Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Кулов: Кылмышкерди актап, журналистти камоо - этиятсыздык


Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

"Женго" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун лидери делген, криминалдык чөйрөнүн анабашы Кадыр Досонов бир кылмыш иши боюнча акталып, бир кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу абактан бошотулду.

Анын эркиндикке чыгышы өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшкө сынды күчөттү. Коомдук ишмер Феликс Кулов күч органдарынын "караларга" каршы чаралары, кылмыштуу топтордун таасири боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Уюшкан кылмыштуу топтун таасирдүү өкүлү саналып, “Женго” атыккан Кадыр Досоновду райондук сот кылмыш жоопкерчилигинен бошотту. ИИМ былтыр уюшкан кылмыштуу топтун каттоодо 1076 мүчөсү бар деп билдирген. Бул чөйрөнүн Мамлекет алар менен кандай иш жүргүзүшү керек?

Феликс Кулов
Феликс Кулов

- Жагдайды билбей туруп, “Женго” боюнча пикир айтуу кыйын. Анткени сот конкреттүү фактыга таянат. Сот, прокуратура кайсы бир кызыкчылыктарга алдырбай, ишти ийне-жибине чейин кылдат иликтеп чыктыбы? Ал башка маселе. Мен мурдагы ички иштер министри жана жөн эле жаран катары “ууру түрмөдө болушу керек”, “кылмышкер түрмөдө отурушу керек” деген позицияны карманам. Түрмөдө биз каалап турганыбыз үчүн эмес, мыйзам боюнча отурушу керек. Албетте, ал адамдын укуктары эске алынышы шарт.

- Бийлик уюшкан кылмыштуу топтор аралашкан көрүнүштөргө көз салып, күрөш жүргүзүп жатабы? Сиздин байкооңуз кандай?

- Мен жакында эле ички иштер министри менен баарлаштым. Алар иш-чараларды кесипкөй уюштуруп жатат. Ички иштер органдарындагы көйгөйлөрдүн бири - оперативдүү кызматтардын, биринчи кезекте кылмыш издөө багытында квалификациялуу кадрлардын, тергөөчүлөрдүн жетиштүү даярдалбай жатышы. Бул өтө маанилүү. Кадрлардын кирди-чыктысынын көптүгү, маянанын аздыгы жакшы кадрларды жоготуп жатат. Жакшы кадрлар кетип жатат. Бул кылмыштуулукка каршы күрөштү аксаткан олуттуу себеп. Бул Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке да тиешелүү. Кадрларды чыңдап, кызматкерлердин санын көбөйтүү керек.

Анан албетте, соттор ар бир ишке өз деңгээлинде олуттуу мамиле жасашы керек. Эмне үчүн нааразылык болуп жатат? Мисалы, кайсы бир кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү адамын бошотуп, кайсы бир журналистти же саясатчыны түрмөгө камап коюшат. Мындайда кылмыштуу топтун өкүлүнүн күнөөсү бар-жогу эсепке алынбайт. Мындайда эл эч качан бийликтин пайдасына пикир айтпайт. Ошондуктан бул маселелерге бийлик кылдат карашы керек.

Журналистти же саясатчыны дароо эле камоо ашыкча. Алар саясий жактан жетик адамдар, эскертүү менен чектелүү жетиштүү. Алар табияты жана мүнөзү жагынан дегеле кылмышкер эмес. Коомдук коопсуздукка, калкка коркунуч келтирбейт. Болгону өзгөчө пикири бар.

- Ишкер чөйрөдө, айрыкча чакан ишкерлер арасында басым көп, уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттери жанданып жатат деген пикирлер айтылып жатат. Мындай көрүнүш эмнеден кабар берет?

- Бул - биздин коомдогу ачык айкындуулуктун көрсөткүчү. Ар бир факт коомчулуктун көз кырында болуп турат. Эл унчукпай коё албайт. Экинчиден, бул экономикалык жагдайга көз каранды. Кризис жан багуу кыйын экенин көрсөтүп жатат. Айрыкча Орусияга киргизилген санкциялардын таасири биздин элге да тие баштады. Мындай шартта кылмыштуу топтордун дагы жандана баштаганы турган нерсе. Болгондо да алар бийликтин же кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлдөрүнүн аттарына жамынышы мүмкүн. Мындайда албетте, эл шекший баштайт. Анткени ишкердик бул -тиричилик, жашоо үчүн күрөш. Ошондуктан менин баамымда, мындайда милиция өтө катаал аракеттерге барышы керек.

- Азыркы милициянын ага күчү жетеби?

-Жакында прокуратура бир топ кылмыштар жаап-жашырылганын аныктады. Мисалы, Ошто милиция кылмыш ачуу көрсөткүчүн жасалма жогорулатып койгон. Кылмышты ачуунун жогорку көрсөткүчүнө жетүүнүн артынан түшүү мыйзамсыздыкка алып барат, кылмышты жашыруу башка кылмыштарды күчөтөт. Милицияны начар көрсөткүч бергени үчүн эмес, ар бир фактыга жеткиликтүү маани бербегени үчүн урушуу керек. Батышта, мисалы, кылмышкерлерди жашырбайт. Тескерисинче, канча кылмыш көп болсо, кызматкерлердин санын ошончо көбөйтүп турат. Биз кылмыштын азайып калганын көрсөткүбүз келет. Андай эмес. Биз баа берүү критерийлерин өзгөртүшүбүз керек.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG