Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18

Бадахшан: тажик бийлиги алты кишиге талап койду


Бадахшан облусунун Хорог шаарындагы нааразылык акциясы. Тажикстан. 25-ноябрь, 2021-жыл.
Бадахшан облусунун Хорог шаарындагы нааразылык акциясы. Тажикстан. 25-ноябрь, 2021-жыл.

Хорогдун жашоочулары аймакта абал тынч эмес экенин билдирди.

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшандагы бейформал лидерлердин бири Махмадбокир Мамадбокиров менен анын алты шеригин өз эрки менен колго түшүп берүүгө бир жума убакыт берди.

Бийлик бул топту ар кандай оор кылмыштарга айыптап, бирок алар эч кандай мыйзам бузууларга тиешеси жоктугун айтышууда.

Хорог шаарынын мэри Ризо Назарзода жана Бадахшандын бейрасмий лидери Махмадбокир Махмадбокиров.
Хорог шаарынын мэри Ризо Назарзода жана Бадахшандын бейрасмий лидери Махмадбокир Махмадбокиров.

Билим берүүнүн башчысынын арызы

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарынын мэри Ризо Назарзода бейрасмий лидерлердин бири Махмадбокир Махмадбокиров жана издөөдө жүргөн алты кишинин укук коргоо органдарына багынып беришин талап кылууда.

Мэрдин кайрылуусун жергиликтүү “Бадахшан” телеканалы 6-февралда жарыялады. Махмадбокиров автоном облустун билим берүү башкармалыгынын башчысы Лутфулло Наврузовду сабаган деп айыпталууда.

Буга чейин тажик прокуратурасы Махмадбокировго жана анын издөөдө жүргөн алты кишисин уюшкан кылмыштуулукка айыптап, кылмыш ишин козгоду. Лутфулло Наврузов видео кайрылуу жасап, бейформал лидерди террорчулукка айыптап, Хорогдон чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

"29-январга караган түнү саат 20:00дө Хорог шаарынын Хороги Боло маалесиндеги уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Мухаммадбокир Мухаммадбокиров имараттын төртүнчү кабатындагы уктоочу бөлмөгө мас абалында кирип келип, "кайдан болосуң" деди. Мен ага тажик экенимди, Ванж районунда туулганымды айтып, жооп бердим. Ал мени аягына чейин укпай эле кол көтөрдү. Оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, жакындарымды кошо кемсинтип, Ванждын жашоочуларынын дарегине уят сөздөрдү айтып, катуу сабады. «Ванждан болсоң, тез арада буюм-тайымыңды чогултуп Хорогдон чыгып кет» деп курал такап коркутуп, имараттан айдап чыкты. Мен Хорог шаарын таштап кетүүгө аргасыз болдум", - деди Лутфулло Наврузов.

Күч түзүмдөрүнүн талабы, лидерди коргогон эл

Тажикстандын күч түзүмдөрү Лутфулло Наврузовдун арызы боюнча Махмадбокировдун тобуна издөө жарыялап, аларга бир жума ичинде колго түшүп берүү талабын койду.

Айрым жергиликтүү тургундардын ырасташынча, Махмадбокировду кармоо боюнча күч түзүмдөрүнүн атайын операциясын алдын алуу үчүн күнү-түнү нөөмөт уюштурулган.

Хорогдун мэри Ризо Назарзода өз кайрылуусунда шаардыктардан «балдарын нөөмөткө жөнөтпөөнү, дөңгөлөк өрттөп, постторду уюштурууга жана жолдорду бөгөөгө жол бербөөнү» өтүндү.

Ал Махмадбокировду «Хорогдогу уюшкан кылмыш тобунун лидери» деп атап, аны жасаган иштери үчүн мыйзам алдында жооп берерин эскертти. Бирок анын жактоочулары ага тагылган айыптарга макул эмес. "Хорог тобунун" видеокайрылуусунда “Махмадбокиров жабыркаган элге жардам берген адилет адам" деп аталды. Бейформал лидер тескерисинче Хорогдогу мыйзамсыздыкка каршы экенин айтышууда.

Махмадбокир Махмадбокиров өзү ага жалаа жабылып жатканын белгиледи:

"Мен Махмадбокир Махмадбокиров Хорогдогу облустук билим берүү башкармалыгынын башчысын урган эмесмин. Эч кандай жердешчилик болгон эмес. Менин ал мугалим менен эч кандай маселем жок. Бирок ал теледен сүйлөгөндө мен «террорист» деп жалаа жапты. Мугалим калп айтпашы керек. Ал өз сөзүндө мени кайсы бир террорчу катары жаманатты кылды. Жеке мен мугалимдерди абдан сыйлайм", - деди Махмадбокиров.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, 7-февралда Махмадбокировдун Хорогдогу үйүнө жакын жерге аскерлерди жайгаштыруу аракети жасалган. Бирок жергиликтүү калк ага тоскоолдук кылып, Хорогдун бир нече тургуну ал жашаган көчөнү туш-тараптан күнү-түнү күзөтүп жатканы кабарланды.

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун администрациясынын маалымат катчысы Голиб Ниятбеков соцтармак колдонуучулары чындыкка дал келбеген маалыматтарды бөлүшүүдө деп билдирди.

"Хорогго кошумча аскердик күч жөнөтүлгөнү, кишилер түн ичинде көчөгө чыкканы жөнүндө маалыматтар жалган. Абал тынч, жашоочулар күнүмдүк иши менен алек. Чет өлкөдөгү кишилер баарын ойлоп таап, бүлгүн салып жатат. Облуста бийлик менен элдин мамилеси жакшырды", - деди ал.

Хельсинки уюму эскертет

Адам укугу боюнча Хельсинки комитетинин Борбор Азиядагы өкүлү Мариус Фоссум тажик бийлигине кайрылып, Хорогдогу куугунтукту жана кыйноону токтотууга чакырды. «Хорогдон кооптуу маалыматтар түшүп жатат. Тажик бийлиги кагылышуунун жана кан төгүүнүн алдын алууга тийиш», - деп жазды Фоссум өзүнүн Твиттер баракчасына.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы Махмадбокировго каршы төрт кылмыш ишин козгогон. Ага облустук билим берүү башкармалыгынын башчысынын Махмадбокировдон таяк жегени тууралуу видеокайрылуусу негиз болгон. Махмадбокиров Новрузов менен чындап эле "бир тууганча" сүйлөшкөнүн, бирок сабабаганын айткан.

Анын жанындагы алты киши былтыр 25-28-ноябрдагы Хорогдогу каршылык акцияларына байланыштуу суракка чакыртылууда.

Былтыр 25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, анда жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөн. Анан жүздөгөн адам Хорогдогу облустук бийликтин имаратына чогулуп, Зиёбековду өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан.

28-ноябрда бийлик жергиликтүү тургундун өлүмү боюнча объективдүү жана калыс тергөө жүргүзүүнү, митингчилерди куугунтуктабоону жана аймакка интернет берүүнү калыбына клетирүүнү убада кылган соң акциянын катышуучулары тараган.

Бирок андан бери эки айдан ашуун убакыт өтсө да Тоолуу Бадахшан интернет байланышына кошула электиги кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG