Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Күрөш (U-23): Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону болду


Архив сүрөт. Мээрим Жуманазарова Түркияда өткөн "Yasar Dogu" эл аралык мелдешинде. 25-февраль, 2022-ж.
Архив сүрөт. Мээрим Жуманазарова Түркияда өткөн "Yasar Dogu" эл аралык мелдешинде. 25-февраль, 2022-ж.

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынды. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта күч сынашкан Жуманазарова айлампа тартибинде үч беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын тең ири эсеп менен утту. Биринчи айлампада индиялык Аржу Аржуну 11:1, экинчи айлампада өзбекстандык Азода Эсбергенованы 10:0, үчүнчүдө казакстандык Альбина Кайргелдинованы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, алтын медал тагынды.

Бул күнү күрөштүн бул түрүнөн беш салмакта байгелер ойнотулду. Буга чейин 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы төрт атаандашын утуп, 23 жашка чейинкилер арасында мөөнөтүнөн мурда Азия чемпиону аталган. Андан сырткары бул күнү 55 килограмм салмакта Арууке Кадырбек кызы жана 59 килограмм салмакта Сезим Жуманазарова коло байгенин ээси болду.

Кыз-келиндер күрөшүнөн сырткары 24-июнда грек-рим күрөшү боюнча үч салмакта таймаштар өтүп, Азат Салидинов (87 кг) менен Эрмек Каныбек уулу күмүш байгенин ээси болушту. Күрөштүн бул түрүнөн кечээ, 23-июнда кыргызстандык балбандар үч алтын, төрт күмүш байгеге ээ болгон. Жалпы таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курама командасы 10 салмактын ичинен үч алтын жана алты күмүш байге алып, командалык эсепте 1-орунду ээледи (205 упай). 2-орунду Индия (160 упай), 3-орунду Казакстан алды(160 упай).

25-июнда кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта жана эркин күрөштөн беш салмакта таймаштар болот. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айжан Сабырбек кызы (53 кг), Калмира Билимбекова (57 кг), Бермет Нуридин кызы (62 кг), Дилназ Сазанова (65 кг) жана Нурзат Нуртаева (72 кг) күрөшөт. Эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Орозобек Токтомамбетов жана Каныбек Абдулхаиров (97 кг) чыгат. 26-июнь күнү эркин күрөштөн жети салмакта таймаштар өтүп Азия чемпионаты жыйынтыкталат. Буга чейин 19-июндан 22-июнга чейин 17 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктап, кыргызстандык балбандар алты алтын, бир күмүш жана алты коло байге алган.

Мээрим Жуманазарова 23 жашта. Чоңдор арасында Азия чемпионатынын алтын (2021-ж) жана күмүш байгесинин(2022-ж.) ээси. 2021-жылы Олимп оюндарында коло байге алып, дүйнө чемпиону да болду. Жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG