Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Күрөш: Гүлнура Таштанбекова Азия чемпиону болду


17 жашка чейинкилер арасында кыздардын эркин күрөшүнөн Азия чемпионатынын байге ээлери (65 кг). Гүлнура Таштанбекова (алтын, Кыргызстан), Пулкит Пулкит (күмүш, Индия), Севинч Султонова (коло, Өзбекстан). "Бишкек-Арена" музмайданы.
17 жашка чейинкилер арасында кыздардын эркин күрөшүнөн Азия чемпионатынын байге ээлери (65 кг). Гүлнура Таштанбекова (алтын, Кыргызстан), Пулкит Пулкит (күмүш, Индия), Севинч Султонова (коло, Өзбекстан). "Бишкек-Арена" музмайданы.

Кыргызстандык Гүлнура Таштанбекова Бишкекте өтүп жаткан 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Таштанбекова 21-июнда 17 жашка чейинкилер арасында кыздардын эркин күрөшүнөн 65 килограмм салмакта финалда индиялык Пулкит Пулкитти жеңди.

Бул салмакта кыздар айлампа тартибинде күч сынашты. Таштанбекова алгач индиялык Пулкит Пулкитти (2:2), кийин түштүк кореялык Еунсо Чону (4:0), жапониялык Сава Хигашини (3:0) жеңип финалга чыккан. Алтын байге үчүн кайрадан индиялык Пулкит Пулкит менен күрөшүп, атаандашынын далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда таза жеңишти камсыздады (5:0). Таштанбековадан сырткары кыргызстандык үч балбан кыз: Диана Амантурова (43 кг), Айтолкун Медет кызы (57 кг) жана Жаркынай Нурлан кызы (61 кг) коло медал тагынышты.

Кыздардын эркин күрөшү боюнча таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы бир алтын жана үч коло байге менен (U-17) командалык эсепте сегиз өлкөнүн арасынан 4-орунду ээледи (136 упай). 1-орунду Индия (сегиз алтын, бир күмүш, бир коло. 235 упай), 2-орунду Жапония (төрт күмүш, эки коло. 143 упай), 3-орунду Монголия алды (бир алтын, эки күмүш жана бир коло. 138 упай).

17 жана 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-июнда башталган. "Бишкек-Арена" музмайданында өтүп жаткан таймаштар 26-июнга чейин уланат. Буга чейин 17 жашка чейинкилер арасында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда Кыргызстандын уландар курама командасы (U-17) төрт алтын, бир күмүш жана эки коло байге алып, командалык эсепте 11 өлкөнүн арасынан 1-орунду ээлеген (182 упай). 2-катарда Иран (эки алтын, төрт күмүш, эки коло. 174 упай), 3-катарда Казакстан (эки алтын, бир күмүш жана алты коло. 170 упай) жайгашты.

Бүгүн, 22-июнда эркин күрөш балбандары күч сынашууда. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG