Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Газадагы согушка жарым жыл, Израилде өкмөткө каршы митинг


Рафахтагы палестин аялдары, 2-апрель, 2024-жыл
Рафахтагы палестин аялдары, 2-апрель, 2024-жыл

Жарым жыл мурун ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына кол салганда, 1200дөй кишинин каны төгүлүп, 253 адамды туткунга алынган. Алардын жарымы бошотулганы менен, калгандарынын тагдыры белгисиз. Газада алты айда 33 миңдей палестиндин өмүрү кыйылып, 2,3 млн элдин 85% качкынга айланды.

Газа тилкесинде ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу тууралуу кезектеги сүйлөшүү Египеттин баш калаасы Каирде 7-апрелде башталары кабарланган.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газанын түштүк бөлүгүндө аскерлердин бир бригадасын гана калтырып, калган жөө жоокерлерин чыгарып кетерин жекшембиде жарыялады.

2,3 миллион элдин мекени, аянты 360 км2 (тилкенин узуну 40 км, туурасы 6дан 12 км чейин) анклавдын үстүн кара булут каптап, ЦАХАЛ Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобуна каршы согуш баштаганына алты ай болду.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин түштүгүндөгү шаар-конуштарга кол салганда 1200 бейкүнөө киши набыт болгон. Жоочулар 253 кишини туткун кылып, Газа тилкесине алып кирип кеткен. Алардын жарымы бошотулганы менен, 129 туткундун тагдыры белгисиз. Кеминде 34 киши барымтада жатып каза тапкан деп эсептелсе, израил аскерлери 12 адамдын сөөгүн тапкан.

Газа тилкеси ушул тапта талкаланып, калкы ачарчылыктын алдында турат. Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы согуш башталгандан бери анклавда кеминде 32 623 кишинин каны төгүлүп, 75 092 палестин жарадар болгонун билдирди. БУУнун Балдар фондунун эсеби боюнча, алты айдагы калабада 13 миңдей баланын өмүрү кыйылды.

1-мартта жарыяланган Улуттар Уюмунун баяндамасында ЦАХАЛдын чабуулдарынан 9 миңдей аял набыт болгону көрсөтүлгөн. Докладда бул сан чындыгында аз экени, урандылардын астында дагы бир топ сөөк калган болушу керек деп белгиленет.

ХАМАСтын көзөмөлүндөгү Газанын саламаттык сактоо министрлиги 33 миңден ашуун карапайым палестиндин каза тапканын, жалпысынан жараат алгандар 76 миңге чукулдаганын ишембиде билдирди.

7-апрелде Дейр-эл-Балах качкындар лагерине эки айдан бери биринчи жолу гуманитардык жардам келди.

"Согуш башталгандан бери бизге айына келчү жардам тийбей калып акчадан каржалып калдык. Менин үй-бүлөмдө сегиз киши бар, бизге болгону эки баш пияз же бир сынык шоколад берип коюшкан. Эч нерсе жок, кантип жеткирем, билбейм, балалууларга өтө эле кыйын", - деди бул жерде убактылуу корголоп турган Умм Мусаб Абу Абда аттуу палестин аял.

"Камал Адван" ооруканасынын дарылоо бөлүмүнүн башчысы Ид Сабах жардамга муктаждар көптүгүн, бирок дары-дармек, тамак-аш жоктугун айтат.

«Эл аралык коомчулукту Газа тилкесинин түндүгүнө көңүл бурууга чакырабыз. Ал жердеги "Камал Адван" ооруканасындагы жарадарлар менен жапа чеккендер дары-дармек, тамак-аш жана башка эң зарыл нерселерге муктаж. Ансыз биз эч кандай жардам бере албайбыз», - деди газалык дарыгер.

"Палестиндердин 80% ХАМАСка каршы". Газадагы калабанын күбөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:50 0:00

Израил армиясы Газадагы согушкерлерин «акыркы түнөгү» деп санаган анклавдын түштүгүндөгү Рафах шаарына жердеги операциясын баштаарын жарыялаган. Ушул тапта ал аймакта миллиондон ашуун киши баш калкалап турат.

Америка Кошмо Штаттары анклавдын түштүгүнө качып барган палестиндердин бир бөлүгүнүн кайра өз аймагына кайтып келишине шарт түзүүгө жетишүүнү көздөйт. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы америкалык, израилдик жана египеттик аткаминерлерге шилтеме берип 6-апрелде жазды.

Израил: Нетаньяхунун өкмөтүнө каршы митинг

Ишембиде он миңдеген израилдиктер Тель-Авив баштаган бир нече шаарда премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга каршы нааразылыкка чыкты.

Алар Нетаньяхунун кызматтан кетишин, алты айдан бери барымтада жаткан туткундарды бошотууну талап кылды.

Жарым жылдан бери барымтада отурган жакындарынын сүрөттөрүн көтөргөндөр. Тел-Авив. 6-апрель, 2024-жыл
Жарым жылдан бери барымтада отурган жакындарынын сүрөттөрүн көтөргөндөр. Тел-Авив. 6-апрель, 2024-жыл

Барымтада отурган Офер Кальдерондун эжеси Ифат Кальдерон туткундарды тезинен бошотуп келүүнү талап кылды:

"Барымтагыларды - тирүүбү, өлүүбү, баарын бошотуп келгиле. Эртең эмес, мына бүгүн алып келгиле. Анткени алардын улам бири өлүп, күн сайын саны азайып баратат. Өткөн түнү Элад Кацир өлтүрүлгөнүн уктук, чынында ал январда эле каза тааптыр, анын сөөгүн эми гана Израилге алып келишти".

Митингчилер "Элад, бизди кечир!" деп кыйкырышты. Израил армиясы былтыр октябрдан бери ХАМАСтын жоочуларынын туткунунда турган Элад Кацирдин сөөгүн алып келишкенин жергиликтүү медиа кабарлаган. Январда согушкерлер жарыялаган видеодогу туткундардын арасында Кацир тирүү болчу.

Митингге чыккандар израил бийлиги согушкерлердин колундагыларды аман-эсен куткарып алуу үчүн макулдашууга барышы зарыл деп эсептейт.

Уштуруучулар белгилегендей, 100 миңдей киши шаардагы «Эркиндик аянты» деп аталып калган жерге чогулуп, “азыр шайлоо өтсүн" деп, Нетаньяхунун кызматтан кетишин талап кылды.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Тел-Авивде митингчилер менен полиция кагылышты. Демонстрацияны кууп таратуу учурунда төрт киши кармалып, улгайган адамды полициянын аты тебелеп кетти.

Каирдеги сүйлөшүү

Газа тилкесинде ок атууну токтотуу жана ХАМАС радикал уюмунун жоочулары барымтага алган туткундарды Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиндерге алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр жекшембиде Каирде башталмак. Сүйлөшүүлөргө АКШнын, Катардын, Израилдин делегациялары жана ХАМАСтын өкүлдөрү катышары кабарланган.

Вашингтондон Борбордук чалгын башкармалыгынын (БЧБ) директору Уильям Бернс жетектеген топ ишембинин кечинде Каирге келгени маалым болгон.

Вашингтон администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби АКШнын президенти Жо Байден Египеттин жана Катардын лидерлерине жолдогон катта сүйлөшүүлөрдө ХАМАСтын өкүлдөрүнө ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча басым жасоону өтүнгөнүн билдирди.

АКШ өнөктөштөрү менен Газада ок атууну токтотуу ачарчылыктын алдында турган палестин элине гуманитардык жардам жеткирүүгө жол ачкан маанилүү шарт деп санайт.

Катардын тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдулрахман аль Тани жетектеген делегация жана Израилдин өкүлдөрү дагы Каирге барарын эл аралык медиа каражаттары ишембиде кабарлаган.

ХАМАСтын жетекчисинин орун басары Халил ал-Хайя баштаган топ Каирге 7-апрелде аттанарын "Рейтер" агенттиги өз булактарына таянып жазды.

25-мартта CNN телеканалы жана израилдик бир катар медиа Израил түрмөлөрүндө отурган 700 палестиналыкты ХАМАСтын жоочуларынын барымтасындагы 40 кишиге айырбаштоого макул болгонун кабарлаган. Мындай сунушту АКШнын делегациясы иштеп чыккан.

Буга чейин Израилдин премьер-министри Нетаньяху ХАМАСтын барымтада тургандарды айырбаштоо тууралуу сунушун «акылга сыйбайт» деп четке каккан.

Былтыр ноябрда Израилдин түрмөлөрүндөгү 240 палестиналык барымтадагы 105 израилдикке айырбашталган.

Газа: ХАМАСтын туткунунан, Израилдин түрмөсүнөн ондогон киши бошотулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG