Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

АКШ: "Супершейшембидеги" Трамптын жана Байдендин жеңиши


Дональд Трамп жана Жо Байден
Дональд Трамп жана Жо Байден

АКШда президент Жо Байден менен экс-президент Дональд Трамп ички партиялык шайлоодо жеңди. 15 штатта миллиондогон шайлоочу добуш берген праймеризде Республикалык жана Демократиялык партиялардан президенттикке ким талапкер болору аныкталат. Трамптын жалгыз атаандашы Никки Хейли жарыштан чыкты.

"Супершейшемби" (Super Tuesdaу) деп аталган эки партиянын ички шайлоосу - кийинки төрт жылга Ак үйгө келүү үчүн аттандашкан эки үмүткөрдүн саясий салмагын аныктаган маанилүү сыноо.

Республикалык жана Демократиялык партиялардан президенттикке талапкер болуп аттануу үчүн адегенде партиянын ички жарышында - праймеризде жеңип чыгуу керек. Жайында эки партиянын курултайында талапкерлер расмий жарыяланып, чоң таймашка киришет. АКШда президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда өтөт.

Миннеаполис штатынын 80 жаштагы тургуну Дорин Бенке Трампты президенттик кызматка "эң татыктуу талапкер" деп көрөт. "Ал буга чейин мыкты иштеди. Эми дагы деле ошондой кызмат кылат деп ойлойм. Ал күрөшөт. Бул өлкөнү сактап калууга жардам берет", - деп ишенерин айтты.

Ушул эле штаттын дагы бир тургуну Ребекка Женсен президент Байденге добуш бергенин айтты. "Жо Байден менен Камала Харристи колдодум. Алардын Трампты утуп чыкканы өтө маанилүү. Трамп дагы төрт жылга шайланса өлкөгө кандай каргаша болорун билем жана ага жол бербеш үчүн аракет кылдым".

Трамп Алабамада 70%, Техаста 61%, Калифорнияда 70% добуш топтоп, партиялашы Хейлини ат чабым артта калтырды. Ал жалпысынан 15 штаттын 14дө жеңди.

Экс-президент Флоридадагы резиденциясында туруп, Байдендин экономикалык жана тышкы саясатына, айрыкча Мексика менен чек арадагы кырдаалга басым жасап, аны "тарыхтагы эң начар президент" деп сындады.

«Чынына келгенде биздин өлкө арбайын араң согуп калды. Биз болсо Американы кайрадан улуу өлкөгө айландырабыз. Мурда болуп көрбөгөндөй дөөлөткө айландырабыз», - деди Трамп.

Республикачылардын жалпы курултайында ага АКШнын президенттигине талапкер болуп расмий аттанууга жол ачылды.

Никки Хейли
Никки Хейли

Республикалык партиянын ичинде Трампка жалгыз атаандаш болгон 52 жаштагы Никки Хейли шаршембиде жарыштан чыкканын жарыялады. «Өнөктүктү токтотууга убакыт келди. Мен эч нерседен өкүнбөйм" деди ал. Трамптын администрациясы тушунда АКШнын БУУдагы элчиси, кийин Түштүк Каролина штатынын губернатору болгон Хейли өз тарапкерлерин шайлоодо экс-президентке добуш берүүгө үндөгөн жок.

Байден арсар болуп тургандардын добушун ала алабы?

"Супершейшембиде" президент Жо Байден бардык штаттарда ишенимдүү жеңди. Демократиялык партияда анын олуттуу атаандашы жок. Демократтар жалпы курултайда Байденди президенттикке көрсөтөрү белгилүү.

Ал америкалыктарды демократияны, эркиндиктерди коргоого чакырып, добуш берүүнүн жыйынтыгы алдыда жооптуу тандоо турганын көрсөтөрүн айтты. «Алдыга илгерилейбизби же Дональд Трампка анын кызмат мөөнөтүндөгүдөй хаоско, бөлүнүп-жарылууга жана караңгылыкка кайра түрткөнгө жол беребизби» - деди Байден.

Эксперттер Байдендин Газа тилкесиндеги согушта Израилди колдогонуна протест иретинде Миннесота штатында канча шайлоочу "арсар болуп" турганынын көрсөткүчүнө көңүл буруп жатат.

Өткөн аптада Мичиганда Демократиялык партиянын праймеризине катышкандардын 13% бюллетенге "эч бир талапкерди" колдобой турганын белгилеген. Бул штатта араб тектүү америкалыктар көп жашайт.

АКШдагы коомдук пикирди сурамжылоо 81 жаштагы Байден менен 77деги Трамптын шайлоо алдындагы рейтинги төмөн экенин көрсөтөт. Эдисон экзит-пол белгилегендей, бир нече штаттын тургундарын түйшөлткөн эң орчундуу проблемалар - иммиграция жана экономика.

Байден болобу же Трамп болобу, бири-бирин кескин сындап, атаандашы утуп келсе америкалыктардын башына кандай каран түн түшөрүн айтып коркутууда.

Ошентип, бул жолку "супершейшембиде" мурунку шайлоо өнөктүктөрүнөн айырмаланып, эки партиянын ичинен ким талапкер болуп аттанары эрте эле билинип калган. Быйыл 5-ноябрда өтчү шайлоо Трамп үчүн 2020-жылы Байденден утулгандан кийинки матч-реванш болмокчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG