Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 2024-жылы 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя болгонун маалымдады. Маалыматка караганда болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети өлкө аймагында мал кайтарып жүргөн тажик жарандарын байкаган. Алар чек ара сызыгынан 250-300 метрдей кыргыз тарапка кирип кетишкен.

"Чек арачылардын Кыргызстандын аймагынан чыгуу талабына Тажикстандын жарандары көңүл бурбай, тескерисинче аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызстандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган. Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстандын чек арачыларынын арасында жаракат алгандар жок. Чек ара кызматы бир тажик жараны бутуна жаракат алгандыгы тууралуу такталбаган маалымат бардыгын кошумчалады. "Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүрөт гана жөнөтүшкөндүктөн бул жаран кандай жагдайда, качан жана кай жакта жаракат алгандыгы белгисиз", - деп айтылат маалыматта.

Бул окуяга байланыштуу эки өлкөнүн чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болоору күтүлүүдө. Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдай туруктуу экени кабарланды.

2021-2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыштар болгон. Эки тараптан бир канча киши набыт кеткен окуялар үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Соңку расмий маалыматтарга ылайык 50-55 чакырымдай такталбаган тилке калды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG