Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

24.kg агенттигинде кожоюн алмашты. Бул эмне үчүн маанилүү?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы ири маалымат агенттиктеринин бири - 24.kg агенттигинин кожоюну алмашты. Юстиция министрлигинин сайтындагы жаңыланган маалыматка ылайык, агенттиктин ээси жана жетекчиси Алмас Турдумаматов болуп калды.

Мындан көп узабай эле агенттиктин мурдагы ээси жана директору Асел Оторбаева агенттиктин айланасындагы окуялар, жетекчиликтин алмашуусу тууралуу комментарий берди.

18-мартта ушул эле сайтта аталган агенттиктин ээси жана директору журналист Гүлжан Шерипбаева болгону тууралуу маалымат жарыяланган. Бирок Шерипбаева бул медиага тиешеси жоктугун, жакында чыныгы ээси белгилүү болорун айтуу менен гана чектелген.

Улуттук коопсуздук комитети 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү жетекчилери суракка барган жана кеңсеси 15-январдан тартып жабык турган. Буга чейин бул агенттиктин кожоюну парламенттин экс-депутат Жаныбек Бакчиев экени айтылып келген. Ал былтыр октябрда кармалып, быйыл 15-мартта үй камагына чыккан.

Ал эми 24.kg агенттиги негизделген 20 жылга жакын убакыттан бери жетектеген Асел Оторбаева 19-мартта үн катты. Ал Фейсбуктагы баракчасына агенттиктин башчылыгынан кетүү чечимин былтыр эле кабыл алганын, бул тууралуу эмгек жамааты кабардар болгонун жазды.

"Эч кандай рейдерлик болгон жок. "Негиздөөчүлөр" арасына Шерипбаева кантип кирип калганын Юстиция министрлиги менен тактап алам", - деп жазды ал.

Сүйлөшүүлөр узак болгонуна токтолуп, согушту пропагандалоо боюнча айыптоо жана тинтүүлөр буга тоскоол болгонун билдирген. Бул маселелердин баары өзүнө гана тийиштүү экендигин, жаңы жетекчиге тиешеси жоктугун белгилеген. Редакциялык саясатты өзгөртүү тууралуу сөз болбогонун, мындан ары болбойт деген ишеничин айткан. Асел Оторбаева 2017-жылдан бери 24.kg агенттигинин ээси жана жетекчиси болуп келаткан.

Асел Оторбаева агенттиктин жаңы директору жана ээси Алмас Турдумаматов тууралуу оюн айтып, аны журналист катары көптөн бери тааный турганын, чогуу иштегенин, мамлекеттик органдар менен кызматташуу тажрыйбасы бар, эки тилдүү адис экенин белгилеген.

  • Алмас Турдумаматов коомчулукка мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы катары таанымал. Ошол туштагы бийликке таандык 5-каналды түптөөчүлөрдүн бири. 2008-жылы президенттин басма сөз кызматынын башчысы, 2009-жылы президенттин катчылыгынын басма сөз кызматынын башчысы болуп иштеген. 24.kg агенттигинин кыргызча бөлүмүнүн редактору дагы болгон.

Шерипбаевага катталган агенттик

Соңку айларда кеңсеси жабылып, жетекчилери утур-утур суракка алынып жаткан агенттиктин кожоюну алмашканы маалымат чөйрөсүндө талкууга түштү. 24.kg агенттиги 15-мартта кайра каттоодон өткөнү, ээси жана негиздөөчүсү катары журналист Гүлжан Шерипбаева жазылганы 17-мартта белгилүү болду.

Ал өзү "Азаттыкка" учкай гана комментарий берип, бул убактылуу экенин айтуу менен чектелди.

“24.kg азыр менин атымда эмес. Мага эч кандай тиешеси жок. Редакциянын ички саясатын да билбейм. Жакында башка киши ээси болгонун билип каласыңар”, - деди Шерипбаева.

"Назарньюс" сайтынын жетекчиси катары таанымал Гүлжан Шерипбаева буга чейин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду ачык колдоп келген.

Кезинде бул маалымат агенттиги Райымбек Матраимовго сатылганы тууралуу дагы кабарлар чыккан.


Башкы редактору Махинур Ниязова Фейсбуктагы баракчасына иштен кеткенин жазып, муну агенттиктин азыркы жетекчилери менен байланышта болгусу келбегени менен негиздеди.

"Мындан ары 24.kg агенттигинде иштебейм. Агенттикти алган адамдардын катарында атымдын аталышын каалабайм. Бул эмоция эмес, бул принцип жана бир канча жолу кайталанган жалганды кабыл албоо. Мен жарыялаган макалага байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу жооп берүүгө даярмын. Качып кеткен жокмун, сатылган жокмун", - деп жазды Ниязова.

Саясий соодалашуу болдубу?

Эркин медиа катары таанылган 24.kg агенттиги буга чейин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиевдики экени айтылып келген. Оторбаева муну төгүндөп жүргөн.

Бакчиев өзү былтыр октябрда камакка алынган. УКМК ага карата козголгон кылмыш ишинин чоо-чайы тууралуу кеңири маалымат берген эмес. Биринчи Май райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

56 жаштагы Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан декабрь айына чейин башкарган.

Ал 15-мартта агенттик кайра каттоодон өткөн күнү саламаттыгына байланыштуу деген негизде эч жакка чыкпоо тилкаты менен атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайынан чыгарылган. Мындан улам 24.kg агенттигинин айланасындагы окуялар саясий соодалашуу тууралуу талкууларга жем таштады.


Медиа талдоочу Аскер Сакыбаеванын баамында, агенттиктин ээси коомчулукка азырынча белгисиз жагдайлардан улам алмашкан болушу мүмкүн.

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

"24.kg агенттиги январь айынан бери чоң басымдын астында иштеп жаткан. Баарыбыз эле соңку кабарды угуп, журналист журтчулугунда таң калгандар таң калып, таң калбагандар окуя эмнеге ушундай болуп өнүккөнүн болжол менен баамдап отурат. Мыйзам иштеген өлкөдө ушунун баары укук талаасында чечилиши керек эле. Эгер кылмыш иши козголсо, адилет тергелип, адилет чечим чыгышы керек болчу. Агенттик кеңсесин ачып кирип, кадимкидей иштеши керек эле. Агенттиктин кожоюнунун алмашканын бир чети рейдердик баскынчылык деп атаса болот, экинчи жактан, балким, мажбурлап саттыруу, алып коюу болушу мүмкүн. Ал жакта иштеген жетекчилерди ушундай мажбурлаган жагдайга алып келишти го деп ойлойм. Кандайдыр бир соодалашуу болгондур. Башка биз билбеген жагдайлар бардыр. Агенттиктин жетекчилери ошонун баарын калчап, тең салмактап жатып ушундай чечимге келишкендир. Бийликтин маалымат каражаттарын ар кандай жолдор менен кысымга алганынын келечеги жакшы болбойт. Кыргызстанда саналуу гана эркин маалымат каражаттары бар. Алардын дагы бирге азайып жатканы жакшы эмес. Эгер акыбал азыркыдай кете берсе, калгандары деле жакшылык күтө албайт", - деди Сакыбаева.

24.kg агенттигине козголгон кылмыш иши, сурак

Январь айында 24.kg агенттигине Улуттук коопсуздук комитети "согушту пропагандалоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканы белгилүү болгон. Аталган сайттын ошол маалдагы жетекчиси Асел Оторбаева, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымар 15-январда сурак берген. Анын алдында кеңсеси тинтилип, мөөр басылып жабылган.

Өткөн айдын аягында Бишкек шаардык соту 24.kg агенттигинин кеңсесине кирип, ишин улантуу боюнча апелляциялык арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, кеңсени ачууга уруксат берген эмес.

Буга чейин Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Журналист Семетей Аманбековдун пикиринде, соңку окуя жалпы эркин медианын абалына таасирин тийгизет:

Семетей Аманбеков.
Семетей Аманбеков.

"Биринчи эле рейдерлик басып алуу болдубу деген ой кеткен. Бирок эки күндөн бери агенттиктин жетекчилери унчукпай жатат. Өз эрки менен сатылып кетсе керек. Бирок ага кылмыш ишинин козголушу, кеңсесинин тинтилиши, мөөр басылып жабылышы. техникаларынын камакка алынганы дагы буга, албетте, түрткү болду. Кыргызстанда дагы бир көз карандысыз ЖМК азайды, бул абдан өкүнүчтүү. Эркин журналистиканы басырлоо тенденциясы уланып жатканын белгиси. Менимче, азыркы бийлик эркин журналистиканын ролун толук түшүнбөй жатат. Алардын пикиринде, көз карандысыз журналистика жалаң сын, негатив жазып жатат. Алар эркин журналисттер зыянын тийгизет деп ойлошот. Бирок чынында андай эмес. Алар кайсы бир нерсени иликтегенде мамлекетте, коомдогу көйгөйлөрдү алып чыгышат. Ушул жактан алып караганда, журналисттер - бийликтин же режимдин эмес, мамлекеттин, элдин эң биринчи жардамчылары. Мурдагы президенттер деле "биз эркин журналистиканы басмырлап, элдин үнүн укпай калыптырбыз, мамлекеттеги көйгөйлөрдү көрбөй калыптырбыз" деп айтып жатышпайбы. Журналисттер - элдин көзү, кулагы. Эгер көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары жабылса, анда интернет айдыңында фейктер, троллдор, жалган маалыматтар көбөйөт. Бул мамлекеттин маалымат саясатынын коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет".

"Сөз эркиндигине кысым"

Талдоочу Адил Турдукулов 20 жылга жакын тарыхы бар агенттиктин айланасындагы окуяларды сөз эркиндигине кысым катары сыпаттады:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Агенттиктин жетекчилеринин суракка чакырылганы, Бакчиевдин үй камагына чыгышы, азыр эми ээси алмашып, агенттиктин сатылып кеткени же сатып жиберүүгө мажбурланганы бирдиктүү план болгон жана ал ишке ашты деп ойлойм. Чынында бул өтө өкүнүчтүү факт, окуя. 24.kg, "Кактус медиа", "Клоп" өңдүү сайттар Кыргызстанда болуп жаткан окуяларда ар тараптан, объективдүү чагылдырып келген. Мындай ресурстардын азайышы сөзсүз түрдө сөз эркиндигинин абалына таасир этет, биздин маалымат алуу укугубуз да чектелет. Бул агенттик 18 жылдан бери иштеп келе жатат. Көз карандысыз медианын түзүлүп, бутуна туруп иштеп кетиши оңой эмес. Өзүн өзү багып жаткан медианы бийлик тескерисинче кастарлап карап, иштешине өзү кызыкдар болушу керек эле. Бул окуя башка эркин медиаларга дагы бир чоң ишарат болду го деп эсептейм. Таң калычтуусу. 24.kg ар тараптуу маалымат берип, бийликтин дагы оюн билдирип келген. Азыр бейтарап маалымат каражаттарына дагы басым болуп жатканы өкүнүчтүү. Эми бул агенттиктин саясаты "Вечерний Бишкек" сымал өзгөрүп кетпесе экен деген эле ой. Жалаң гана бийликтин камчысын чапкан медиа сөзсүз түрдө аудиториясын жоготот. Бийликтин гана кызыкчылыгын көздөгөн медиа эч убакта популярдуу болбойт, жоголуп дагы кетиши мүмкүн".

Азыркы бийлик сөз эркиндигине, көз карандысыз медиага карата жасалган басым-кысым тууралуу дооматтарды четке кагып келет.


Президент Садыр Жапаров 7-мартта Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолуккан. Жабык жыйынга 40тан ашык адам чакырылып, коомго жана түздөн-түз медиа үчүн маанилүү маселелердин ар кандай өңүттөрү талкууланды. Анда Жапаров өлкө жетекчилиги мамлекеттеги ачык-айкын маалыматтык саясатты камсыз кылуу үчүн ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG