Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Кытайлык кыргыздар: Түнү менен от жагып, короодо таң атырдык


Шинжаңдын Ак-Чий ооданындагы жер титирөөдө жабыркаган үй, 23-январь, 2024-жыл
Шинжаңдын Ак-Чий ооданындагы жер титирөөдө жабыркаган үй, 23-январь, 2024-жыл

23-январга караган түнкү жер титирөөнүн очогу болгон Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагына караштуу Ак-Чий ооданынын тургуну, кыргыз боордошубуз ал жактагы азыркы абал тууралуу айтып берди. Белгилүү себептерден улам маектешебиздин аты-жөнүн ачык айта албайбыз.

- Эл-журт аманбы? Түндөгү жер титирөөдөн канча киши жабыркады?

- Арабызда өлгөндөр бар деп айтып атышат. Эки адам каза болгонун уктук. Өзүм жакшы элемин. Түнкү саат 12ден баштап тынчтык жок. Азыр деле маал-маалы менен жер титиреп атат. Түн оор болду. Түнү менен короодо жүрдүк. От жагып, жылынып, түндү эшикте өткөрдүк. Азыр деле утур-утур короого чуркап, чыгып атабыз.

- Каза болгондор бар болсо көңүл айтабыз. Расмий бийлик бул маалыматты ырастадыбы?

- Жаш эле келин кызы менен түнү тоодо каза болгонун уктук. Тоодогу үйү басып калганын айтышты. Алар уктап калып, сыртка чыга албай калышкан окшойт. Күйөөсү тирүү экен. Бели сынып кетиптир. Ал жарака алдында калган экен. Алар Кулансарак айылынын тургундары. Жабыркап же каза болгондор тууралуу маалыматтар ачык жарыяланбай жатат. Булар биздин айылдаштар болгондуктан билдик. Айыл ичинде маалымат тез эле тарады. Тоодо жашаган жаш үй-бүлө болчу. Дагы башка жабыркагандар тууралуу ич ара айтылып жатат. (Кытайдын раcмий маалымат агенттиктери жер титирөөдө набыт болгондор тууралуу кабарлаган жок - ред.)

Кызыл-Суу автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданында тигилген чатырлар.
Кызыл-Суу автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданында тигилген чатырлар.

- Азыр абал кандай? Сиз кайдасыз?

- Түн уйкуга киргенден кийин титиреди. Кулансарак, Үч-Турпан айылдарында абал оор. Кыргыздар жашаган башка айылдарда абал анчалык оор эмес дешти. Ак-Чий ооданында чатырлар тигилип, элге жардам берип жатышат. Азыр айыл аралап, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Үйлөрү катуу жабыркагандар чатырларга жайгаштырылат деп айтышты. "Темирден жасалган үйлөрдөгүлөр үйүңөрдө калсаңар болот, кыштан салынган үйдөгүлөр чатырларга жайгашкыла" дешти. Буга чейин "өкмөт салып берген үйлөрдөн да чыккыла" деп эскертүү берип кетишти.

Бүгүн түнү дагы жер титирейт деген кооптонуу бар. Чатырларды өкмөт тигип, элге жардам көрсөтүп жатат. Мен ишке да чыга алган жокмун. Калтырап, титиреп үйдө балдар менен отурам. Туугандардын темир тамы бар эле. Ошол жакка жайгаштык. Чатырга барбайбыз. Ушул жакта болобуз деп отурабыз. Аябай коркуп калдык. Ушул саатка чейин биз жашаган аймакта эле 40ка жакын силкинүү болгону кабарланууда.

Ак-Чий ооданындагы үйлөрдүн бири.(Аманат сүрөт)
Ак-Чий ооданындагы үйлөрдүн бири.(Аманат сүрөт)

- Азыр кандай иштер жүрүп жатат?

- Бизге 72 саат сыртта болуп тургула деп айтышты. Ушунча убакыт чатырларга эл жайгаштырылат экен. Азыр деле чатырлар тигилип атат. Күндүн суугун айтпагыла. Мындай суукта чатырда кантип баш калкалайт эл бүдөмүк. Ак-Чий кышы катаал, суук жер эмеспи. Эки күн мурун эле кар түшкөн болчу. Малдары тоодо калып, же дубал басып калып, мал-жан жабыркады. Малдан да жабыркагандар бар экен. Ак-Чий ооданына башка облустардан жардамга эл тартылыптыр. Бул жакта көп кабаттуу үйлөр да бар. Алар жарака кетип, түнү аларды спорт имаратка жайгаштырып, жууркан таратышыптыр. Бизге күрүч, май, көмүр таратабыз дешти.

Ак-Чий ооданындагы спорт имаратында убактылуу жайгаштырылган тургундар (Аманат сүрөт)
Ак-Чий ооданындагы спорт имаратында убактылуу жайгаштырылган тургундар (Аманат сүрөт)

Бүгүн түндөн эсен-аман чыксак экен деп отурабыз. Күндүз анчалык билинбейт экен. Түндө абдан коркунучтуу болду. Азыр элдин баары өмүрүнүн коопсуздугу үчүн күрөшүп атат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG