Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Жанар Акаев: журналисттерге өкүмзор мамиле жасалбашы керек


Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин Коргоо, коопсуздук, эл аралык иштер комитетинин төрагасы, депутат Жанар Акаев иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы "ачык коом курабыз деген бийликтин аракетине чоң көлөкө түшүргөнүн" жазды.

"Кыргызстанда жалгыз мактанаарыбыз сөз эркиндигибиз жана эркин коом. Алар иликтеген материалдар коррупция менен күрөшүү ниети бар бийликке пайдасы гана тиет. Басма сөз эркиндигин эч бир бийлик күч менен баса албайт. Буга чейинкилери да, азыркылар да, мындан кийинкилер да! Болоттун кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсүндөй болуп орой кармалышы, башка иликтөөчү журналисттерди чочутат. Бул ишти сөзсүз комиссия иликтеши керек жана мындай өзүм билемдик кылгандар жоопко тартылыш керек, кийин эркин медиага, журналисттерге мындай өкүмзор мамиле жасалбагандай болсун!" - деп жазды Акаев.

22-январда күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" деп айтууга үлгүргөн.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирди. Ага чейин журналист өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал "белгисиз зат" аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Аны түндө Наркоборборго анализ тапшыртуу үчүн күч кызматкерлеринин коштоосунда алып барышкан. Маңзатка тапшырган анализдери таза чыкканын "Азаттыктын" журналистине айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат эртең берилерин билдирди.

Журналист өзү кармалышын жакында эле чыгарган иликтөөсүнө байланыштырып жатат. Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына "Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп" деп жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG