Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:15

Газа: Рафахта гуманитардык кризис оор


Тамакка кезекке турган балдар. Рафах шаары. 13-февраль, 2024-жыл.
Тамакка кезекке турган балдар. Рафах шаары. 13-февраль, 2024-жыл.

Израил менен ХАМАС радикал тобунун ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча Каирде өткөн сүйлөшүүлөрдөн азырынча жыйынтык чыга элек. Жолугушууга Израил, АКШ, Египет жана Катардын жогорку даражалуу өкүлдөрү катышты. 

Эл аралык уюмдар Израил Рафахтагы аскердик операциясын баштаса, карапайым тургундар арасында жоготуулар көп болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

Рафахтагы гуманитардык абал

Рафахта баш калкалап жаткан миңдеген балдар жана аялдар табак-чара, чака-челектерин көтөрүп, кайрымдуулук уюмдары таратып жаткан тамакка жетүү үчүн кезекте турушат.

Израил ХАМАСка (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) каршы согуш жарыялап, анклавды бомбалай баштаганда үй-жайсыз калган Ахлам Абу Саид Газанын түндүгүнөн улам качып отуруп, акыры үй-бүлөсү менен Рафахка жеткен.

"Бир жарым айдан бери Рафахтабыз. Жашообуз абдан эле кыйын. Cуу, тамак-аш жетишпейт. Эч нерсебиз жок. Эт, жумуртка дегенди унуттук. Балдардын киерге кийими, жалаягы жок. Эптеп ар жерден бирдемелерди таап, жан сактап атабыз", - дейт Ахлам Абу Саид.

Рафахта кайрымдуулук уюмдары тараткан тамакка кезекке турган качкындар. 13-февраль, 2024-жыл.
Рафахта кайрымдуулук уюмдары тараткан тамакка кезекке турган качкындар. 13-февраль, 2024-жыл.

Рафах - Газанын түштүгүндө, Египет менен чек арага жакын жайгашкан чакан шаар. Согушка чейин бул жакта 250 миңдей киши жашачу.

Израил ХАМАСка каршы аскердик операциясын баштап, газалыктарга түштүккө чыгып кетүүнү сунуштаган кезде Рафахтагы калктын саны 1,5 миллионго чейин жеткен.

“Рафахка кирер алдында акыл токтотуп, ойлонуп көрүү керек”

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху өткөн жумада аскерлерине Рафахка кирүүгө даярдангыла деп тапшырма берген. Бир нече күндөн кийин ал журналисттердин суроолоруна жооп бергенде, ЦАХАЛга Рафахта жашырынып жаткан ХАМАС радикал уюмунун төрт батальонун жок кылууну жана ал жактагы карапайым калкты коопсуз жактарга көчүрүү планын иштеп чыгууну буюрганын айтты.

"Эч кандай шартта бизди Рафахка кирбеши керек деп айтып жаткандар - согушта жеңилип, ал жактагы ХАМАСты жайына койгула дегендер", - деди Нетаньяху.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху аскерлер менен.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху аскерлер менен.

Өкмөт башчы аскердик операция маалында карапайым тургундар каякка көчүрүлөрүн тактаган жок. Израил өкмөтүнө жакын булактардын бири "Рейтерс" агенттигине билдиргендей, качкындарды Газанын түндүк аймактарына көчүрүү жөнүндө кеп болуп жатышы мүмкүн. Коңшу Египет менен Иордания “улуттук коопсуздукту” жүйө келтирип, Газа тилкесинен качкындарды кабыл алууга караманча каршы болушту.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Израилге жай тургундар корголушу керек экенин эскерткен. Ал эми Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Израилге Рафахтагы аскердик операциясын баштаардан мурда “акыл токтотуп, ойлонуп көрүү” керек деп кеңеш берди. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык уюмдар, эксперттер ЦАХАЛ Рафахка кирсе, карапайым тургундардын арасында эбегейсиз көп жоготуулар болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

Каирдеги майнапсыз сүйлөшүү

13-февралда Израил, АКШ, Египет жана Катардын жогорку даражалуу өкүлдөрү Каирде жолугуп, Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. Египеттин маалымат каражаттары жазгандай, жолугушуудан алгылыктуу жыйынтык чыккан жок. Жыйынга Американын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бернс, Египеттин Чалгын кызматынын жетекчиси Абас Камал, Катардын өкмөт башчысы Мухаммад бин Абд ар-Рахман ат-Тани жана израилдик “Моссаддын” башчысы Давид Барнеа катышты. The New York Times басылмасы белгилегендей, сүйлөшүү дагы үч күнгө уланат. Ага орто деңгээлдеги аткаминерлер катышат. Басылма өз булактарына таянып жазгандай, Израил ХАМАС сунуштаган ок атышууну токтотуп, туткундарды айырбаштоо боюнча келишимге макул эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG