Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

“Пандора кагаздары” дүйнө лидерлеринин байлыгын ашкереледи


OCCRP уюмунун иликтөөсү vlast.kz сайтына да жарыяланды.
OCCRP уюмунун иликтөөсү vlast.kz сайтына да жарыяланды.

3-октябрда Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму жарыялаган жаңы документтер дүйнө жүзүндөгү ондогон мурдагы жана азыркы лидерлер байлыгын офшордук аймактарга жашырганын ашкереледи.

“Пандора кагаздары” деген атка конгон бул документтер көрсөткөндөй, Иорданиянын падышасы, Украинанын, Азербайжандын президенттери, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакын адамдары, Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш жана Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр сыяктуу таасирдүү фигуралар офшордук компаниялар менен жашыруун кызматташып келген.

Дүйнөдөгү 150 маалымат каражатынын 600дөн ашуун журналисти иликтеп чыккан документтерде орус президенти Владимир Путиндин “бейрасмий пропаганда министринин” жана Орусия, АКШ, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөгү 130дан ашуун миллиардердин финансылык ишмердиги камтылган.

“Пандора кагаздарына” ылайык, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Британиянын Виргин аралдарында, Кипрде жана Белизде офшордук компаниялары болгон. 2019-жылдагы президенттик шайлоонун алдында Зеленский негизги офшордук компаниядагы үлүшүн өзүнүн учурдагы жардамчысы жана жакын досу Сергей Шефирге өткөрүп берген. Зеленскийдин басма сөз катчысы комментарий берүүдөн баш тартты.

Владимир Зеленский жана анын командасы, Киев, 19-апрель 2019-жыл.
Владимир Зеленский жана анын командасы, Киев, 19-апрель 2019-жыл.

Башка бир документтер Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин үй-бүлөсү офшордук компания аркылуу Лондондо 700 миллион доллардык кыймылсыз мүлк сатып алганын көрсөттү. Алиевдин администрациясы да, анын үй-бүлөсү да комментарий берген жок.

Мындан тышкары “Пандора кагаздары” Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бейрасмий үчүнчү жубайы делген Асел Курманбаева алты офшордук компанияны камтыган купуя келишимдердин натыйжасында 30 миллион долларга ээ болгонун да ашкереледи. “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жазгандай, бул келишимге экс-президентке жакын Владимир Ни жана Владимир Ким аттуу олигархтардын тиешеси болгон.

Иликтөөчү журналисттердин тапкан маалыматына ылайык, 40 жаштагы Курманбаеванын Британиянын Виргин аралдарындагы бир офшордук компанияда үлүшү болгон. Бул компаниянын кандайдыр бир олуттуу бизнес же иш менен алектенгени байкалган эмес. Бирок Курманбаева бул офшордук компаниядагы үлүшүн 30 миллион долларга сата алган. Жаңы документтер тууралуу Назарбаев да, Курманбаева да жана аты аталган олигархтардын жакындары да комментарий беришкен эмес.

Чех премьери Андрей Бабиш Португалиянын Порто шаарында, 8-май 2021-жыл.
Чех премьери Андрей Бабиш Португалиянын Порто шаарында, 8-май 2021-жыл.

“Пандора кагаздары” бир нече күндөн кийин өтүүчү парламенттик шайлоого камданып жаткан чех премьер-министри Андрей Бабиштин да жашыруун финансылык ишмердигин ачыкка чыгарды. Ага ылайык, Бабиш 2009-жылы бир нече офшордук компанияга 22 миллион доллар салып, ал аркылуу Франциянын Канны шаарына жакын деңиз жээгиндеги айылда хансарай сатып алган. Бул үйдүн эки бассейни жана өзүнчө кинотеатры да бар. Investigace.cz сайты жазгандай, Бабиштин декларациясында бул кыймылсыз мүлк жана офшордук компаниялар көрсөтүлгөн эмес. Чех премьеринен да комментарий берүү тууралуу өтүнүчкө жооп болгон жок.

Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун колуна офшордук кызмат көрсөткөн 14 фирмадан алынган 12 миллиондой документ тийген. Дүйнөдөгү 35 азыркы жана мурдагы лидерлерден тышкары бул документтердин арасында 91 өлкөдөгү 330дан ашуун саясатчынын жана мамлекеттик кызматкердин жашыруун финансылык ишмердиги тууралуу маалымат бар.

2016-жылы“Панама барактары” долбоору да дүйнөдөгү ондогон аткаминердин офшордук компаниялар менен көмүскө кызматташтыгын ашкерелеген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG