Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:29

БУУ: Газа өлүмдүн жана азаптын очогуна айланды


Cогушта үй-жайсыз калган бала.
Cогушта үй-жайсыз калган бала.

Израил армиясы Газа тилкесинин түндүгүндө ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун түзүмдөрүн жок кылып, эми согуштук операцияларын анклавдын борборунда жана түштүк тарабында жүргүзөрүн жарыялады.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 22 миң киши набыт болгонун билдирди. Үч айдан бери толук курчоодо калган палестин анклавында гуманитардык кырдаал өтө оор, эл аралык коомчулук жалпы эле аймактагы абалга тынчсызданып турат.

ЦАХАЛдын билдирүүсү

Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесинин түндүгүндө ХАМАС радикал тобунун түзүмдөрүн жок кылууну аяктаганын, эми согуштук операциялар анклавдын борбордук жана түштүк тараптарында улантыларын жарыялады.

6-январда ЦАХАЛдын басма сөз катчысы Даниэл Хагари журналисттерге «Газа тилкесинин түндүгүндө ХАМАСтын түзүмдөрүн демонтаж кылууну аяктадык» деп, сегиз миңдей согушкер жок кылынганын айтты.

Согушка чейин ХАМАСтын катарында 14 миңдей согушкер жүргөнүн белгилеген ЦАХАЛдын өкүлү жөөт аскерлери "террорчуларды жок кылуу үчүн жердин үстүндө дагы, алдында дагы күтүлбөгөн ыкмаларды колдонуп жатканына" токтолду.

Газа тилкеси. 7-январь, 2024-жыл
Газа тилкеси. 7-январь, 2024-жыл

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу бул маалыматты бышыктай албай турганын эскертебиз.

ЦАХАЛдын өкүлү ХАМАСты толук жок кылуу узакка созуларын, 2024-жылы аскердик аракеттер өз максатына жеткиче улантыларын айтты. Хагари белгилегендей, Газанын борборунда ХАМАСтын согушкерлери көп, Хан-Юнистин алдында туннелдер менен байланышкан өзүнчө шаар жайгашкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы израил армиясынын соккуларынан 22 миң кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Ишембиде бул мекеме соңку 24 саатта эле 120 өлүм катталганын жарыялады.

Газанын түндүгүңдө жашагандардын көбү согуш башталганда ЦАХАЛдын эскертүүсүнөн улам түштүк тарапка жер которууга мажбур болуп, негизинен бул аймак ээн калган.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин тынч жаткан шаар-конуштарына кол салганда 1200 киши набыт болгон. Кол салгандар 240тай кишини туткундап, Газа тилкесине алып кеткен. Бир катар өлкөлөрдүн ортомчулугу менен барымтадагылар бошотулгандан кийин дагы хамасчылардын жана башка согушкер топтордун колуна 120дан ашуун киши туткунда турат.

Израилдин аскерлери. Газа. 3-январь, 2024-жыл
Израилдин аскерлери. Газа. 3-январь, 2024-жыл

Газадагы жаңжалдын жайылуу коркунучу

Газа тилкесинде үч айдан бери уланып жаткан согуш жалпы аймакка жайылып кетпейби деген кооптонуу күч. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ишембиде Грекияда туруп, Газадагы жаңжал “зордук-зомбулуктун түпсүз айлампасы” болуп калбашы үчүн чөлкөмдөгу маамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

"Алдыңкы күндөрү өнөктөштөрбүз жана союздаштарыбыз менен болчу сүйлөшүүлөрдө бул жаңжалдын жайылып кетпеши үчүн алардын таасирин жана байланыштарын колдонуп, кырдаалды жөндөөнү талкуулайбыз", - деди Вашингтондун өкүлү.

Блинкен бир апталык сапарын Түркиянын, Грекиянын лидерлери менен жолугуудан баштап, бир катар Араб өлкөлөрүнө, Израилге жана оккупацияланган Батыш жээкке да барары кабарланды.

Ал ортодо Улуттар Уюму баштаган эл аралык коомчулук үч айдан бери толук курчоодо калган палестин анклавындагы карапайым калктын тагдырына тынчсызданууда.

Жер которгон палестиналык Абу Жарад үй-бүлөсү менен Газанын түштүгүндөгү Муваси аймагындагы убактылуу качкындар лагеринде нан бышырууда. 1-январь, 2024-жыл
Жер которгон палестиналык Абу Жарад үй-бүлөсү менен Газанын түштүгүндөгү Муваси аймагындагы убактылуу качкындар лагеринде нан бышырууда. 1-январь, 2024-жыл

Улуттар Уюмунун баш катчысынын кеңсесинин өкүлү Стефани Трембле жума күнү өткөн басма сөз жыйынында эл аралык коомчулукту Газадагы кыйын кырдаалга назар алууга үндөдү.

"Гуманитардык коомчулук эки жарым миллиондон ашуун элге жардам берүүдө өтө оор миссияга дуушар болуп жатат. Дүйнөлүк уюмдун кызматкерлери өлтүрүлсө, башкалары орун которууга аргасыз болду, байланыш каналдары өчүрүлүп, жолдор талкаланып, жүк ташыган кербен аткылоого кабылууда. Жардамга зар болуп тургандар үчүн жашоого эң зарыл нерселерди жеткирип барууга жол дээрлик жок болуп калды”, - деди Стефани Трембле.

Улуттар Уюмунун баш катчысынын гуманитардык алакалар боюнча орун басары Мартин Гриффитс курчоодо калган калкка жардам жеткирүү тоодой тоскоолдуктарга кабылып жатканын айтып, "Газа өлүмдүн жана азаптын очогуна айланды" деп сыпаттады.

Газадагы согуш качан бүтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:20 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG