Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Кыргызстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу үчүн даярдык көрүүдө


“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык көрүү иштери
“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык көрүү иштери

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык көрүп, дарыянын нугун буруу үчүн жардыруу иштерин өткөрдү. Ушу тапта өкмөт ГЭСти курууга инвестор издеп жатат. Эл аралык каржы булактарынан жардам сурап жатканы дагы белгилүү болду. Акыркы жылдары кургакчылык жана суу тартыштыгынан улам энергетикалык кризиске кабылган Кыргызстан бул электр станцияны куруу экономика үчүн маанилүү экенин айтып келет. ГЭС 2024-жылы курула баштап, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрмөкчү. "Азаттык" “Камбар-Ата 1” ГЭСи курула турган жерге барып, учурдагы иштер менен таанышып келди.

Узак жылдардан бери сөз болуп келе жаткан “Камбар-Ата 1” ГЭСи Токтогул районунун аймагында, Ош - Бишкек жолунан 18 чакырым алыстыкта курулат. Учурда ГЭСтин негизги объектилерине бара турган жолдор оңдолууда.

"Камбар-Ата 1" ГЭСине баруучу жол
"Камбар-Ата 1" ГЭСине баруучу жол

“Электр станциялар” ишканасынын башкы директору Осмон Качкынбаев инвестор тартуу үчүн кыргыз өкмөтү инфраструктураны жакшыртууну өзү колго алганын билдирди. Ошондой эле совет доорунда курулушу аягына чыкпай калган туннелди казуу уланып жатканына дагы күбө болдук.

"Камбар-Ата 1" ГЭСине баруучу туннель
"Камбар-Ата 1" ГЭСине баруучу туннель

“Биз турган жер экинчи транспорттук туннел деп аталат. Бул ГЭСтин компоненттерине кирет. Себеби ушул туннел аркылуу бардык жабдуулар, чоң генераторлор ташып өткөрүлөт. Анткени сырттагы рельеф шартка туура келбейт. Мунун жалпы узундугу 1380 метр, бирок 126 метр аягына чыга элек болчу. Азыр 90 метрдей жер калды”, - деди Качкынбаев.

Биз барган күнү “Камбар-Ата 1” ГЭСи курула турган аймакка бара турган жолду кеңейтүү жана Нарын дарыясынын нугун буруу үчүн узундугу 180, туурасы 30 метр болгон тилкеде жардыруу иштери жүргүзүлдү.

Бул жардыруунун себебин “Электр станциялар” ишканасынын башкы директору Осмон Качкынбаев мындайча түшүндүрдү:

"Бул жер эл арасында "Бака-Шака" деп аталып жүрөт. Анткени дайыма ошол жерге тоодон кум-таштар кулап, суунун нугу тоо тарапка ооп бараткан. Анын үстүнө кышында суу тоңгондо жолго чейин жетип калат экен. Ошондуктан аталган тилкени жардырып, ошол жерден сууну алып өтүүнү көздөп жатабыз. Бул жолду кеңейткенге да мүмкүнчүлүк түзөт".

"Камбар-Ата 1" ГЭСинин башкы планы.
"Камбар-Ата 1" ГЭСинин башкы планы.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун утурлаган инфраструктураны салуу иштерин өз алдынча былтыр баштаган. Президент Садыр Жапаров станциянын курулушунун башталышына 2022-жылы 8-июнда старт берген. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, курулуш үчүн 1 млрд 555 млн сом бөлүнгөн:

“352 миң 739 куб метр көлөмдө тоо кыртышын казуу жана курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлдү. 1056 куб көлөмдө бетон төшөлдү. Узундугу 2500 метр 110 кв аба чубалгысы тартылды. Бул планды ишке ашыруу үчүн 1 млрд 555 млн сом бөлүнгөн”.

Ушу тапта кыргыз өкмөтү “Камбар-Ата 1” ГЭСин курууга потенциалдуу инвесторлорду издеп жатат. Буга чейин президент Жапаров Бээжинге сапарында “Камбар-Ата 1ди” курууга кытай ишкерлерин чакырып, кийинчерээк Азия өнүктүрүү банкынан каржылык жардам сураган. Ал эми Тышкы иштер министрлиги долбоорго Орусия да кызыгып жатканын айткан эле.

Ошондой эле быйыл январь айында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун жол картасына кол коюшкан. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошкон. Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарары жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган.

Бирок бул сүйлөшүүлөр аягына чыга электигин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 15-ноябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди:

“Ал боюнча биздин министрлер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Азырынча эч кандай жыйынтык чыга элек”.

Буга чейин Министрлер кабинети өткөргөн жыйында “Электр станцияларын куруу дирекциясы” ачык акционердик коомунун өкүлдөрү аталган станцияны курууну тездетүү үчүн бул долбоорго улуттук долбоор статусун берүүнү да сунуштаган.

Ал тапта Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясынын (ГЭС) долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион доллар бөлөрү маалым болду. Анын 2 миллион доллары донордук грант түрүндө берилери айтылды.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан Дүйнөлүк банктан дагы 500 млн доллар сурап жатканын айтты. Бул карыздарды “Камбар-Ата 2” ГЭСинен түшкөн каражаттар менен төлөөгө мүмкүнчүлүк бар дейт ал:

Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

“Дүйнөлүк банк 500 млн доллар бөлүп бергенге биздин суранычты карап жатат. Мындан ары “Камбар-Ата 1” ГЭСин курууга Дүйнөлүк банк өзүнүн көзөмөлүнө алып, башка банктарды, донорлорду тартып долбоорду аягына чыгарабыз деп сүйлөшүп жатабыз. Эгерде “Камбар-Ата 1” курулуп калса, 4-5 жылда келип жаткан суунун аздыгын сезбей калабыз. “Камбар-Ата 1де" жылына 5 млрд 600 млн кВт саатка чейин электр энергия чыгат. Андан кийин “Камбар-Ата 2ге” келип түшөт. Азыр “Камбар-Ата 2нин” экинчи агрегатын коё беришибиз керек. “Камбар-Ата 2” ГЭСи 240 мВт электр энергиясын иштеп чыкса, биз анын акчасы менен “Камбар-Ата 1” үчүн алган кредитибизди кутулганга мүмкүнчүлүгүбүз болот. Башкача айтканда, экинчи ГЭС иштейт, анын тапкан акчасы менен “Камбар-Ата 1ге" короткон насыяны жапканга мүмкүнчүлүк түзүлөт”.

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин түзүлүш схемасы
“Камбар-Ата-1” ГЭСинин түзүлүш схемасы

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 2 миллиард 916 миллион доллар кетерин маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Айрым эксперттер долбоордун наркы 4-5 миллиард долларга чейин жетиши мүмкүн экенин айтып келишет. Эгерде ГЭСтин курулушу ишке ашса, анда бул Кыргызстан көз карандысыздыкка жеткенден бери өлкөнүн тарыхындагы эң кымбат долбоор болуп калмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG