Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Пакистан менен Иран бири-бирин ракетадан аткылады


Исламабадда Ирандын аба соккуларына каршы нааразылык акциясы, 18-январь, 2024-жыл.
Исламабадда Ирандын аба соккуларына каршы нааразылык акциясы, 18-январь, 2024-жыл.

18-январдын таңында Пакистан коңшу Ирандын аймагында жоочулар жашырынган жайларга сокку урганын билдирди. Тегеран тараткан маалыматка ылайык, чабуулда кеминде тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Алардын арасында төрт бала, үч аял бар.

16-январда Иран Пакистандын аймагындагы террорчуларды бутага алганын маалымдаган. Эки мамлекет сокку урганы үчүн бири-бирин айыптоодо.

Пакистандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мумтаз Захра Балоч 18-январдагы маалымат жыйында сокку Ирандын аймагындагы "террорчулардын" базасын бутага алганын билдирди.

"Бүгүн таңда Пакистан Ирандын Систан-о-Белужистин провинциясындагы террорчулар жашырынган жайларга атайын багытталган, координацияланган жана жогорку тактыктагы соккуларды урду. Атайын чалгын операциясынын жүрүшүндө бир нече террорчу жок кылынды", - деди ал.

Бул Ирандын аймагына 1980-1988-жылдардагы Иран-Ирак согушунан кийин башка өлкө тарабынан жасалган биринчи сокку экени кабарланды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нассер Канани кол салууну айыптап, Илсамабаддын Тегерандагы убактылуу ишенимдүү өкүлүн министрликке чакыруу каралып жатканын Телеграмга жазды.

Ирандагы Систан-Белужистан провинциясынын өкүлү "Мехр" маалымат агенттигине соккулар чек арадагы кыштакка жасалганын билдирди.

“Таңкы 4.50дө Сараван шаарынын тегерегинде бир нече жардыруунун үнү угулду. Териштиргенден кийин Пакистан Ирандын аймагындагы чек аралаш кыштактарга ракетадан сокку урганын аныктадык”, - деди Алиреза Мархамати.

16-январда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясына ракета аткан. Анда эки баланын өмүрү кыйылганы маалымдалган.

"Бизге кошуна, бир тууган жана дос Пакистандын бир да жараны ирандык дрондордун жана ракеталардын бутасына илинген эмес. Ирандын “Жайш аль-Адл” террордук тобу Пакистандын Белужистан провинциясынын айрым райондоруна жашырынып алып, соңку күндөрү Ирандын аймагында ар кандай операцияларды ишке ашырууда. Биздин жооп Пакистандын аймагындагы ирандык террорчуларга багытталган", - деп Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахян соккулардын себебин Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда жүргөн жеринен түшүндүрдү.

Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахян.
Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахян.

Бул окуядан кийин Исламбад Тегерандагы өз элчисин чакыртып алып, Ирандын “мыйзамсыз кол салуусуна жооп берүү укугу бар экенин” билдирген.

Эл аралык реакция

Эксперттердин эсебинде, эки тараптын соккулары өзөктүк куралга ээ Иран менен Пакистандын алакасын курчутуп, Жакынкы Чыгыштагы кризисти дагы кеңейтип жибериши мүмкүн деген кооптонуулар бар. Учурда Газада Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюмунун ортосунда согуш уланууда. Кызыл деңиздеги соода кемелерине жасаган соккулары үчүн АКШ жана Британия Йемендеги хуситтердин жайларына чабуул коюуда.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бээжин Тегеран менен Исламабадга ортомчу болууга даяр экенин билдирди.

АКШ 16-январда Ирандын чабуулдарын айыптаган билдирүү таратты.

“Соңку эки күн ичинде эле Иран коңшуларынын суверендүү чек араларын бузуп жатканын көрүүдөбүз”, - деп, Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер АКШ Ирандын соккуларын айыптарын билдирди.

16-январда Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын Күрдистан автоном аймагынын борбору Эрбилге жасаган соккуларынан бир нече карапайым тургундун өмүрү кыйылган соң Ирак дагы Тегерандагы өз элчисин чакыртып алган. Иран алардын соккусу Ирак менен Сириянын аймагына жасалган чабуулдары “тыңчылардын кеңсесине” жана “террордук жайларына” багытталганын билдирген.

Ал эми Британия Иранды хуситтерге курал-жабдык жеткирүүнү токтотууга чакырды.

“Иран ошондой эле аймактагы кырдаалдан пайдалануу менен өзүнүн акылга сыйгыс аракеттерин ишке ашырып, башка мамлекеттердин суверенитетин бузууну токтотушу керек. Мен бул тууралуу тышкы иштер министрине @Amirabdolahian ачык айттым”, - деп жазды британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон X социалдык түйүнүнө.

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командычылыгы билдиргендей, 2023-жылдын 19-ноябрынан бери хуситтер соода кемелерине 26 жолу чабуул койгон. Муну менен алар Газадагы Израилдин аскердик операциясы үчүн өч алып жатканын айтышууда. Ошондой эле алар Израил менен байланышы бар кемелерди гана бутага алып жатканын белгилешкен. Анткен менен байкоочулар Израилге эч кандай тиешеси жок кемелер да соккуга дуушар болгонун айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG