Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:18

Мирлан Самыйкожо: Темиров террорчу эмес


Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо иликтөөчү журналист Болот Темировду "каракчыны" кармагандай кылып күч органдарынын алып кетишин аша чапкандык" деп атады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Коомго чукул коркунуч жарата турган кылмыш жасоо аракетине далили болсо жоон топ күч менен кармашса макул дейт элек. Эми кандай болгон күндө дагы бул иш тыкыр иликтениши керек. Эгер, сөз эркиндигине кысым боло турган болсо бул кашкайган ката! Сөз эркиндигин чектейбиз дегендер өз эркиндигине залалы тийип калганын тарых тастыктап келет...", - деди депутат.

22-январда күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" деп айтууга үлгүргөн.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирди. Ага чейин журналист өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал "белгисиз зат" аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Аны түндө Наркоборборго анализ тапшыртуу үчүн күч кызматкерлеринин коштоосунда алып барышкан. Ал маңзатка тапшырган анализдери таза чыкканын "Азаттыктын" журналистине айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат эртең берилерин билдирди.

Журналист өзү кармалышын жакында эле чыгарган иликтөөсүнө байланыштырып жатат. Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына "Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп" деп жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG