Кумтөрдөгү коррупциялык келишимдер жокко чыгарылганын, чыгашаны 16% кыскартууга мүмкүн болгонун белгилеген.

"Бөлтүрүк ооруса, дарылануусун камсыздоо керек"

Эксперт Эрнест Карыбеков Бөлтүрүк чын эле ооруп жатса, анда аны башкалар сыяктуу эле ооруканадан дарылануусун камсыздоо зарыл дейт.

"Бизде азыр саясатчы, аткаминер же белгилүү бир киши болсо эле, аларды "чыгаргыла, ооруп жатат" деген нерсе өнөкөт болуп калды. Ал жакта 15 миңден ашуун карапайым кишилердин балдары деле, ооруйт, кыйналат, бирок унчукпай эле отурушат. Алардын кандай айырмасы бар? Түрмө деген ошондой. Бир эле жолу бар. Чыдаш керек. Президенттин тергөөгө же сотко таасир этүүгө укугу жок. Мыйзам боюнча ушундай. Эгерде ал чынында эле ооруп жатса, анда анын үй-бүлөсү прокуратурага, Акыйкатчыга кайрылып, ошол жактан комиссия түзүлүп, анан документтер толтурулуп, анын негизинде сот аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл ала алат. Аябай катуу ооруп калгандарды ал жактан ооруканага чыгарып эле жатышат. Жазаларды аткаруу кызматында иштегендердин деле баштары экөө эмес. Ооруп жатса, тышка чыгарып, ооруканадан дарыланышын камсыздоо бул - мыйзамдын талабы".

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" август айында текшере баштаган. Соңунда каржылык мыйзам бузууга жана жемкордукка байланыштуу үч кылмыш иши козголгон.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG