Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:37

Якутия: Мигранттар иштеген базар жабык, интернет өчтү


Якутск шаарындагы балык жана эт саткан базар
Якутск шаарындагы балык жана эт саткан базар

Якутск шаарында жергиликтүү тургундун өлүмүнө айыпталып жаткан тажик тектүү орус жаранын жазага тартуу, бул кылмышка тиешеси бар башкаларды да кармоо, мигранттарга көзөмөлдү күчөтүү талабы менен нааразылык жүрүштөрү өттү. Мигранттар иштеген жашылча-жемиш базары жабык, көчөлөрдө полиция көп жүрөт.

Орусиянын карамагындагы Саха Республикасынын борбору Якутск шаарында жергиликтүү тургундун өлүмүнө айыпталып жаткан тажик тектүү орус жаранын жазага тартуу, бул кылмышка тиешеси бар башка мигранттарды да кармоо, чет элдиктерге көзөмөлдү күчөтүү талабы менен нааразылык жүрүштөрү өттү. Жергиликтүү полиция кылмышка шектүү камакка алынганын билдирген. Аймактагы диаспора башчылары мекендештерин көчөгө чыкпай, жумушка барбай коё турууну эскертишкен. 25-январда Якутск шаарында өзгөчө мигранттар иштеген жашылча-жемиш базары иштебей, көчөлөрдө полиция көп экени айтылды.

Чет элдиктерге көзөмөлдү күчөтүү талабы

24-январда Якутияда тажик тектүү орус жараны жергиликтүү тургундун өлүмүнө шектелип кармалган окуядан кийин мигранттарга каршы акция өтүп, бул кылмышка тиешеси бар башка мигранттарды да кармоо, чет элдиктерге көзөмөлдү күчөтүү өндүү талаптар менен нааразылык акциялары өткөн.

Полиция акция өтүп жаткан жерге барып, чогулгандардын таркап кетишин талап кылды. Бирок алар акциясын башка аянтка барып улантууга аракет кылганда, кагылышуу болуп, айрымдарын күч органдары кармап кетишкени маалымдалды. "Азаттыктын" орус кызматы 15тей киши кармалганын жазды.

Адам өлүмүнө шектелип жаткан 18 жаштагы тажик тектүү Орусия жараны эки айга камакка алынганы белгилүү болду.

Окуя 21-январда Якутск шаарында болгон. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, Тажикстанда туулган, кийин орус жарандыгын алган Мухамад Одинаев жана 23 жаштагы жергиликтүү тургун шаардагы клубдардын биринде чырдаша кеткен. Кийин жергиликтүү тургун бир нече кишини чогултуп, Одинаевге барганда, чыр тутанган. Ал мушташ учурунда бычак жеп, ооруканада өзүнө келе албай көз жумган. Үч киши жараат алганы айтылды.

Одинаев бул окуяда күнөөсү жоктугун, ал коргонууга аргасыз болгонун айткан.

Бул окуя жергиликтүүлөрдүн нааразылыгын жаратып, мигранттарга көзөмөлдү күчөтүү талаптары айтылып жатат. Социалдык тармактарга тараган тасмада полициянын коомдук коопсуздук боюнча жетекчи орун басары Олег Лебедь шектүү кармалганын айтып, чогулгандарды тарап кетүүгө үндөп жатканын көрүүгө болот.

"Кылмышкер кармалды. Ал деле силер сыяктуу эле Орусиянын жараны. Биз аны кармадык, тергөө жүрөт", - деген ал.


Саха республикасынын башчысы Айсен Николаев кылмышкер жасаган иши үчүн жооп берерин, бул ишти өзү көзөмөлгө ала турганын телеграмм-каналына жазган.

"Коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулуктун алдын алуу чараларын күчөтүүнү, анын ичинен мигранттарга көзөмөл жүргүзүүнү тапшырдым. Биз коомубуздагы бейпилдикти бузууга жасалган бардык аракеттерге катуу чара көрөбүз. Негизги шектүү - Тажикстандан келген Орусиянын жараны. Анын орус жарандыгын кандай жагдайда алгандыгын тактап чыгабыз. Мындай адамдарга биздин коомдо орун жок. Тилекке каршы, адамдык трагедияны өз максаттарына пайдалангандар да бар. Мен республиканын тургундарын азыр тарап жаткан мыйзамсыз чакырыктарга жооп бербөөгө чакырам", - деген ал.


Мындан көп өтпөй тажик коомунун башчысы Ходи Оев видео кайрылуу жасап, бир адамдын айынан бүтүндөй калкты жектебөөгө чакырды.

Якутияда интернет өчүп, базар жабылды

Бул окуядан кийин Якутиянын бир катар шаарларында интернет өчүрүлүп, байланыш начарлады. 15 жылдан ашык убактан бери Якутск шаарында жашап, иштеп жаткан кыргызстандык Жеңиш Нурматовдун айтымында, учурда абал тынч. Көчөдө полиция көп жүрөт, көбүнесе өзбекстандык мигранттар иштеген жер-жемиш базары жабык турат деди ал:

"Азыр баары жакшы эле. Көчөгө чыгып келдим, тынч эле. Бирөөнүн дүкөнүнүн терезесин сындырышыптыр. Ал Оштун Ноокатынан экен. Жер-жемиш саткан базардагыларды бүгүн-эртең чыкпай тургула дептир, алар чыгышкан жок. Калгандары кадимкидей эле иштеп жатышат. Башка жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Көчөдө полиция кызматкерлери көп, тынбай ары-бери каттап жүрүшөт. Интернет иштебей жатат".

Интернет байланышы Якутиянын Мирный шаарында дагы начар болуп жатканын 10 жылдан ашуун убактан бери ушул аймакта жашап, иштеген кыргызстандык ишкер Жусупжан Ажибаев билдирди. Ар кандай кылмыштардын же башаламандыктардын алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары зарыл болбосо сыртка чыкпай турууну суранган.

"Мирный шаарында жашайм. Бул жерде абал тынч, мигранттарга каршы маанайды деле байкаган жокпуз. Якутск, Ленск, Удачное шаарында дагы кыргыздар бар, бардык эле жерде тынч деп айтышты. Мигранттарга деле маанай жакшы эле дешти. Якут балдар менен дагы таанышпыз. Биздин диаспорага бийликтен, укук коргоо органдарынан телефон чалуулар болуп, тынчсыңарбы, өзүңөрдү этият кылгыла, кечинде балдарыңар чыкпай турсун деген өтүнүч болду. Бул жакта wifi аркылуу интернет байланышы иштеп жатат, бирок телефондон кире албайсың. Маалыматтарды көбүнчө WhatsApp, Телеграмм жана Ютуб каналдары аркылуу алышкандыктан ушуларга бөгөт коюлду", - деди Ажибаев.

"Мигранттарга маанай жаман эмес"

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков Орусиянын аймагына кирген республика, аймактардагы бардык диаспора жетекчилери менен байланыш бар экенин, мигранттарга карата маанай жаман эмес экенин "Азаттыкка" билдирди:

"Орусияда, анын ичинен Якутияда дагы кыргыз жарандарына карата куугунтук жок. Орусиянын ар кайсыл аймактарында 100дөн ашуун коомдук өкүлдөр бар. Бардыгы менен, диаспоралар менен тыгыз иштейбиз. Азыр бир нерсе деп айтууга негиз жок. Бирок биздин жарандар өздөрү дагы эмгек келишимдерин түзүп, мыйзамдуу жүрүшү керек".

2019-жылы да Якутияда мигранттарга каршы акциялар өткөн. Кыргызстандын үч жараны 17 жаштагы жергиликтүү кызды зордуктоого айыпталганда, көпчүлүк тургундар нааразылыгын билдирип чыккан. Коркутуулардан улам мигранттар бир нече күн көчөгө чыга албай калган. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын жана Орусиядагы элчиликтин өкүлдөрүнөн турган делегация Якутияга барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле кыргыз делегациясынын өкүлдөрү мамлекеттик телеканал аркылуу жергиликтүү элден кечирим сураган.

Ошол окуялардан кийин Якутиянын полициясы борборазиялык мигранттарга ыдык көрсөткөн жергиликтүү тургундарды кармап, ошол эле учурда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо максатында рейддерди жүргүзгөн. Якутияда 10 миңге жакын кыргыз жашап-иштейт деген маалымат бар. Алардын көбү Орусия жарандыгын алгандар экени айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG