Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

"Мониторинг борбору түзүлөт". Өкмөттүн соцтармакты көзөмөлдөө ниети


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги интернеттеги социалдык тармактарды көзөмөлдөй турган борбор ачууну пландоодо. Борбор TikTok, Youtube жана башка социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүп, коомго зыяндуу делген контентке бөгөт коёт.

Министрлик азырынча бөгөт коюунун механизмдери толук иштелип чыга электигин билдирүүдө. Бирок айрым эксперттер бул сөз эркиндигин чектеп, өзүн-өзү цензуралоого алып келбейби деп чочулап жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги TikTok, Youtube өңдүү социалдык тармактарды жаңы түзүлө турган атайын борбор аркылуу көзөмөлдөөнү көздөп жатат. Бул тууралуу 22-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде ЖМКлар жөнүндө мыйзам долбоору талкууланып жаткан маалда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Чыңгыз Эсенгул уулу.
Чыңгыз Эсенгул уулу.

"Жакынкы арада мониторинг борборун түзөлү деп турабыз. Буга чейин айрым депутаттар дагы ТикТок боюнча чара көрүү жана туура эмес контенттерди жайылтып, өлкөдөгү балдар, өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизип жатат деген маселе көтөргөн. Бул багытта ТикТоктун өкүлдөрү менен дагы сүйлөшкөнбүз. Санарип министрлиги дагы өз багыты менен сүйлөшкөн. МЕТА корпорациясы, Инстаграм менен сүйлөшкөндө, өнөктөш катары сүйлөшкөндө сөзсүз түрдө контент боюнча иштей турган мекеме болушу керек деп айтышкан. Ошондуктан Министрлер кабинетинин чечими менен жакынкы аракетте мониторинг борборун түзүп жатабыз. Алар социалдык тармактарда контент менен иш алып барат".

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу белгилегендей "туура эмес контентти" жайылткан соцтармактарды аныктоо, аларга чара көрүп, бөгөттөө механизмдери азырынча аныктала элек.

Министрдин орун басары депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып, эрежесиз уруш сыяктуу агрессияны жайылткан көрүнүштөргө дагы бөгөт коюлушу мүмкүн экенин, спорт департаменти бул багытта иш алып барып жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда ТикТокту көзөмөлдөп эмес, алар менен өнөктөш катары иштөөнү көздөп жатышканын кошумчалады.

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

"Онлайн кумарканаларды токтото албай жатасыңар. Өкмөт ошол менен иштесе түшүнөт элем. Бирок аны көзөмөлгө албайсыңар, адамдар ошодон көбүрөөк жабыркап жатат. Эки-үч күн мурда мигранттарды тизелетип бастырды. Бул жаңылык Спутникте, мамлекеттик "Кабарда" чыккан жок. Бул жаңылык социалдык тармактарга чыгып, эл ошол жактан болуп жаткан окуяларды билди. Сөз эркиндиги дегенде бизде эмнегедир ээнбаштык деп айтылып жатат. Бирок маалымат ушундай учурларда мамлекеттик ЖМКларда чыкпайт. Эркин маалымат каражаттардан улам биз билип, ТИМ реакция кылды. Мындай мисалдар дагы эске алынышы керек. Чектөөнүн аягы баары бир кыска болуп калат. Жаккандар, жакпагандар, сындын критерийлери кандай болот, кайсыл сөз ага кирет деген тактала элек да. Муну жакшылап карагыла деген пикирлер дагы келип жатат", - деди Элвира Сурабалдиева.

Социалдык тармактарды көзөмөлдөй турган борбор качан түзүлүп, качан иштей баштаары азырынча айтыла элек.

Министрликтин айтымында, борбордун негизги ишмердүүлүгү төмөнкүлөр болот:

  • интернетте мыйзамсыз контентти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашыруу;
  • популярдуу социалдык тармактардын администрациялары менен кызматташуу жана өз ара аракеттенүү, бул жеке интернет-контенттерди бөгөттөөнүн эң эффективдүү жолу;
  • интернет мейкиндигин жөнгө салууда ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
  • ЖМК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого багытталган иш-чараларды маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыздоо;
  • жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле интернет мейкиндигине сапаттуу, объективдүү жана өз убагында байкоо жана талдоо жүргүзүү;
  • мамлекеттик маалыматтык саясат маселелерин маалыматтык-методикалык камсыздоо;
  • маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө маалыматтык-аналитикалык иш жүргүзүү.


Социалдык тармактарга, андагы пикирлерге мониторинг жүргүзүү боюнча борборду ишке киргизүү буга чейинки бийлик учурунда дагы көтөрүлгөн. Ковид пандемиясы, кийинки коомдук-саясий абал бул ишти кечеңдеткен.

Медиаэксперт Жаннат Токтосунованын белгилешинче, соңку бийлик тушунда мындай борборсуз эле журналисттерди камоо, пикир үчүн куугунтуктоо жана абактагылардын табышмактуу, капыстан кайтыш болушу өзүн - өзү цензуралоого алып келди:

Жаннат Токтосунова.
Жаннат Токтосунова.

"Кыргызстандын ичинде сен куугунтукка, камоого учурубайсың деген кемпилдик жок. Постту бөлүшкөнү үчүн активист Зарина Төрөкулованын беш жылга шартуу кесилгени, азыркы камоолор, кемпирабадчылардын абактагы мөөнөтүнүн улам жылышы, журналисттердин камалышы буга мисал. Бул адамдарды сестентет, коркутат. Кыргызстанда азыр саясатчылардын унчукпаганы аз келгенсип журналисттер дагы өз пикирин билдирбей калышат. Эч ким абакка отургусу жана эч ким капыстан кайтыш болуп калгысы келбейт".

Ишкер жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу Рыскүл Акимжанова мониторинг борборун түзүүдөн кийин келип чыкчу кесепеттерге токтолду. Ал борборду түзүү менен Кыргызстандын коопсуздугу коркунучка кептелип калышы ыктымал экенин белгилеп жатат. Акимжанова технология өнүгүп, интернет мүмкүнчүлүктөрү жайылып жаткан шартта социалдык тармактарды көзөмөлдөп же бөгөт коюу мүмкүн эмес деп эсептейт.

Рысгүл Акимжанова
Рысгүл Акимжанова

"Азыркы убакта социалдык тармактарды көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Жасалма интеллект өнүккөн сайын көзөмөлдөө мындан дагы кыйын болот. Контент жаратуу үчүн жаңы технологиялар пайда болот. Мисалы, мен көзөмөлдөөдөн коркпойм. Кыргызстандын, ички саясатынын коопсуздугу сырт тараптан көзөмөлдөнүп калбайбы деген маселе турат. Ушул жагын алганда мен каршымын. Кимдин тиркемелери орнотулат, кайсыл жактын интернетине туташат, кимдин адистери иштейт деген маселелер бар", - деди Акимжанова.

Былтыр августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган.

Министрликтин мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып, аны "сөз эркиндигин чектөө" деп сыпаттагандар да болгон.

Кийин министрлик TикТок платформасын Кыргызстандын аймагында жабуу боюнча техникалык кыйынчылыктар келип чыкканын айтып чыккан.

Азырынча Санариптик өнүктүрүү министрлиги комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG