Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Клооп: "Камбар-Атадагы" Бакиевдер менен байланышы бар "инвестор"


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Камбар-Ата" ГЭСине барган учур. 2022-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Камбар-Ата" ГЭСине барган учур. 2022-жыл.

Энергетика министрлиги “Клооп” басылмасынын иликтөөсүндө айтылган “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди.

Ага ылайык, аталган компания "Камбар-Ата-2" ГЭСине 1,5 млрд. сом салып, аны электр энергиясы менен кайтарып алат. Иликтөөчүлөр инвестор аталган “МБТ Строй” Бакиевдерге байланыштуу компания экенин, аларга электр энергиясын текейден арзан берүү пландалып жатканын жазып чыгышкан. Алар ГЭСтин өзүндө майнинг-ферма иштетиши күтүлүүдө деп эсептешет.

Энергетика министрлиги менен “МБТ Строй” компаниясынын кызматташуусуна Акылбек Жапаровдун 2023-жылдын 16-июндагы токтому түрткү болгондой. Документте “МБТ Строй” компаниясы менен иштешүү сунушталган. Алгач келишимдин жол-жобосун, андан кийин жеке компаниянын Бакиевдер менен байланышына токтололу.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун токтому.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун токтому.

"МБТ Строй" менен министрликтин келишими

5-июлда Энергетика министрлиги Алексей Зайцевдин "МБТ Строй" компаниясы "Камбар-Ата-2" ГЭСин модернизациялоо жана инфраструктурасын реконструкциялоого 1,5 млрд. сом салууга даярданып жатканын расмий тастыктады.

Жеке компания анын ордуна ГЭСте өндүрүлгөн энергиядан 30 МВт алып, ага майнинг иштетиши мүмкүн. Муну министрдин орун басары Талайбек Байгазиев деле танган жок.

"Негизи сунушта "дата борбору" деп келди. Майнинг болобу, биз ага кийлигише албайбыз. Алар каалагандай колдонушат. Башка эч кимден сунуш келген жок", - деди Байгазиев.

Байгазиевдин айтымында, 2010-жылы ишке берилген “Камбар-Ата-2” бир учурда 120 МВт электр энергиясын өндүрө алат. Бирок анын линиялары 90 МВт гана туруштук берип, ортодо 30 МВт энергия колдонулбай турат. Аны “МБТ Строй” компаниясына берүү пландалууда.

Компания “Камбар-Атага” салган акчасын акташ үчүн ГЭСтен 5-10 жыл энергия алышы күтүлүүдө. Бир МВттын баасы 50-60 тыйынга бааланууда. Бул калкка берилип жаткан баадан алда канча арзан.

"Биз ошол 30 МВтты колдонбой элебиз да. Жөн тургандан көрө акча тартып алалы. Мамлекеттин каражаты бул жерге жетишпей атат. Компания өз акчасын салабы же сырттан алып келеби ишибиз жок. Мамлекет бизге акча берсе, өзүбүз эле оңдоп-түзөп алмакпыз. Булар өзүн актагандан кийин электр энергиясынын баасы өзгөрөт. Бул эми 5-10 жылда болушу мүмкүн", - деп түшүндүрдү Байгазиев.

Кыргызстанда майнинг фермаларга мамлекет өндүргөн электр энергияны колдонууга тыюу салынган. Алар жеке менчик ГЭСтер менен гана иштеше алат. Анткени кыш мезгилинде электр энергиясы жетишпей, жарык маал-маалы менен өчүрүлүүдө. Бирок Энергетика министрлиги жогоруудагы айтылган чектөөгө азыноолак өзгөртүү киргизилгенин айтып, бирок анын жол-жобосун толук түшүндүргөнгө макул болгон жок. Мекеме бүгүнкү тапта жалпы түйүндөн бир эле майнинг ферма энергия алып жатканын билдирди.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев окуя боюнча мындай деди:

"Камбар-Ата мамлекеттик стратегиялык объект. Анда кандайдыр бир жеке менчик компания иштебеши керек. Эгер ал жерде майнинг иштесе, анда элге электр энергиясы жетпей калышы толук мүмкүн. Анткени майнинг энергияны аябай көп талап кылат. Анын үстүнө акыркы учурда энергетика тармагында маселе жаралууда. "Токтогулда" суу азайып баратат".

Быйыл кышында электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жеткен. Ушундай эле көрүнүш жайында да кайталанууда. Мындан улам энергетика тармагы реформага муктаж экени айтылып келет.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, “МБТ Строй” компаниясына Алексей Зайцев ээлик кылат. Алгач Зайцевдин таржымалына токтолуп, андан кийин маселени кенен айтып берели. Анткени "Клооп" басылмасы "Камбар-Ата-2" ГЭСине акча сала турган Зайцевди Максим Бакиевдин жакыны катары сүрөттөөдө.

“МБТ Стройдун” ээси Зайцев деген ким?

Алексей Зайцев 2022-жылдын 18-июлундагы №239 жарлыгы менен кыргыз паспортун алган. Ага чейин Орусиянын жараны болчу. Орусияда металл менен иштеген “А Групп” корпорациясынын кожоюну, орус ЖМКларындагы маалыматтарга караганда, ал жактагы ишмердигин азыркыга чейин улантып келет.

Алексей Зайцев
Алексей Зайцев

Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, Бишкектеги Мурманск 56 дарегинде 2019-жылдын апрелинен бери Алексей Николаевич Зайцев аттуу жарандын “А Групп Восток” аттуу компаниясы иштеп келгени белгилүү. Зайцев 2022-жылдын сентябрь айында дагы бир “А Групп БШК” деп аталган жаңы фирма ачып, анысын да ошол дарекке каттаган.

Мурманск 56 дарегинде жайгашкан даректеги жер тилкеси 2022-жылдын 25-октябрына чейин “Глобал Групп” фирмасынын менчигине караган. “Глобал Групп” фирмасына “Первая строительная компания” менен Central Asia Financial Partnership жабык акционердик коому ээлик кылып келген.

“Первая строительная компания” фирмасын Денис Гладышев, Central Asia Financial Partnership акционердик коомун Бакыт Закиров жетектеген. 2010-жылдан кийин жүргөн тергөө иштеринин документтери боюнча, экөө тең Максим Бакиевдин күмөндүү алдамчылык схемаларына чырмалышкан жана аны менен ынак мамиледе болгон.

“Бул жайды он беш жыл мурда Максим Бакиевдин айланасындагылар басып алган, база азыр да аларга карайт. 2022-жылы Зайцев президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кыргыз жарандыгын алган. Ушул эле жарлыктын негизинде Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мурдагы жетекчиси Евгения Судец жана анын күйөөсү Владимир Андросик да жарандык алган”, - деп жазат “Клооп”.

2023-жылдын мартында "ПолитКлиника" басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиевдин "Мегаком" уюлдук операторун рейдерлик жол менен басып алуусуна байланышы болгон деген иликтөөсүн жарыялаган.

Бакиевдер өлкөдөн качканда Убактылуу өкмөт "Мегакомду" улутташтырган. 2023-жылдын башында "Мегаком" Судец башкарган Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкаруусуна өтүшү керектиги белгилүү болгон. "ПолитКлиниканын" иликтөөсү чыккандан кийин Судец банктын жетекчилик кызматынан кеткен.

Владимир Андросик Кыргызстанга келери менен 2022-жылдын ортосунда “Айти Капитал” аттуу фирма түздү. Фирма буга чейин Максим Бакиевдин атына байланышып келген Мурманск 56 дарегинде жайгашкан.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG