Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:57

Газа: жарыксыз калган оорукана, жардамга муктаж ымыркайлар


Газа. 11-ноябрь, 2023-жыл
Газа. 11-ноябрь, 2023-жыл

Газа шаарында Израилдин аба соккулары 12-ноябрга караган түнү да уланды. Жөө аскерлер аймактагы эң ири оорукананын жанында АКШ жана Евробиримдик террорчул уюм деп эсептеген ХАМАС тобу менен кармашып жатат. 11-ноябрда Эр-Риядга чогулган араб жана мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери Газадагы согушту токтотууга чакырышты. Жыйында президент Садыр Жапаров Газада "гуманитардык апаат" жаралганын айтты.

Газа тилкесинин түндүгүнөн түштүгүнө жер которгон миндеген палестиндердин арасында 55 жаштагы Самира Ал-Хоар да бар. Ал соңку согуш башталгандан бери түндүктөгү Газа шаарында Ал-Шифа ооруканасында балдары менен баш калкалап келген.

Самира үй-бүлөсү менен 10-ноябрда таң менен Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнус шаарына качып келгенин, бир уулу жаракатына байланыштуу Ал-Шифа ооруканасында калганын Reuters жаңылыктар агенттигине айтып берди.

"Биз ооруканалар коопсуз деп ойлочубуз. Андай эмес экен. Эгер биз ал жерде [Ал-Шифа ооруканасында] дагы беш мүнөттөй калган болсок, өлүп калмак экенбиз. Алар бомбалай башташты. Биз Ал-Шифадан качып чыктык. Уулум жарадар болду. Аны ооруканада дарылансын деп таштадым. Мен аны өзүм менен кошо алып кете албадым. Катуу чарчаган элем, корктум", - деди Самира Ал-Хоар.

Ал Ал-Шифа ооруканасында калган уулу менен байланыша албай калганын кошумчалады.

Reuters кабарлагандай, жума күнү Ал-Шифа ооруканасынын короосуна ракеталар түшкөн. Ал үчүн газалыктар Израил армиясын айыптаса, расмий Тель-Авив АКШ менен Евробиримдик террорчул уюм деп тааныган ХАМАСтын согушкерлерине доомат арткан.

Газадагы эң ири оорукана жарыксыз калды

Ал-Шифа ооруканасы, 10-ноябрь, 2023-жыл.
Ал-Шифа ооруканасы, 10-ноябрь, 2023-жыл.

Ал-Шифа Газа тилкесиндеги эң ири оорукана. Соңку күндөрү бул оорукананын айлана-тегерегинде согуштук аракеттер күчөдү. Газа шаарында жайгашкан бул оорукананын жанында жекшемби күнү Израилдин жөө аскерлери менен ХАМАС радикал тобунун ортосунда кармаш жүрүп жатканы кабарланды.

Мындан улам миңдеген бейтаптар, качкындар жана дарыгерлер баш калкалаган бул ооруканада электр жарыгы өчүп калды. Бейтапкананы тамак-аш жана керектүү каражаттар менен жабдыган жолдор да жабылганы белгилүү болду.

Эл аралык маалымат каражаттары палестин жетекчилерине шилтеме кылып жазгандай, ооруканада электр жарыгы үзгүлтүккө учураганы үчүн эки ымыркай чарчап калды жана дагы ондогон ымыркайлардын өмүрү коркунучта турат.

Би-Би-Си бул оорукананын хирургия бөлүмүндөгү керебеттерде 20 жаңы төрөлгөн ымыркай жатканын көрсөткөн сүрөттү жарыялап, алар инкубатордук кароого муктаж экенин билдирди.

11-ноябрда Израил армиясынын өкүлү Даниел Хагари оорукананын чыгыш тарабы бейтапканадан чыгып кетүүнү каалаган газалыктар үчүн ачык экенин, жекшемби күнү ымыркайлар коопсуз жайга жеткирилерин билдирди.

"Оорукананын кызматкерлери менен түз жана утур-утур сүйлөшүп жатабыз. Шифа ооруканасынын жамааты бизден педиатрия бөлүмүндөгү ымыркайларды эртең [жекшембиде] коопсузураак бейтапканага жеткирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү. Биз керектүү жардамды көрсөтөбүз", - деди Хагари.

Израилдин президенти Ицхак Герцог оорукананын жер төлөөсүндө ХАМАС тобунун жоочулары болушу мүмкүндүгүн билдирип, Ал-Шифа ооруканасында электр жарыгы өчкөнү тууралуу маалыматтарды четке какты.

Ок атышууну токтотуу чакырыгы

Газада согуш башталганына алтынчы аптага аяк басты. ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан миңдеген ракета аткан. Андан кийин согушкерлер Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, музыкалык фестивал өтүп жаткан жерде жүздөгөн адамды өлтүрүшкөн жана 200дөн ашуун кишини барымтага алып кетишкен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. Тынымсыз чабуулдардан Газада миңдеген жайкын тургундардын өмүрү кыйылды.

ХАМАС радикал тобу башкарган Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар. Газада өлгөндөрдүн арасында эл аралык уюмдардын кызматкерлери, журналисттер да бар.

Эр-Риядга чогулган араб жана мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери. 11-ноябрь, 2023-жыл.
Эр-Риядга чогулган араб жана мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери. 11-ноябрь, 2023-жыл.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү, эл аралык уюмдар Израилди Газада ок атууну токтотууга чакырып жатышат. 11-ноябрда Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында араб жана мусулман өлкөлөрү кезексиз жыйынга чогулушуп, Израилди Газадагы аскердик операцияларын тезинен токтотууга үндөштү.

Араб лигасы менен Ислам кызматташтык уюмунун биргелешкен жыйынына калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн 57 өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрү катышты. Жыйындын соңунда кабыл алынган коммюникеде "Израил согуштук кылмыштарды жана адамзатка каршы кылмыштарды жасап жатканы" белгиленип, Эл аралык кылмыш соту аларды иликтеши керек экени жазылган. Расмий Тель-Авив мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Кыргызстандын позициясы

Эр-Рияддагы жыйынга катышкан президент Садыр Жапаров Газада "зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготуулар" болгонун айтып, Кыргызстан аталган тилкедеги "карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр" экенин билдирди.

"Биз палестиналык боордошторубузга тышкы агрессияны жана бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле гуманитардык жардам берүү биздин жалпы милдетибиз деп эсептейбиз.
Газа тилкесиндеги уруш аракеттери Палестина элинин көп сандаган курмандыктарына жана азап-кайгысына алып келди, бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофа. Бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе балдар менен аялдардын өмүрлөрү кыйылышы кабыл алынгыс жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш.
Жарандык инфраструктурага, мектептерге, ооруканаларга жана турак жайларга тандоосуз кол салуу эл аралык гуманитардык укукту бузуу гана эмес, адам укуктарын да олуттуу бузуу болуп саналат", - деди ал.

Садыр Жапаров Кыргызстан "палестин элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын" тааный турганын айтып, "палестиналыктардын каалоолоруна жооп берген бирден-бир туура чечим - Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жана Башкы Ассамблеясынын тиешелүү резолюцияларынын аткарылышы" экенин белгиледи.

Мындан тышкары Жапаров "Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешин жана Башкы Ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан Газа тилкесиндеги зордук-зомбулукту токтотуу жана Газа тилкесиндеги коопсуздук кризисин жөнгө салуу үчүн эффективдүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырарын" кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын 9-ноябрда Ташкент шаарында өткөн саммитинде да Газа тилкесиндеги согуш аракеттерин токтотууга жана сүйлөшүү процесстерин баштоого чакырган.

Израилдин жүйөсү

Израилдин аскерлери. Газа. 8-ноябрь, 2023-жыл.
Израилдин аскерлери. Газа. 8-ноябрь, 2023-жыл.

11-ноябрда Изрилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ок атууну токтотуу боюнча эл аралык аренада тынымсыз айтылып жаткан чакырыктарды четке какты. Ал ХАМАС радикал тобунун туткунундагы 239 адамды бошотуу шарты кошулмайынча ок атышпоо келишимине макул эмес экенин белгиледи.

"Миссия аткарылмайынча токтобойбуз. "ХАМАСка-Ислам мамлекетине" каршы согуш толук кандуу жүрүп жатат. Анын бир гана максаты бар. Ал жеңишке жетүү", - деди Нетаньяху.

Израилдин бийлиги ХАМАС радикал тобунун Газадагы 16 жылдык бийлигин кулатууга жана бул топтун аскердик кудуретин жок кылууга убада берүүдө. Расмий Тель-Авив соңку согушка чейин 2 миллиондой адамдын жашаган Газа тилкесиндеги жайкын тургундардын өлүмү үчүн ХАМАСтын жоочуларын күнөөлөп жатат.

Ошол эле маалда Израилдин жоочуларга жообу пропорционалдуу болбогону тууралуу билдирүүлөр БУУнун деңгээлинде айтылып жатат.

Дүйнөнүн булуң-бурчунда Газадагы палестиндерди колдогон да, антисемитизмди сынга алган да акциялар өтүп жатат. 11-ноябрда Лондон шаарында палестиндерди колдогон 300 миңдей адам жүрүшкө чыгып, Израилди ок атууну токтотууга чакырышты. Ушундай эле акция Парижде да өттү. Жекшемби күнү француз баш калаасында антисемитизмге каршы жүрүш өтөрү күтүлүп жатат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG