Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:34

АКШнын Жогорку соту Трампка президенттик шайлоого катышууга уруксат берди


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын Жогорку Соту Колорадо сотунун Дональд Трампка президенттик шайлоого катышууга тыюу салган чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу CNN билдирди.

Жогорку соттун судьялары мурдагы президентке АКШ Конституциясынын 14-түзөтүүсүн колдонууга болбойт деген чечимди бир добуштан колдошту. Бул мыйзамда “козголоңчулар” бийликте иштей албай турганы айтылат. 2021-жылдын 6-январында мурдагы президенттин тарапкерлери АКШ Конгрессине чабуул койгондон кийин Трамп "козголоң чыгарган" деп айыпталган.

Жогорку Сот жарандарды президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесинен АКШ Конгресси гана чыгара алат жана штаттардын буга конституциялык ыйгарым укуктары жетпейт деген чечим чыгарды.

Сот 22-апрелде Дональд Трамптын иммунитети боюнча соттук угуу өткөрүүгө да макул болду.

Трамп Жогорку Соттун чечимине комментарий берип жатып: "Бул Америка үчүн чоң жеңиш", - деди.

Трамп буга чейинки праймериздердин баарында жеңишке жетип келет. Эксперттер "супер шейшемби" деп аталган 5-марттагы дароо 16 жерде өтө турган добуш берүүдө да ал ийгиликке жетет деп боолгоп турушат.

Көпчүлүк сурамжылоолорго ылайык Дональд Трамп 2020-жылдагы шайлоодо утулуп калган азыркы президент Жо Байденден бир аз алдыда.

АКШда президенттикке талапкер шайлоого дароо эле катыша албайт. Ар бир партиянын ичинде да ошол саясий уюмдун атынан талапкер болуш үчүн өз партиялаштарын ички шайлоолордо утуп чыгышы керек.

АКШдагы ар бир төрт жылда өтүүчү президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда болот. Ага адаттагыдай эле демократтар жана республикачылар партиясынан бирден талапкер чыкмакчы. Күрөш АКШнын 45-президенти Дональд Трамп менен азыркы президент Жо Байдендин ортосунда жүрөрү болжолдонууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG