Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Петрович: "Чет элдик өкүл" мыйзамы жарандык эркиндикти чектейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

CIVICUS Monitoring тобу Кыргызстанды жарандык эркиндиктин абалы дыкат байкоого алына турган өлкөлөрдүн катарына кошту. 5-мартта жарыяланган тизмеде Кыргызстандан тышкары Пакистан, Палестина, Сенегал жана Венесуэла да бар.

Бул чечимдин чоо-жайын уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Тара Петрович түшүндүрүп берди.

- CIVICUS Monitoring тобу Кыргызстанды эмне себептен “жакындан көз салынышы керек” деген өлкөлөрдүн тизмесине кошту? Кайсы бир өлкөнүн бул тизмеге кошулушу эмнени билдирет?

- CIVICUS Monitor – бул дүйнө жүзүндөгү жыйырмадан ашуун изилдөө топторунун башын бириктерген платформа. Биз 193 өлкөдөгү жана аймактардагы жарандык мейкиндикке, сөз эркиндигине, адамдарын тынч жыйындарга чогулуу жана бирикмелерге мүчө болуу эркиндигине көз салып турабыз.

Туруктуу мониторингден тышкары жыл сайын ар бир өлкөнүн упайын же рейтингин түзөбүз. Жарандык мейкиндиги “толук эркин” дегенден тарта “жабык” деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктайбыз.

Маал-маалы менен дыкат байкоого алына турган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялап турабыз. Адатта бул тизмеге жарандык эркиндиктин абалы чукул начарлаган, терс тенденциялар байкалган жана кырдаал ого бетер начарлай турган өлкөлөрдү кошобуз.

Тара Петрович.
Тара Петрович.

Биздин соңку тизмебиз Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 55-сессиясы өтүп жаткан учурда жарыяланды.

Биз бул кеңеш тизмедеги өлкөлөрдө адам укуктарынын андан ары начарлашын алдын алууга көмөктөшө алат деп ишенебиз. Муну менен биз жарандык эркиндиктер чектелип жаткан өлкөлөрдөгү абалга көңүл бурдурууну, кырдаалды жакшыртууга жардамдашууну көздөйбүз.

Бизди Кыргызстандагы “чет элдик өкүл” деп аталган мыйзам долбоору жана “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору тынчсыздандырып жатат. Бул эки документ тең парламентте ар кайсы стадияда талкууланууда. “Чет элдик өкүл” мыйзамы жакын арада кабыл алынганы турат. Бул мыйзам долбоорлору биз коргоону максат кылган жарандык эркиндикти чектеши мүмкүн.

Андан тышкары жакында көз карандысыз маалымат каражаттары бутага алынды. Журналисттер кармалып, медиа каражаттарынын кеңселери тинтүүгө дуушар болуп, жабылды. Ошондой эле биз өз материалдарыбызда “Кемпир-Абад иши” боюнча айыпталгандардын маселесине кайрылдык. Бул маселеге бир катар эл аралык уюмдар да көңүл бурганын билебиз.

- Сиз Кыргызстанда талкуу жараткан эки талаштуу мыйзам долбоору тууралуу айтып кеттиңиз. Бул документтердеги кайсы беренелер сиздерди өзгөчө тынчсыздандырып жатат?

- Бул мыйзам долбоорлору эл аралык уюмдардын жана Кыргызстандын ичиндеги эксперттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сынына кабылып жатат. Биз өлкөнүн сыртында да, ичинде да айтылган тынчсызданууларды эске алып жатабыз. Мындай камтамачылыгын Бириккен Улуттар Уюму да, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да билдирген.

“Чет элдик өкүлдөр” жөнүндө мыйзам долбооруна окшош демилгелер Чыгыш Европадагы жана Кавказдагы негизинен мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө көтөрүлүүдө.

Кыргызстанда учурда талкууланып жаткан мыйзам долбоору Орусиядагы чуулгандуу “чет элдик агент” мыйзамына абдан окшош. Бул мыйзам Орусияда жарандык коом үчүн кыйратуучу кесепеттерге алып келген. Ушуга окшош мыйзам долбоору өткөн жылдын соңунда Босния жана Герцеговинадагы Српска республикасында да сунушталды. Ошондой эле документ Грузияда сунушталып, коомчулуктун кескин айыптоосунан кийин кайра артка чакыртылган.

Биздин оюбузча, мындай мыйзам долбоорлору жарандык коомду жаманатты кылууну көздөйт. Мыйзамга ылайык, чет өлкөдөн каржы алган жарандык уюмдар “чет элдик өкүл” катары каттоодон өтүшү керек болот. “Чет элдик агент” деп аталбаса да, бул жагдай аталган уюмдарга каршы стигмага жол ачат. “Булар душманчыл же туруксуздукту көздөгөн уюмдар” деген жалган ойлордун жаралышына жана чет өлкөдөн каржыланган уюмдарды дискредитациялоого түрткү берет. Мындай жагдай жалпы жарандык коомго терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Мыйзамга ылайык, тиешелүү реестрге катталбаган уюмдар жабылып калуу коркунучуна туш болот. Катталгандан кийин ашкере текшерүүлөргө кабылышы мүмкүн. Орусияда ушундай мыйзам жарандык коомго кедергисин тийгизип, бейөкмөт уюмдардын жапырт жабылышына алып келгенин билебиз.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбооруна келсек, бул документте медиа каражаттарынын аныктамасы өтө кеңири жана так эмес. Мисалы, веб-сайттар, блогдор жана башка интернет ресурстары жалпыга маалымдоо каражаттары деп эсептелип калышы мүмкүн. Натыйжада алар катаал талаптар менен каттоодон өтүшү абзел. Мындай жагдай интернеттеги сөз эркиндигин чектеп коюшу мүмкүн.

Ансыз деле биздин регулярдуу мониторингибиз Кыргызстанда жарандар социалдык тармактардагы сынчыл көз караштары үчүн жоопко тартылып жатканын көрсөтүүдө.

Андан тышкары мыйзам долбоорунда каттоодон өтүү үчүн маалымат каражаттарына катаал талаптар коюлат. Бул жагдай бийликке кайсы бир медианы каттабай коюуга же жаап коюуга кеңири мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле аккредитация алуу талабы да тынчсызданууга себеп болууда.

- CIVICUS Monitor буга чейин Кыргызстандагы жарандык мейкиндикти “тоскоолдукка туш болгон” деген категорияда карап келсе, азыр ага “чектелген же репрессияланган” деген мүнөздөмө берип жатат. Мындай тыянакка түрткү берген жагдайларды да түшүндүрүп бересизби?

- Биз өлкөлөрдөгү жарандык эркиндиктин деңгээлин ар жылдын соңунда аныктап, жылдык баяндамабызды жарыялап турабыз.

2023-жылдын декабрь айында биз бардык өлкөлөрдүн рейтингдерин кайра карап чыкканбыз. Ошондо Кыргызстандын рейтинги “тоскоолдукка туш болгон” деген деңгээлден төмөндөп, “чектелген же репрессияланган” деген мүнөздөмөгө ээ болгон.

Бул рейтингди түзүүдө түрдүү маалымат базалары колдонулат. Өзүбүздүн байкоолорубузга гана эмес, “Чек арасыз кабарчылар” жана “Фридом Хаус” сыяктуу уюмдардын адам укуктарына байланыштуу эл аралык индекстерине да таянабыз. Адам укуктарынын абалына байланыштуу регионалдык же кайсы бир өлкөнү талдаган баяндамаларды, биздин өнөктөштөрдүн маалыматтарын, өзүбүз чогулткан маалыматтарды да карайбыз.

Ал маалыматтын баарын талдап чыгып, сандык упайга айлантабыз. Ошол упайга жараша өлкөлөрдүн рейтингин аныктайбыз.

Так кайсы окуя өлкөнүн рейтингине түрткү бергенин айтуу кыйын. Бирок Кыргызстандын маселесинде сөз эркиндигинин абалы начарлаганы негизги себеп болгонун айта алабыз.

Журналисттердин кармалышы менен коштолгон соңку окуялар биздин рейтингибиз жарыялангандан кийин орун алды. Бирок ошол окуялар деле биз Кыргызстандын рейтингин төмөндөтүп жаткан учурдагы негативдүү тенденция уланып жатканын көрсөтүп турат.

- Ушундай тынчсыздануулар айтылган сайын кыргыз бийлиги өлкө демократиялык багыттан тайбаганын, жарандык коом дале күчтүү экенин, сөз эркиндиги, медиа эркиндиги сакталарын белгилеп келет. Президент Садыр Жапаров баштаган расмий жетекчилер талаш жараткан мыйзам долбоорлорун өлкөнүн коопсуздугу үчүн зарыл документ катары мүнөздөп жүрүшөт. Кыргыз бийлигинин мындай жүйөөлөрүнө эмне деп айтар элеңиз?

- Биздин мониторингдин бир пайдалуу жагы бар. Биз ар кыл өлкөлөрдөгү жарандык эркиндиктин абалын салыштыра алабыз. Абдан чоң маалыматка таянуу менен Кыргызстанда сөз эркиндигине, биримдикке мүчө болуу эркиндигине жана тынч жыйындарга чогулуу укугуна байланыштуу терс тенденция бар экенин так айта алабыз.

Кыргызстандын рейтингинин төмөндөшү менен азыр Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрү жарандык мейкиндиги “чектелген же репрессияланган” деген топко кирди.

Мурда биз топтогон маалыматтар Кыргызстан сөз эркиндиги жана пресса эркиндиги боюнча чөлкөмдө лидер экенин көрсөтүп турчу. Азыр андай эмес.

Мындан тышкары биз жарандык коому эркин жана демократиялуу мамлекеттер менен салыштыра келгенде Кыргызстан дагы көп жолду басышы керек экенин так көрө алабыз.

Редакциядан: CIVICUS – бул жарандык эркиндикти алга сүрөөнү көздөгөн глобалдык альянс. Анын дүйнө жүзүндө 15 миңден ашуун мүчөсү бар. CIVICUS Monitor бул уюмдун бир бөлүгү жана ар бир чөлкөмдөгү кырдаалды талдаган изилдөөчүлөрдүн платформасы.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG