Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Навальныйга жаңы кылмыш иши козголду


 Алексей Навальный. 2020-жыл.
Алексей Навальный. 2020-жыл.

Орусияда Кремлдин башкы сынчысы Алексей Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголду. Эгер сот аларды күнөөлүү деп тапса, кеминде эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Орусиянын Тергөө комитети 28-сентябрда билдиргендей, Алексей Навальный 2014-жылы "Орусиядагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүү үчүн экстремисттик түйүн түзгөн жана аны башкарган" деп айыпталууда. Ал эми анын өнөктөштөрү Леонид Волков менен Иван Ждановго "экстремисттик түйүндүн ишин жүргүзгөн", Любовь Соболь, Вячеслав Гимади, Руслан Шаведдинов сыяктуу дагы бир нече активистке "бул уюмга мүчө болгон" деген кине тагылууда.

Тергөө комитетинин билдирүүсүндө Навальный жана анын өнөктөштөрү "кылмыштуу ишмердикти алга сүрөө үчүн" социалдык тармактарда бир нече баракчаларды жана "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" сайтын ачканы белгиленген.

Иван Жданов, Любовь Соболь жана Алексей Навальный. Архив.
Иван Жданов, Любовь Соболь жана Алексей Навальный. Архив.

Эгер сот аларды күнөөлүү деп тапса, Навальный, Волков жана Жданов 10 жылга, калган айыпталуучулар 2 жылдан 6 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Чет өлкөгө чыгып кеткен Навальныйдын үзөңгүлөшү Иван Жданов сот чечимин саясий өңүттө чыкты деп сыпаттады.

"Негизги кысым биздин маалымат тармагыбызга жасалып жатат. Гугл менен Эпплга биздин каналдарыбызды жабуу үчүн кысым көрсөтүлүшү мүмкүн" деп жазды Жданов.

Иван Жданов - Навальный түптөгөн Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору болчу. Орус бийлиги бул фондду жакында "экстремисттик уюм" деп таап, ишмердигине тыюу салган. Анын өзүнө быйыл июнда эл аралык издөө жарыяланган.

Иван Жданов.
Иван Жданов.

Кремл болсо бардык айыптоолорду четке кагып келет.

Ал эми тергөө комитетинин чечими боюнча, экстремисттик уюмдун мыйзамсыз иштери, тактап айтканда, бийликти жана алардын саясатына жалаа жабуу, аймактардагы кырдаалды туруксуздаштырууга жана эл арасында нааразылык маанайды жаратууга багытталган. Тергөө ошондой эле Навальныйдын жеке YouTube каналын "тыюу салынган маалыматты жайылтуунун бир булагы" деп тапкан.

Ал арада түрмөдө отурган Навальный көптөгөн тарапташтарын парламенттик шайлоодо бийликчил "Бирдиктүү Орусия" партиясына каршы добуш берүүгө чакырган. Добуш берүүнү утурлай саясатчы Инстаграмга жазган билдирүүсүндө "Эгер "Бирдиктүү Орусия" партиясы ийгиликке жетсе, биздин мамлекет дагы беш жыл жакырчылыктан чыкпайт, дагы беш жыл куугунтуктоо уланат жана дагы беш жыл жөн гана текке кетет" деген эле.

"Бирдиктүү Орусия" Мамдумада эң көп мандатка ээ болду, шайлоо тилкелеринде бурмалоолор жана мыйзам бузуулар арбын катталганы маалым болду.

Ал эми Навальныйдын айрым жактоочулары шайлоодон кийин оппозицияга каршы кысым басаңдайт деп үмүттөнүшкөн. Бирок комитеттин жаңы чечими бул үмүттү жокко чыгаргандай болду.

Үмүтү үзүлгөндөрдүн арасында оппозициячыл саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш да бар. Ал Твиттерге "тазалануу керектигин" жазды

"Шайлоодон кийин кысым азаябы деген сөз болду эле. Мына жообун алдыңыздар. Шайлоодон бир жума өткөндөн кийин эле Навальный, Волков, Жданов, Соболь, Альбуров, Шаведдиновго каршы жаңы кылмыш иши козголду. Электрондук добуш берүү менен курсак тойбойт, баарын түбүнөн тазалаш керек", - деп жазды Ярмыш.

Навальныйдын жактоочулары бул кылмыш иштерин Кремлдин Путинди сындаган оппозиционерден өч алуу аракети катары сыпаттап келишет. Бир катар абройлуу эл аралык уюмдар Навальныйды саясий туткун деп тааныган. Amnesty International уюму оппозициячыл саясатчыны абийир туткуну деп атаган.

14-сентябрда Европа парламентиндеги "Европаны жаңылоо" тобу Навальныйды Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөттү. Европанын депутаттары «Навальный - Путинди коркуткан адам» деп мүнөздөмө беришкен.

АКШнын Нью -Йорк шаарында Bellingcat жана CNN телекомпаниясынын Алексей Навальныйдын Сибирде ууландырылганы боюнча журналисттик иликтөөсү абройлуу Эмми сыйлыгына татыды.

Оппозициячыл саясатчы былтыр августта ууландырылгандан кийин Германияда дарыланып, быйыл январда Орусияга кайтып келгенде камакка алынган. Ага жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деген айып тагылып, дээрлик үч жылга кесилген.

Ушул тапта Навальный Владимир облусундагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

Орус элин ойготкон Навальный
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:23 0:00

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG