Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:30

Тоолуу Бадахшанда тогуз киши набыт болуп, ондогону жараат алды


Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы нааразылык. 16-май күнкү окуя.
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы нааразылык. 16-май күнкү окуя.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы "антитеррордук операция" учурунда "сегиз жоочу жок кылынды" деп маалымдады. Дагы он чакты киши жараат алды. Жергиликтүү басылмалар аймакта атышуу болуп жатканын жазды.

Мунун алдында өкмөттүк аскерлер менен жергиликтүү тургундар кагылышып, бир адам набыт болгон. Бадахшанда былтыр күздөгү ири нааразылык акцияларынан бери чыңалуу сакталып турат.

Курчуган кырдаал

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшан автоном облусунда "антитеррордук операция" башталганын 18-майда жарыялады. Кечирээк анын жыйынтыгы тууралуу маалымат таратып, операциянын жүрүшүндө "бир нече жоочу" жок кылынганын кабарлады.

“200 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топ коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында Дүйшөмбү-Хорог автожолунун Рушан районундагы үч тилкесин мыйзамсыз бууп салышты. Кылмыштуу топтор бул аракеттерге сырттан курал-жарак жана ок дары жеткирүү максатында жабууга даярданып келишкен. Бир сыйра эскертүү берилгенине карабай кылмыштуу топтун мүчөлөрү куралдарын ыктыярдуу түрдө таштаган жок жана конституциялык түзүлүшкө каршы жүрүштөрүн улантып жатышты. Соңунда алар террордук мүнөздөгү аракеттерге өтүштү. Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдары антитеррордук операция баштады. Анын натыйжасында террордук топтун сегиз жоочусу жок кылынды, 11и жарадар болуп, 70и кармалды. Жабыркагандар арасында жергиликтүү тургундар жок экенин белгилейбиз”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Операция учурунда бир офицер каза болуп, 13 кызматкер жарадар болгон. Каршылык көрсөткөндөрдөн курал-жарак жана ок-дарылар алынды. Кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Укук коргоо органдары башка жарандарга курал-жарактарын ыктыярдуу түрдө тапшырууга үндөп жатат.

Мунун алдында Pamir Daily News басылмасы Телеграм-каналында күч кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар атышып жатканын жазган. Канал ошондой эле бир тик учак атып түшүрүлгөнүн, он чакты адам өлгөнүн жергиликтүү тургундарга таянуу менен кабарлаган.

Тажикстандын укук коргоо органдары каршылык аракеттерине чет өлкөлүк күчтөр аралашканын, курал-жарак сырт жактардагы уюмдардан алынганын, теракттарды, чагымчыл аракеттерди жасоо үчүн согушкерлер жалданганын билдирүүдө. Ал кайсы уюмдар экени такталган жок.

Жергиликтүү тургундар алар өз укугун коргоо үчүн тынчтык максатта акцияга чыгышканын билдирип келет. Бир катар эл аралык уюмдар жана чет жактагы тажик оппозициясы памирликтерди куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

“Тажикстандын улуттук альянсы” оппозициялык кыймылынын жетекчисинин орун басары, теги бадахшандык, азыр Польшада жашаган Алим Шерзамонов “Настоящее время” телеканалына 17-майда курган маегинде буларды билдирген:

“Каршылык токтогон жок. Учурда тургундар өздөрү жашаган жерлерде чогулуп, нааразылыктарын улантып жатышат. Байланышты үзүш үчүн Хорогдун кичи райондорунун ортосун тосуп салышты. Кытайга кеткен жол жабылган. Кырдаал чыңалган бойдон калууда. Былтыр 25-ноябрдан баштап, бүгүнкү күнгө чейин бийлик күч колдонуу ыкмасын менен иш жүргүзүүдө. Бийлик эл менен башында түзгөн келишимин да жокко чыгарып, өз билгенин кылып жатат”.

Соңку кырдаал 14-майдан баштап курчуган. Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча, нааразылык акциялары улана берерин "Озоди" радиосуна айткан.

Нааразылыкка чыккандар 16-майда облус борбору Хорогдо милициянын имаратына бастырып кирүүгө аракет кылышкан. Чогулган жаштардын тобун токтотуу үчүн күч кызматкерлери көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгон. Натыйжада милицияга кол салгандардын бири, жергиликтүү тургун каза тапканын укук коргоо органдары ырастаган.

17-майдагы кагылышууда жабыркагандар тууралуу расмий айтылган жок, башка булактар бир нече киши жарадар болгонун жазды.

Өлкө бийлиги мамлекеттик медиаларда чектелген гана маалыматтарды таратууда, көз карандысыз басылмалардын айрымдарына Тоолуу Бадахшан тууралуу жазууга тыюу салып койгон. “Азия-Плюс” агенттиги бийликтин кысымынан улам соңку окуяларды чагылдыруудан баш тартканын билдирди. Аймактын өзүндө интернет өчүрүлгөн, операция башталгандан кийин уюлдук байланыш дагы үзүлдү.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги мурдараак тараткан билдирүүсүндө, соңку башаламандыктарды уюштурууга Бадахшан аймагындагы бейформал лидер Мамадбокир Мамадбокировду, чет жактагы оппозициялык саясатчы Алим Шерзамоновду жана көз карандысыз журналист, укук коргоочу Улфатхоним Мамадшоеваны айыптап, кылмыш ишин козгогон.

"Азаттыктын” тажик кызматы байланышкан учурда Мамадбокиров комментарий берүүдөн баш тарткан. Шерзамонов өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, муну нааразы адамдарды камоо аракети катары мүнөздөгөн.

Журналист Улфатхоним Мамадшоева Fergana.media басылмасы буларды билдирген:

“Коюлган айыптар – таптакыр абсурд. Эгер мен бир нерсе уюштурсам, анда баарынан алдыда жүрмөкмүн. Мен ошондой адаммын. Мен аз убакыт мурда Памирде болгом. Бирок Дүйшөмбүгө келгенден кийин ал жакта эмне болуп жатканына кабарым да жок. Тескерисинче, мен ал жакта жүргөнүмдө жарандык активдүүлүк басаңдаганын байкаган элем. Азыр болсо баары заматта будуң-чаң түшүп жатып калды. Менимче, мунун баары Чоршанбе Чоршанбиевге болгон адилетсиз сот өкүмүнө улам чыкты окшойт”, - деген ал аталган басылмага.

ММА лигасынын спортчусу Чоршанбе Чоршанбиев Орусиядан экстрадицияланып келгенден кийин, 13-майда сот аны 8 жарым жылга абакка кескен. Тоолуу Бадахшанда туулган Чоршанбиев конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык таштаган деп айыпталган.

Жаңжалдын төркүнү

Кийин чыккан маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 25-ноябрында Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Шохдар айылында оор кылмыштар үчүн айыпталган Гулбиддин Зиёбеков аттуу жаранды кармоо операциясы учурунда ал каза болуп калган. Буга байланыштуу анын жакындары жана аймактын тургундары облус борбору Хорог шаарындагы акимчиликтин алдында чогулган.

Бийликтин аларды таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.

Прокуратура Зиёбеков “Уюшкан топ тарабынан барымтага алуу”, “Улуттук, расалык, диний кастыкты козутуу” деген беренелер менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын кабарлаган. Укук коргоо органы ал 2020-жылы прокурордун жардамчысын кыйноого алып, сабаган деп кине таккан. Бирок нааразылыкка чыккандар муну төгүндөп, кырдаал курчуган.

Нааразылыкка чыккандардын саны 5 миңге чейин жетип, алар жергиликтүү акимчиликтин имаратына таш ыргытып, чабуул жасаганга аракет кылган. Төрт күнгө созулган акцияны полиция ок атып араң тараткан. Күч кызматтары ок эскертүү иретинде асманга атылганын билдирген, бирок окуядан ондогон киши жараат алган. Ал тургай айрым басылмалар ошол күнү жараат алган үч киши мерт болгонун жазышкан.

Мындан кийин бадахшандык лидерлерди кармоо аракети башталган. Орусияда жүргөн Амироддин Аловатшоев эктрадицияланып, 18 жылга жатак абакка кесилген. Жарандык активист Ифтихор Саидбеков кармалып, жогоруда белгиленген Мамадбокир Мамадбокиров менен Чоршанбе Чоршанбиевдерге да бийликти басып алуу тууралуу айыптар тагылган.

Тажик бийлиги жергиликтүү элден “каршылык акцияларына катышпоо тууралуу” тил кат алып, текшерүү чараларын күчөткөн. Аймакта дээрлик беш-алты айдан бери интернет жана башка байланыш каражаттарына чектөө кирген.

Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган. Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун жергиликтүү өкүлчүлүгү да камтамачылыгын билдирген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG