Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:51

Израил Жабалия менен Рафахты бомбалады


Газа тилкесинде жаңы төрөлгөн ымыркай. 10-декабрь, 2023-жыл
Газа тилкесинде жаңы төрөлгөн ымыркай. 10-декабрь, 2023-жыл

ЦАХАЛ Газа тилкесин бомбалоону улантууда. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтада калган 129 киши бошотулмайынча, согуш токтобой турганын эскертти. Ал эми БУУ Газа тилкеси балдар үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу жер бойдон калууда деп билдирди.

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 19-декабрда Жабалия качкындар лагеринде Израилдин соккусунан бери дегенде 13 киши каза тапканын, 75 киши жарадар болгонун билдирди. Израилдин бийлиги бул маалыматка комментарий жасай элек.

Жабалия тилкедеги сегиз лагердин эң чоңу. 1,4 чарчы чакырым жерде орун алган ал жайда 116 миң палестиналык катталган. Алардын басымдуу бөлүгү БУУ тараткан азык-түлүккө, дары-дармекке, башка жардамга көз каранды.

Рафах шаары бомбалоодон кийин. Газа тилкеси ,18-декабрь, 2023-жыл
Рафах шаары бомбалоодон кийин. Газа тилкеси ,18-декабрь, 2023-жыл

Анын алдында Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына сокку урулуп, абадан аткыланганда кеминде 20 палестиналык мерт кеткени кабарланган.

Анклавдын түндүгүндөгү салгылашуулардан, бомбалоолордон качкан жүз миңдеген киши ошол аймакта башкалкалап келатат.

Шейшембиде Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израил 7-октябрдагы кол салуудан кийин радикал топко каршы согуш ачкан 2 айдан ашуун убакытта 19 миң 667 киши набыт болгонун, 52 миң 586 киши жараат алганын билдирди.

ЦАХАЛ операциясын күч алдырганы, карапайым палестиндердин арасындагы жоготуулар, үй-жайсыз, ачка калган элдин саны күн санап өскөнү өкмөттөр, эл аралык уюмдар гуманитардык абалга тынчсыздануусун билдирип келатышат.

Шейшембиде Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин жетекчиси Мирьяна Спольярич Газадагы жаңжалды дүйнө коомчулугунун “моралдык баалуулуктарды коргоп кала албаганын” көргөздү деген оюн ортого салды. Тилкеге барып кеткенден кийин ал Израил менен ХАМАСты кармашты токтотууну макулдашууга чакырды:

“Моралдык пастык тууралуу айтканымдын себеби эл аралык коомчулук мындай азап чегүүгө чекит коюуга жөндөмсүз болуп келатат. Мындай жагдай Газадагы гана эмес, башка жерлердеги келечек муунга таасир этет”.

Эл аралык кысымга, туш-туштан айтылган сынга карабай, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтада калган 129 киши бошотулмайынча, согуш токтобой турганын эскертти. Израил ХАМАСтын кол салуусунан 1 миң 200 киши каза тапканын, 240тайы барымтага алынганын билдирген. Ноябрдын аягында убактылуу жарашуу маалында радикал топ 100дөн ашуунун 240 палестиналык туткунга айырбаштаган.

"Катуу ооруга чыдабаган бейтаптар дары эмес суу сурап жатышат"

19-декабрда БУУнун расмий өкүлдөрү анклавдагы ооруканалардын абалына камтамасын билдирип, ачууланганын жашырган жок. Алардын айтымында, бейтаптар эң зарыл дары-дармекке жете албай жатат.

“Ооруканалардагы адамдар бардык нерсеге муктаж. Медициналык каражаттар, дары-дармек керек, биринчи кезекте тамак-аш, суу сурап жатышат. Эң зарыл нерселер жок. Кесиптештеримдин бири катуу ооруга чыдабай жерде тоголонуп жаткан бейтаптарды сүрөттөгөн. Алар ооруну басуучу дары эмес, суу сураганын айтып берди. Дүйнө ушундайга жол берип жатканы акылга сыйбайт. Мен ал жерде болгон жокмун, бирок кесиптештеримен укканым дүйнөнүн уяты калбаптыр деген ойго түртөт”, - деп айтты Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз катчысы Маргарет Харрис.

Израил бомбалаган Насер ооруканасы. Газа тилкеси, 17-декабрь, 2023-жыл
Израил бомбалаган Насер ооруканасы. Газа тилкеси, 17-декабрь, 2023-жыл

Газадагы ооруканалардын көбү соккулардан, ЦАХАЛдын рейддеринен жана кызматкерлер менен күйүүчү майдын тартыштыгынан улам жабык турат. Иштеп жаткандары бейтаптарга толуп, жардам көргөзүүгө үлгүрбөй жатат.

ЮНИСЕФтин өкүлү Жеймс Элдер тилкедеги ири Насер ооруканасы соңку 48 саатта эки жолу аткыланганын айтты.

“Курман болгондордун бири, 13 жаштагы Дина деген өспүрүм ага чейин үйү бомбаланганда үй-бүлөсүнөн жалгыз аман калган, анын буту ампутацияланган”, - деп улантты дипломат.

Элдердин айтымында, Газа тилкеси балдар үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу жер бойдон калууда.

“Коопсуз делген зоналар бомбаланбайт дегенди гана билдирбейт. Коопсуз тилкелерде адамдар суу, азык-түлүк, дары-дармек, баш калкалоочу жайлар менен камсыз болууга тийиш. Бирок шаарлар курчоого алынган азыркыдай абалда андай шарттарды түзүү мүмкүн эмес. Мен муну өз көзүм менен көрдүм. Эч нерсе өспөгөн алакандай такыр жерде же тар көчөдө күн көрүп келаткан, суу, жылуулук, канализация жок, жада калса жаан-чачындан коргобогон тамдарды салып алган адамдар...”.

Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, ушу тапта Газада 700 балага жана алардын ата-энелерине бир даараткана туура келет. Адистер ар кандай илдеттерден, чала тамактануудан чарчап калган наристелердин саны бомбалоолордон өлгөндөрдөн ашып кетиши мүмкүн деп эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG