Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

БУУ Ооганстандан кетүү маселесин караштырууда


Оогандык кыз-келиндер. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Оогандык кыз-келиндер. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанда калуу же калбоо маселесин караштырып жатат. Буга “Талибан” бийлигинин кыз-келиндерди аталган уюмда иштөөсүнө тыюу салышы себеп болду.

Баш катчынын атайын өкүлү, миссиянын жетекчиси Роза Отунбаева 5-майга чейин маселени карап чыгуу жараянын баштады.

"Иренжитүүчү тандоо"

БУУ Ооганстанда талибдер бийликке келгени кыз-келиндердин жагдайы оорлошуп баратканына тынчсызданып келет.

“Талибдер уюмду өлкөдө калып, ооган элине жардам берүү жана биз коргоого милдеттүү нормалар менен принциптерди сактоо маселесинин ортосунда “иренжитүүчү тандоо" жасоого аргасыз кылууда”, - деп белгиледи Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясы (UNAMA) 11-апрелде.

AFP агенттиги БУУ Ооганстандагы миссиясынын ишин убактылуу токтотууну кыйытып жатканын боолголойт.

Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылы бир нече күн мурун “жергиликтүү аялдар эл аралык уюмдун кеңселеринде иштей албайт” деп эскерткен. БУУ оогандык аял кызматкерлеринин иштөөсүнө салынган тыюуну "кабыл алынгыс, кыз-келиндердин укуктарын одоно бузган чечим" деп сыпаттаган. Талибдер бул тыюуга байланыштуу комментарий жасаган жок.

Уюмдун Ооганстандагы кеңселеринде 400дөй жергиликтүү аял иштейт.

БУУнун билдирүүсүндө аял кызматкерлерсиз уюм "кыз-келиндер менен натыйжалуу иш алып бара албасы, 28 миллиондой киши Ооганстанда жашоо үчүн жардамга муктаж экени, бул кадам адам өлүмүнө алып келери" белгиленген.

Ооганстандык аял балдарын көтөрүп баратат. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Ооганстандык аял балдарын көтөрүп баратат. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

БУУнун Азык-түлүк программасынын быйыл январдагы баяндамасында 7 миллион наристе энеси менен жеткен жакырчылыкта күн көрүп жатканы айтылган. 40 миллионго чукул эли бар өлкөдө гуманитардык кризисти токтотууга каражат жок. Улуттар Уюмунун агенттиктери оогандарга тамак-аш таратып, билим берүү, медициналык жардам, анын ичинде жылуулук тармагына, жылуу кийим-кече алганга акча берип келди.

"Залакасы келечекте да сезилет"

Ооганстан расмий түрдө 1946-жылы 19-ноябрда БУУга мүчө болгон. Уюмдун сайтындагы маалыматта Ооганстан эң алгачкы мүчөлөрдүн бири катары көп түрдүү жана уникалдуу маданияты аркылуу БУУнун ишине салым кошкону белгиленген.

Дүйнөлүк уюм Ооганстанда гуманитардык багытта миллиарддаган долларлык жумуштарды жасаган. Азык-түлүк коопсуздугу, билим берүү, гендердик теңчилик, саламаттык багытында өкмөткө колдоо көрсөткөн.

2021-жылы жайында бийликке кайтып келери менен радикал исламчыл "Талибан" бийлиги ооган кыз-келиндеринин укуктарын катуу чектөөгө киришип, мектепте окуусуна жана жогорку билим алуусуна тыюу салган. Чечимди эл аралык коомчулук катуу айыптаган. Интернет булактарында ооган кыздары кыял-максаттары жазылган кагаздарды өрттөгөнү, муну менен алар келечектен үмүтүн үзгөнүн көрсөткөнү тартылган видеолор тараган.

Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде ондогон жыл согуштан жабыркаган өлкөдөгү абал тууралуу былтыр 20-декабрда баяндама жасаган.

Ал эл аралык коомчулуктан алдында сүйлөгөндө: "Бул чечимди оогандар, жадакалса талиб жетекчилиги арасында да жактырбагандар бар. Аны бүтүндөй мусулман дүйнөсү сындады. Чечим “Талибандын” эл аралык коомчулук менен мамилесине көлөкө түшүрдү. Буга карабай ал күчүндө кала берүүдө, анын залакасы келечекте да сезиле бермекчи", – деген.

Отунбаева саясий жана адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө диалогду колдоо зарылдыгын да айткан.

Базар аралап жүк көтөрүп бараткан оогандык аял жана кичинекей кыз.
Базар аралап жүк көтөрүп бараткан оогандык аял жана кичинекей кыз.

"Талибан" кыймылынын бийликке келиши менен ансыз да согуштан жабыркаган Ооганстанда экономикалык кырдаал ого бетер начарлады, гуманитардык кризис каптаган.

Былтыр декабрда "Талибан" кыймылы бейөкмөт уюмдарда аялдардын иштешине тыюу салгандан кийин бир катар эл аралык уюмдар өлкөдөгү ишмердигин токтото баштаган. Талибдердин жаңы эрежеси миллиондогон адам бейөкмөт уюмдар аркылуу эл аралык донорлордон келген гуманитардык жардамга көз каранды болуп турган учурга туш келген.

"Талибан" кыймылы Кыргызстанда "экстремисттик" деп табылып, сот анын ишмердигине 2006-жылы тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG