Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

"Талибан" бийлигине эки жыл: кыздар мектепке бара албайт


Кыздардын мектепке баруусуна уруксат берүүнү талап кылган митинг. Кабул, Ооганстан.
Кыздардын мектепке баруусуна уруксат берүүнү талап кылган митинг. Кабул, Ооганстан.

Ооганстанда талибдердин бийликке келгенине 15-августта туура эки жыл болду. Бул убакыт аралыгында кыз-келиндердин укуктары болуп көрбөгөндөй чектелди. Калктын басымдуу бөлүгү ачка.

Борбор Азия мамлекеттеринин бири да талибдердин бийлигин расмий тааныбаганы менен, эксперттердин пикиринде алар "Талибан" менен эсептешүү зарыл экенин түшүнүп, экономикалык жактан болсо да алака курууга аракеттенип жатышат.

Кыздарга мектепке барууга тыюу салган жалгыз өлкө

Башталгыч мектепти ачык асман алдында окуган ооган кыздар. Нангархар провинциясы. 14-май, 2023-жыл
Башталгыч мектепти ачык асман алдында окуган ооган кыздар. Нангархар провинциясы. 14-май, 2023-жыл

15-август Ооганстанда эс алуу күнү катары жарыяланган. Бул күнү баш калаа Кабулда майрамдык иш-чаралар, саясий жыйындар өтөт. Бирок бул күн Ооганстандагы миллиондогон кыз-келиндер үчүн майрам эмес. Кыздар эки жылдан бери мектепке бара алышпайт. Ал эми быйыл аялдарга сейил жайларга, спорт залдарга, окуу жайларга барууга, бейөкмөт уюмдарда иштөөгө тыюу салынды.

Талибдер бийликке келгени байистүү саясат жүргүзүүнү, аялдардын укуктарын шарыятка ылайык сактоону убада кылышкан. Чындыгында андай болгон жок.

Human Rights Watch уюмунун аялдар укугу боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Хизер Барр соңку эки жылда ооган аялдарынын жашоосу толук өзгөргөнүн айтат.

"Талибдердин аял укуктарына доо келтирген саясаты жума сайын жаңыланып жатканын көрүп турабыз. Эң соңку чектөөсү өлкө боюнча аялдар салондорунун жабылышы болду", - дейт ал.

Ооганстан - азыр кыздарга мектепке барууга тыюу салынган дүйнөдөгү жалгыз мамлекет. Өлкө ичиндеги тынымсыз нааразылык акциялары, эл аралык коомчулуктун басымы, ислам жаатындагы окумуштуулардын жана аалымдардын чакырыгы талибдерди мектептерди ачууга ынандыра алган жок.

Ооганстанда сулуулук салондорунун жабылышына каршы чыккан аялдар. 19-июль, 2023-жыл. Кабул.
Ооганстанда сулуулук салондорунун жабылышына каршы чыккан аялдар. 19-июль, 2023-жыл. Кабул.

40 миллиондой калкы бар мусулман мамлекетте активисттер жана укук коргоочулар "Талибан" кыймылын "гендердик апартеидге" айыптап келишет. Анткени талибдер аялдардын баскан-турганына, кийим-кечесине чейин кийлигишип, атүгүл Бириккен Улуттар Уюмунун жергиликтүү кеңселеринде иштөөгө тыюу салган.

БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде ондогон жыл согуштан жабыркаган өлкөдөгү абал тууралуу былтыр 20-декабрда баяндама жасаган.

"Бул чечимди оогандар, жадакалса талиб жетекчилиги арасында да жактырбагандар бар. Аны бүтүндөй мусулман дүйнөсү сындады. Чечим “Талибандын” эл аралык коомчулук менен мамилесине көлөкө түшүрдү. Буга карабай ал күчүндө кала берүүдө, анын залакасы келечекте да сезиле бермекчи", – деген ал.

Эксперттердин пикиринде, "Талибандын" көрүнүктүү лидерлеринин баары пакистандык медреселерде окугандыктан, ооган калкына Исламдын эң катаал версиясын таңуулап жатышат.

Кыз-келиндердин укуктарынын тебеленишинен улам эл аралык коомчулук талибдердин бийлигин ушул күнгө чейин тааныбай келет. Буга байланыштуу Батыш мамлекеттери Ооганстанга багытталган жардамдын баарын токтотуп койгон. Андан тышкары Кабулга эл аралык санкциялар салынган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-июнда Чолпон-Атада өткөн "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы саммитте ооган аялдарынын укуктарынын чектелишине тынчсыздануусун билдирген.

“Биз Ооганстандагы аялдардын билим алууга жана иштөөгө болгон укуктарынын чектелишине байланыштуу дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусун тең бөлүшөбүз. Ооганстандагы азыркы де-факто бийлик органдарынын өкүлдөрү менен эки тараптуу байланыштардын жүрүшүндө жана эл аралык аянтчалардагы иш-чараларга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасы ооган аялдарынын ислам дининин жана шарияттын түшүнүктөрүнүн негизинде билим алуу жана ишке орношуу укуктарын белгилейт. Мындан улам, бул маселени чечүүгө ашыкча басым жасабастан, ошол эле маалда Ооганстандын жаңы бийликтери менен ынандыруу жана конструктивдүү диалог аркылуу мамиле кылууну зарыл деп эсептейбиз”, - деген Жапаров.

Кыргызстан Ооганстанда туруктуулук жана тынчтыктын болушун аймактык коопсуздук үчүн артыкчылыктуу багыт катары эсептейт.

Борбор Азия мамлекеттеринин талибдерге карата мамилеси

Борбор Азия мамлекеттеринин бири да "Талибандын" бийлигин расмий тааныбайт. Ал тургай айрым мамлекеттерде талибан экстремисттик уюм деп эсептелет. Анткен менен, чөлкөмдөгү өлкөлөр алар менен кызматташып, соода алакаларын жүргүзүп келишет.

Казакстандык саясат таануучу Талгат Исмагамбетовдун айтымында, Борбор Азия мамлекеттеринин башка аргасы жок.

"Талибдер боюнча Борбор Азия мамлекеттеринде бирдиктүү бир консенсус жок. Болгону биз бир чөлкөмгө кирген мамлекеттербиз. Ал эми Ооганстан аймактагы үч өлкөнүн түз коңшусу, Казакстан жана Кыргызстан менен Өзбекстан аркылуу чектешет. Ошондуктан алакаларды түзүү жолдорун табууга аргасызбыз. Бул жерде аларды таануу же тааныбоо маселеси турган жок. Ооганстанда ачарчылык болбосун деп гуманитардык жардам боюнча кандайдыр бир милдеттенмелер турат. Маселен, Казакстандын алдында. Эми бул моюнга илинген бир жүк да. Ал эми соода, транспорттук коридор түзүү зарылчылыгын эч ким четке каккан эмес", - деди Исмагамбетов "Азаттыкка" берген комментарийинде.

Талибдердин делегациясы Өзбекстанда. 25-июль, 2022-жыл.
Талибдердин делегациясы Өзбекстанда. 25-июль, 2022-жыл.

Эл аралык алакалар боюнча көз карандысыз эксперт Хаоюй Генри Хуанг Modern Diplomacy басылмасына жарыяланган макаласында Борбор Азия мамлекеттери "Талибан - коңшу мамлекетти көзөмөлдөп жаткан чоң күч экенин жана аны менен эсептешүү зарыл экенин" түшүнүп турганын жазат. Айткандай эле, жакында Астанада Казакстан-Ооганстан экономикалык форуму өттү. Ага Ооганстандан келген 200дөй адамдан турган делегация катышты. Казак бийлиги келгендердин баары санкциялык тизмеге кирбегендер экенин алдын ала эскертти. Форумда бир катар соода келишимдерине кол коюлду.

Казакстан менен Ооганстандын ортосундагы соода алакасынын активдешкенине көп жыл болду. 2023-жылдын алгачкы беш айында эки тарап ортсундагы сооданын көлөмү 316,6 млн долларды түзгөн. Анын 310 млн казак экспортуна туура келет. Астана оогандыктарга негизинен ун жана буудай жөнөтөт.

Ал эми Өзбекстан Ооганстандагы талибдерге Коштөбө каналын курууга жардам бермей болду. Өзбекстандын Суу чарба министри Шавкат Хамраев 20-июнда билдиргендей, Ташкент каналдын курулушундагы алешимдиктерге жол бербөө үчүн талибдерге бул жаатта кызматташууну сунуштаган.

Буга чейин адистер Коштөбө каналы курулуп бүтсө, Борбор Азиядагы эң ири Амударыядагы суунун үчтөн бир бөлүгү Ооганстандын түндүк аймактарына бурулуп, Өзбекстанда суу таңкыстыгы жараларын эскертишкен.

Ооганстандагы Коштөбө каналынын курулушу быйыл мартта белгилүү болгон. План боюнча анын узундугу 285 чакырым, туурасы 100 метр, ал эми тереңдиги 8,5 метрди түзөт. Талибдердин эсебинде, беш жылда курулуп бүтчү бул канал Ооганстандын түндүгүндөгү үч районду суу менен камсыздашы керек. Анткени Ооганстанда суу тартыш. Соңку жылдары кургакчылык да күч алды. Бул өз кезегинде айыл-чарбага залакасын тийгизип жатат.

Бириккен Улуттар уюмунун эсебинде 40 миллион калктын 15 миллиону азык-түлүк жардамына муктаж. Алардын үч миллиону - эптеп күн көрүп жаткандар.

"Ооганстандагы кырдаалдын канчалык олуттуу экенин баалаш өтө кыйын. Бүгүн ал жатка дүйнөдөгү эң терең гуманитардык кризис болуп жатат", - дейт БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш

Кыргызстан быйыл жайда Ооганстанга гуманитардык жардам катары дары-дармек жеткирди. Ал эми расмий Дүйшөмбү "Талибанды" сындаган позицияда калууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG