Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Бишкек сүйлөшүүсү: Борбор Азия "Талибан" менен тил табыштыбы?


Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу. 14-февраль, 2024. Бишкек
Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу. 14-февраль, 2024. Бишкек

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Европа Биримдигинин атайын өкүлдөрү Ооганстандагы кырдаалды талкуулоо үчүн Бишкекке биринчи жолу чогулушту. Анда "Талибан" башкарып жаткан Ооганстандагы гуманитардык кырдаал, маңзат бизнесине жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча эксперттик пикир алышуу болду.

Айрым жергиликтүү талдоочулар Батыш Борбор Азия аркылуу Ооганстандагы талылуу маселелерди чечүүгө аракет кылууда деп эсептешет. Апта башында "Хьюман Райтс Уотч" уюму чет элдик жардамдын кескин азайышы Ооганстандын саламаттыкты сактоо системасына катуу залакасын тийгизгенин, “чала тамактангандар, медициналык жардамдын жетишсиздигинен келип чыккан оорулар” көбөйгөнүн эскерткен.

Эл аралык коомчулук Ооганстандагы абалга кайдыгер эмес

Бишкектеги жыйынга катышуу үчүн Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала жана Ооганстан боюнча өкүлү Томас Никлассон Кыргызстанга иш сапарга 13-февралда келген. Тышкы иштер министрлиги жолугушуу тууралуу кыска гана маалымат таратты. Ага БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Ооганстанга жардам берүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева катышты.

"Катышуучулар Ооганстандагы учурдагы абалды жана Дохадагы экинчи эл аралык жыйындын алдында БУУ баштаган процессти талкуулашты. Ошондой эле Улуттар уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Кабулда жайгашкан Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен онлайн пикир алмашуу болду", - деп айтылат тышкы саясий мекеменин маалыматында.

Расмий маалыматта Бишкектеги жыйынга “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү катышканы же катышпаганы айтылган эмес.

Бул ушундай форматта өткөн 5-жолугушуу. Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жолугушуусу Алматыда (2021-жыл, май), Ташкентте (2021-жылы, ноябрь), Брюсселде (2023-жыл, январь) жана соңкусу өткөн жылы майда Ашхабадда өткөн.

Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын чабарманы Томас Никлассон “Азаттыкка” маек куруп, Бишкектеги “бейформал жыйында” Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу пикир алмашуу болгонун айтты. Ал бул сүйлөшүүлөр Ооганстандагы абалга арналган Дохадагы эл аралык конференциянын (18-19-февраль) алдында уюштурулганын баса белгилеп, Борбор Азия да, Евробиримдик да Ооганстандын “де-факто” жетекчилери утур-утур байланышып жатканын, ооган элине жардам көрсөтүү зарылдыгын айтты:

“Мен өткөн аптада Ооганстанга барып, бир катар сүйлөшүүлөр менен катар де-факто бийликтин өкүлдөрү менен жолуктум. Биз бүгүн ушул маселени да сүйлөштүк. Ооганстан менен байланышта болушубуз керек. Ооган элине колдоо көрсөтүүнү улантышыбыз зарыл. Ошол эле учурдагы абалыбыздан дагы алдыга жылышыбызга тоскоолдук жараткан жагдайлар бар. Андай кыйынчылыктардын тизмеси көпчүлүккө белгилүү. Коопсуздукка жана экономикага байланыштуу тынчсыздануулар бар. Ошол эле кезде региондогу көп өлкөлөр мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турат жана алар Ооганстандын Борбор Азиядагы кызматташтыктын бир бөлүгү болушун каалашат. Мындан тышкары адам укуктары жана бардык оогандыктар өз үнүн жеткире алгыдай инклюзивдүү башкаруу системасын түзүүгө байланыштуу да кабатырлануу бар. Бүгүн бул маселелердин баары сүйлөшүүлөр үстөлүнө коюлду. Мен укканымдай, бул маселелердин маанилүүлүгү боюнча орток пикир болду. Айрым учурда алдыңкы пландагы приоритеттерибиз бири-биринен айырмаланып турат. Бирок алдыга жылуу үчүн ушул маселелер чечилиши керек деген жетиштүү деңгээлдеги орток пикир болду.”

"Талибан" кыймылы 2021-жылдын август айында Кабулда бийликти кайрадан басып алган. Эл аралык коомчулук, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттеринин бири дагы талибдер жетектеген өкмөттү расмий тааный элек. Айрым мамлекеттерде "Талибан" кыймылы сот тарабынан экстремисттик деп табылган.

Талибдер менен дипломатиялык алаканы жолго коюу аракети

Буга карабастан чөлкөмдөгү өлкөлөр талиб өкмөтү менен байланышын токтоткон жок. Ал түгүл соңку кабарлар Борбор Азиянын айрым мамлекеттери талибдер менен дипломатиялык алаканы жолго коюуга аракет кылып жатканын ишарат кылууда.

Мисалы жакында Ташкенттеги ооган элчилигинин имараты талиб өкмөтүнө өткөрүлүп берилгени маалым болду. 4-февралдан тарта “Талибан” өкмөтүндөгү тоо-кен жана мунай боюнча министр Маулави Шахабуддина Делаваранын кичүү уулу Маулави Магфурулла Шахаб Өзбекстанда ооган өкмөтүнүн элчисинин милдетин аткарууга киришкенин “Озодлик” радиосу жазды.

Былтыр жыл соңунда Казакстандын бийлиги “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарган чечим кабыл алган. Казак өкмөтү да мурунку ооган өкмөтүнүн Астанадагы элчилигин талиб дипломаттарына өткөрүп берери кабарланган.

"Талибан" бийликке келгенден кийин аялдардын укугу чектелип, кыздардын билим алуусуна тыюу салынды. Аялдар коомдук жайларга, спорт залдарга бара албай калды жана такай чүмкөнүп жүрүүгө милдеттүү болду. Буга байланыштуу Батыш мамлекеттери Ооганстанга багытталган жардамдын баарын токтотуп койгон. Андан тышкары Кабулга эл аралык санкциялар салынган.

Эксперттердин белгилешинче, гуманитардык кризис, маңзат соодасы, коопсуздук маселелеринен улам "Талибан" менен эсептешүү зарыл экенин түшүнүп, экономикалык жактан алака курууга аракеттенип жатышат.

Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Чынара Эсенгул Борбор Азия өлкөлөрүнүн "Талибан" кыймылын расмий тааныбай, аларга карата позициялары ар түрдүү болгон менен кийинки учурда мындай мамиле жумшарып баратат деп эсептейт.

Чынара Эсенгул.
Чынара Эсенгул.

"Талибдер бийликке келгенден баштап Борбор Азиянын позициясы дагы ар кандай болду. Табияты бир болсо дагы Тажикстан такыр эле карама-каршы позицияда болуп, биз бул бийликти тааный албайбыз, бул инклюзивдүү, бүт жашаган элдердин кызыкчылыгын көрсөткөн бийлик эмес. Буларды террорист катары кабыл алабыз дегендей позицияда болчу. Азыр орустар, башка Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан деле президенттин кеңешчиси болуп жүргөн саясатчыларды жиберип, бейформал түрдө талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Талибдер бийликке келгенден баштап эле мындай сүйлөшүүлөрдү Казакстан, өзгөчө Өзбекстан дагы жүргүзүп келет. Жакында эле орустар менен кытайлар талибдерди расмий бийлик катары таанышыбыз керек деп, акырындап жибип келатат. Муну менен талибдерди бийлик катары кабыл алып, ооган элине, жалпы өнүгүүсүнө жардам берели деп жатат. Бирок толугу менен Борбор Азия, анын ичинде Тажикстан дагы ушундай позицияда турат дегенден алысмын. Бирок акырындап тажиктерди ынандырып келатат".

Талдоочунун пикиринде, Батыш орус-украин согушунун фонунда Ооганстанга Борбор Азия аркылуу таасир этүүгө аракет кылууда.

"Ооганстан дагы тарыхый, маданий жактан силердин бир бөлүгүңөр, ошондуктан тарыхый ролуңарды аткаргыла дегендей Борбор Азияны ынандырып, ошол аркылуу бул өлкөнү өнүктүрүүгө аракет кылып жатат. Анткени АКШ бул өлкөдө 20 жыл жүрүп, кыялдандырып, үмүт берген элди тез эле таштап кетип калды. Ошондуктан Батыштын аброю бир аз түшүп калды. АКШ өзү кире албаса дагы Европа Биримдиги аркылуу иштегенге аракет кылып жатат. Биримдиктин чоң-чоң саясатчыларынын келишинин себеби дагы ошол. Борбор Азия мамлекеттери менен өзүнчө дагы, жалпы дагы сүйлөшүп ынандырганга аракет кылууда. Биз силерге ушундай жардам беребиз, анын ушунча бөлүгү Ооганстанга кетиш керек, ал маанилүү дегендей формула иштегени жатат".

Ооганстандагы гуманитардык кризис

Апта башында Хьюман Райтс Уотч уюму (HRW) жаңы баяндамасын жарыялап, Ооганстанга берилип келген чет элдик жардамдын кескин азайышы өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасына катуу залакасын тийгизгенин, “чала тамактангандар, медициналык жардамдын жетишсиздигинен келип чыккан оорулар” көбөйгөнүн билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде 40 миллион калктын 15 миллиону азык-түлүк жардамына муктаж. Алардын үч миллиону - эптеп күн көрүп жаткандар.

Чынара Эсенгул Борбор Азия, өзгөчө Ооганстанга кошуна өлкөлөр мындай абалда жардам берүү эмес, коргонуу моделин карманып, гуманитардык кризисти коркунуч катары кабыл алууда деп эсептейт.

Кыргызстан Ооганстанда туруктуулук жана тынчтыктын болушун аймактык коопсуздук үчүн артыкчылыктуу багыт катары эсептейт.

2023-жылдын 20-сентябрында президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөгөндө ооган элине ар тараптуу гуманитардык жардам көрсөтүү чакырып, эл аралык коомчулукка кайрылуу жасаган. Чолпон-Атада июнь айында өткөн "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы саммитте ооган аялдарынын укуктарынын чектелишине тынчсыздануусун билдирген.

“Биз Ооганстандагы аялдардын билим алууга жана иштөөгө болгон укуктарынын чектелишине байланыштуу дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусун тең бөлүшөбүз. Ооганстандагы азыркы де-факто бийлик органдарынын өкүлдөрү менен эки тараптуу байланыштардын жүрүшүндө жана эл аралык аянтчалардагы иш-чараларга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасы ооган аялдарынын ислам дининин жана шарияттын түшүнүктөрүнүн негизинде билим алуу жана ишке орношуу укуктарын белгилейт. Мындан улам, бул маселени чечүүгө ашыкча басым жасабастан, ошол эле маалда Ооганстандын жаңы бийлиги менен ынандыруу жана конструктивдүү диалог аркылуу мамиле кылууну зарыл деп эсептейбиз”, - деген Жапаров.

Былтыр Кыргызстан ансыз дагы каржалып турган оогандыктарга жер титирөөдөн кийин бир нече жолу дарыгерлердин тобун, дары-дармек, тамак-аш, кийим-кече жана биринчи керектелүүчү товарлардан турган гуманитардык жардам жөнөткөн.

Коопсуздук маселелери боюнча талдоочу Орозбек Молдалиев Ооганстанды баңгизат соодасына байланыштуу айыптаган менен ага альтернативдүү жолдор сунушталбай жатканын белгилөөдө.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

"Ооганстандын көйгөйү - өтө чоң мамлекет. Биринчиден, муну эч бир мамлекет тааныбагандыктан көп маселелерди чечүүгө өздөрүнүн дагы мүмкүнчүлүгү жок, башкалардыкы чектелүү болуп жатат. Батыш мамлекеттери, Борбор Азия деле жардам бергенди адам укуктарына байлап жатат. Аялдардын укуктары чектелип жатат, башка кысымдар болуп жатат, "Талибан" бизге берген убадасын аткарбай жатат деген негизде Ооганстандын активдери жиберилбей, банк эсептери ачылбай эл кыйналууда. Экинчиден, Ооганстанды баңгизат менен аракеттенет деп күнөөлөп жатабыз, бирок алардын мындан башка кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин изилдеген киши жок. Америкалыктар 2001-жылдан кийин көп жыл турушту, ошол кезде апийимге альтернативдүү өсүмдүк жок экен деп, шафран өстүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп башташкан. Бирок андан түшүм алыш үчүн 5-6 жыл керек болот. "Талибан" деле аракет кылып, Амударыядан канал казып, жерлерди өздөштүрөбүз деп жатат. Ага Өзбекстан менен Түркмөнстан суу азаят деп тынчсыздануусун билдирүүдө. Биз болсо "Талибан" бийлигин тааныбаган менен мамиле түзүп, барып, жолугушуп, гуманитардык жардам жеткире коюп жатабыз. Бирок элдин өзүнө иштегенге мүмкүнчүлүк бермейинче алардын оңолуп кетиши кыйын. Ислам мамлекетин курабыз деген мамлекеттерди силер светтик режимдегидей мүмкүнчүлүк бергиле деген менен ал ишке ашыралыбы, жокпу бул чоң маселе да. Жардамдын деле кереги жок, эптеп жашайбыз деп коюшу деле мүмкүн. Бул жерде комплекстүү иш-аракеттерди көрүп, өтө жакыр жашагандарга жардам берүүнүн жолдорун караш керек. Ал эми кыз-келиндер өз өзүнчө окуусуна мүмкүнчүлүк болсун дегендей талап койсо, бул дагы альтернативдүү сунуш болот", - деди Молдалиев.

Буга чейин БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Ооганстанга жардам берүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева "Азаттыкка" курган маегинде, Ооганстандагы азыркы абал, гуманитардык кризисти чечүү аракеттери жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнө таасири тууралуу айткан.

"Ооганстан дегенде эле баары талкаланган, эч нерсеси жок деп ойлобош керек. Мисалы, мен барганда алты-жети аэропортту көрдүм. Алардын коомунда байлар менен карапайым жакыр элдин ортосундагы айырмачылыктар асман менен жердей. Элет жериндеги турмуш өтө жупуну. Мен Хост деген жерине бардым (Пактика провинциясы). Ал жерде эки-үч жыл мурун жер титирөө болгон. Таш, чопо менен эптеп курулган кепелер көп экен. Бирок булардын жетишкендиктери да бар. Соода жагынан Ооганстан бир жагы Иран, бир жагы Пакистан, Орто Азия өлкөлөрү менен алакасын чыңдап жатат, Индия болсо жапжакын. Булар соодага абдан чыйрак, ишкердик жагынан мыкты экен. Согуш бүткөндөн кийин, жаманбы-жакшыбы, экономикасы турукташып жатат. Муну көп өлкөлөр жактырбайт, уккусу да келбейт. Бирок чындыгында экономикасында жылыш бар, биз күбө болуп жатабыз. Дүйнөлүк банктын көрсөткүчтөрү муну тастыктап жатат", - деген.

40 миллиондой калкы бар мусулман мамлекетиндте активисттер жана укук коргоочулар бийликтеги "Талибан" кыймылын "гендердик апартеидге" айыптап келишет. Анткени талибдер аялдардын баскан-турганына, кийим-кечесине чейин кийлигишип, атүгүл Бириккен Улуттар Уюмунун жергиликтүү кеңселеринде иштөөгө тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG