Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:52

Temirov LIVE каналынын кеңсесинде тергөө амалдары жүрүп жатат (видео)


Бишкекте журналист Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдары жүрүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Бишкекте журналист Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдары жүрүп жатат

Temirov LIVE каналынын журналисттеринин кеңсесине милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар келип, кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылышууда. Бул тууралуу аталган каналдын кызматкерлери билдирип, бул журналисттик ишмердүүлүк менен байланышта экенин айтышууда.

Алдын ала маалыматка караганда, укук коргоо органдары Адылбек кызы Айпери аттуу жарандын арызынын негизинде кеңсени тинтип жатышат.

Temirov LIVE YouTube-каналынын менеджери Айжан Алымсеитованын айтымында, укук коргоо органдары алгач адвокатты дагы киргизбей, кармап турушту. Кызматкерлерге психологиялык басым жасалган.

Temirov LIVE командасынын өкүлү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кеңсеге 19:15терде киргенин билдирди. Журналисттин айтымында, тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзүп жатат.

ИИМден маалымат алуу аракетибизден майнап чыккан жок. "Азаттык" алардын комментарийин алганга аракеттенет.

Окуя болгон жерге бир катар журналисттер барып, көз карандысыз, иликтөөчү журналисттерге кысым, ишине бут тосуу болуп жатканын белгилеп жатышат. Алар кеңсенин ичинде эмне болуп жатканы белгисиз экенин, анын ичине эч кимди киргизбей жатышканын айтышууда.

Алардын бир тобу окуяны "Фейсбуктагы" баракчалары аркылуу түз көрсөтүп жатат. Анда кеңсеге укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн кирип-чыгып жатканын көрүүгө болот жана алар журналисттердин суроолоруна жооп беришкен жок.

Акыркы иликтөө

Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал ар кайсы темада иликтөө материалдарды даярдап келген. Жакында анда "Ташиевдердин схемасы" жөнүндө "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Жаңы иликтөө Ташиевдин жээни Байгазы Матисаковго байланыштуу, ал 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасына караштуу "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын жетектеген. Журналист жана аталган каналдын негиздөөчүсү Болот Темиров OCCRP иликтөөчү журналисттери "Регион ойл" компаниясынын экспорттук операциялары тууралуу документтерди табууга жардам беришкенин билдирген. Документтерге ылайык, аталган ишкана мазутту Ташиевдин жээни жетектеген "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасына экспорттойт.

"Жөнөкөй эсептөөлөрдү жүргүзүп, 37 млн сом айырма алабыз. Башкача айтканда, ортомчу компания мамлекеттик заводдун продукциясын экспорттоо менен киреше табат – бул эки күндүн ичинде", - деп айтылат иликтөөдө.

Буга чейин Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда “Унаа” ишканасын Турусбек Түмөнбаев жетектей турганы жана тендер ишинде анын кызы Айгерим Тогузбаеванын фирмасы менен “кызыкчылыктар конфликти” бар экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG