Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Аш-Шифа: Араңжан ымыркайлар менен абалы оор бейтаптардын тагдыры


Аш-Шифадан эвакуацияланган атайын кароодогу ымыркайлардын бири
Аш-Шифадан эвакуацияланган атайын кароодогу ымыркайлардын бири

Жекшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте палестиндердин Кызыл Чырым уюмунун “Тез жардам” бригадасы Аш-Шифа ооруканасындагы ара төрөлгөн кеминде 30 ымыркайды Газанын түштүк тарабындагы ооруканага эвакуациялады.

Мурдараак Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун дарыгерлер (ДССУ) тобу Газадагы медициналык комплексте 291 бейтап калганын билдирген.

Эл аралык уюмдун жетекчиси Тедрос Адхан Гебрейсус "араң жан ымыркайлар" менен кошо алты медициналык кызматкер жана алардын 10 үй бүлө мүчөсү чыгарылганын ырастады.

Ымыркайлар Газанын түштүгүнөн Рафахтагы Бириккен Араб Эмираттары жабдыган госпиталга которулду. АВС News ымыркайлар Египеттеги үчүнчү ооруканага жиберилерин кабарлады.

Палестин автономиясынын саламаттык сактоо мекемеси Аш-Шифада абалы оор ондогон бейтап калганын маалымдады.

Өткөн шаршембиде Аш-Шифаны толук көзөмөлүнө алган Израил армиясы палестин анклавындагы эң чоң медициналык комплекстин алдында ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдиктен террордук деп таанылган) башкаруу борбору жайгашканын, согушкерлер карапайым калкты тирүү калкан кылып колдонуп жатканын жарыялаган.

18-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын тобу ооруканада баш калкалаган 2500 качкын, өзү басып тура алган бейтаптар жана дарыгерлер чыгып кеткен соң медициналык комплексти көрүп чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Коопсуздуктан улам топтун мүчөлөрү оорукананын ичинде бир саат гана жүрүп, андагы адам чыдагыс абалды «өлүм аймагы» деп сыпаттады. Уюмдун билдирүүсүндө ооруканада атылган октордун издери даана көрүнүп, комплекстин кире беришине 80 киши жапырт көмүлгөнү белгиленет.

Палестин анклавындагы эң чоң, заманбап жабдылган медициналык комплекс соңку алты жумадагы таза суу, күйүүчү май, дары-дармек, тамак-аш жана башка өтө зарыл нерселердин тартыштыгынан улам дээрлик өз милдетин аткара албай калганын ДССУ билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, эки киши реанимацияда, 22 бейтап диализде жатат. Соңку күндөрү жетиштүү жардам ала албай бир нече киши жаткан жеринде үзүлгөн.

Кооптуу кырдаалдан улам кызматкерлер медициналык калдыктарды коридорлорго топтогон, оорукананын ичи таштандыга толгон. Бейтаптар менен дарыгерлер жанын оозуна тиштеп коркуп отурганын, эптеп эвакуация болууну күтүп жатканын айтышкан.

Палестин расмийлери ЦАХАЛды "ооруканада баш калкалап тургандарды жана бейтаптарды күчкө салып эвакуациялап, аларды жөө-жалаңдап түштүк тарапка жолго чыгууга мажбурлап жатат" деп айыптаган.

Бир нече күн мурун Аш-Шифаны толук көзөмөлүнө алган Израил армиясы мындай дооматты четке кагып, медициналык комплекстин алдында ХАМАСтын башкаруу борбору жайгашканын, ал эми эвакуациялоо үчүн эч ким мажбурланбаганын билдирген.

ЦАХАЛдын өкүлү Даниел Хагари жөөт аскерлери ооруканада атайын операциясын улантып жатканын ишембиде айтты. Ал өз армиясынын алдында турган төрт милдетти белгиледи.

“Биринчи – барымтадагылар тууралуу маалымат алуу эң башкы артыкчылык. Экинчи – курал-жарак жана башкаруу, көзөмөлдөө пункттарын табуу. Үчүнчү – оорукананын аймагында жашынган террорчуларды табуу. Төртүнчү – оорукананын жер алдындагы жайларын ачуу”, – деген ЦАХАЛдын өкүлү Аш-Шифанын алдында туннелди табышканын кошумчалады.

Газа шаары. "Аш-Шифа" ооруканасынын алды
Газа шаары. "Аш-Шифа" ооруканасынын алды

Барымтадагы туткундардын тагдыры

Катардын премьер-министри жана башкы дипломаты Мохаммед бен Абдулрахман Аль Тани ХАМАСтын согушкерлери 7-октябрда барымтага алган ондогон кишини бошотуу жараянында негизинен "логистикалык маселелер" гана калганын жекшембиде билдирди.

"Макулдашуунун алдында практикалык жана логистикалык мүнөздөгү маселелер турат», - деди Катардын премьери Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррел менен Дохада туруп уюштурган басма сөз жыйынында.

“Сүйлөшүү бирде алдыга, кайра бир нече аптага артка кеткен учурлар бар. Эми азыр биз адамдарды үйүнө аман-эсен кайтаруу үчүн макулдашууга жетүүгө чукулдап калдык деп ойлойм", - деди Катардын башкы дипломаты.

Ишембиде Washington Post басылмасы Катардын ортомчулугу менен Израил, Кошмо Штаттар жана ХАМАС радикал тобу алдын ала макулдашууга жетишкенин жазган. Макулдашуунун шартына ылайык, Газа тилкесинде беш күндүк ок атууну токтотуу режими жарыяланып, барымтадагы 200дөн ашуун туткундан кеминде 50 киши бошотулат. Алты бетке жазылган макулдашууга ылайык, барымтадагылар топ-тобу менен 24 саат сайын бошотулат.

АКШнын Коопсуздук кеңеши макулдашууга жетишиле электигин билдирген. Израил бийлиги дагы андай документти четке какты.

Мурдараак Израил макулдашуунун баштапкы вариантынан 50дөн көп туткун бошотулсун деген таризде баш тартканы кабарланган.

15-ноябрда Reuters агенттиги Катардын ортомчулары Израил менен ХАМАСтын ортосунда макулдашууга жетишкенин, ага ылайык үч күндүк ок атпоо жарыялап, 50 кишини бошоторун сүйлөшүүнүн сырын билген аткаминерге шилтеме берип кабарлаган.

Бирок Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху эч кандай макулдашуу болбогонун айтты.

Жекшембиде Иерусалимде 7-октябрдагы кандуу чабуулда ХАМАСтын согушкерлери барымтага тушүрүп, Газа тилкесине алып кеткен 200дөй кишинин жакындары митинг өткөрүп, Израилдин бийлигинен туткундарды бошотуп алууну талап кылды. Ага чейин алар Тель-Авивден Иерусалимге чейин беш күндүк жүрүшкө чыгышкан. Алардын көбү жөөт бийлигин барымтадагыларды чыгарууга жетиштүү аракет кылбай жатат деп айыптады. Митингде ХАМАС менен "макулдашууга барып", туткундарды бошоткула деген талаптарга чейин айтылды.

АКШ менен Евробиримдик "террордук уюм" деп тааныган ХАМАСтын аскердик өкүлдөрү ишембиде ЦАХАЛдын соккуларынан улам бир катар радикал топтор менен байланыш үзүлгөнүн, андыктан алардын барымтасында турган туткундардын тагдыры белгисиз экенин билдирди. Жоочулардын канча тобу жана канча туткун тууралуу сөз болуп жатканы айтылган жок.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1200дөй бейкүнөө кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн ашуун адамды согушкерлер барымтага түшүрүп, Газа тилкесине алып кеткен. Миңдегени жараат алган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 12 миңден ашуун киши набыт болгонун маалымдады. Бир жарым миллиондон ашуун палестин аймактын түштүк тарабына качууга мажбур болду. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

БУУ: Газада ачарчылык башталышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG