Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Британия Нуралинин мүлкүнө кастарын тикти


Нурали Алиев.
Нурали Алиев.

Британиянын Кылмыштуулук менен күрөш боюнча агенттиги Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиевге таандык делген Лондондогу турак үйдүн чоо жайына кызыкты.

Би-Би-Си, «Transparency International» жана «Finance Uncovered» деген өкмөттүк эмес уюм маалымдаганына караганда, британ өкмөтү «казак саясий элитасынын» «булагы аныкталбаган байлыктарына» кызыгып жатат.

Би-Би-Си медиакомпаниясы сөз болгон чоң үйдү коопсуздугу жакшылап камсыздалган, Лондондун кымбат көчөсүндө орун алган үй деп сүрөттөйт. Макалада айтылгандай, чоң турак жайдын жертөлөсүндө кинотеатр менен бассейн бар.

Бул кыймылсыз мүлктүн кожоюну деп офшордук компаниялар көргөзүлгөн.

Британиянын Кылмыштуулук менен күрөш боюнча агенттиги атайын иликтөөнүн алкагында ал үйдүн чоо-жайына кызыкты. Эми бул турак жайды сотко чейин сатууга же башка бирөөгө өткөрүп берүүгө болбойт дегенди билдирет. Соттук териштирүү 10-мартта башталмак.

Би-Би-Си имаратка ээлик кылган офшордук компаниялардын юристтери «иликтөөнүн токтотулушу үчүн аракет көрүшөт» деп эсептейт.

Булагы аныкталбаган байлык

Би-Би-Си түшүндөргөндөй, сөз болгон мүлккө «булагы аныкталбаган байлык» деген ордер чыгарылган.

Кылмыштуулук менен күрөш боюнча агенттик мүлк кайсы каражатка алынганы тууралу ээлеринен маалымат сурайт. Бийлик жооп канааттандырбайт деп тапса, тергөөчүлөр мүлктү конфискациялоо тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылышы мүмкүн.

Британ бийлиги Нурали Алиевге байланышкан дагы бир нече объектинин чоо-жайына кызыккан. Би-Би-Синин маалыматына ылайык, жалпы мүлк 80 миллион фунт стерлингди түзөт (104 миллион доллардын айланасында).

Би-Би-Си, «Transparency International» жана «Finance Uncovered» деген өкмөттүк эмес уюмдун иликтөөчүлөрү ал мүлк тууралуу маалыматты ачык булактардан табышкан. Сөз болгон үйгө оффшордук компаниялар 2014-жылдан бери ээлик кылышат. Маалыматка караганда, Нурали Алиев менен жубайы Аида Алиева аны ижарага алышкан.

Буга чейин «булагы аныкталбаган байлык» деген ордер Азербайжандын Эл аралык банкынын мурдагы жетекчисинин аялы Замира Гажиеванын активдерине чыккан. Гажиев өзү банктагы акчаны уурдоо үчүн Азербайжандын түрмөсүндө отурат.

«Transparency International» уюмунун аткаруучу директору Дэниел Брюс ордерлер саясий элиталарга байланышкан активдерге чыгарылганын кубаттады.

Би-Би-Си офшордук компаниялардын адвокаттары жана Алиевдин өзү менен байланышты, бирок алар комментарий беришкен жок.

Британ бийлиги мурдагы СССРден чыккан адамдардын арам акчаны адалдоо иштерине каршы күрөштү 2018-жылы баштаган. Ошондон бери өлкө соттору түмөндөгөн фунт стерлингге бааланган мүлктүн төркүнүн иликтеп жатышат.

Былтыр иликтөөдөн кийин Молдованын экс-премьер-министри Владимир Филаттын уулу 650 миң АКШ долларын төлөөгө милдеттендирилген.

Мурдагы президенттин тун небереси

Нурали Алиев - Нурсултан Назарбаевдин улуу небереси жана Дарига Назарбаеванын улуу баласы. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Дарига Рахат Алиев менен турган никеден 3 балалуу болгон – эки эркек жана бир кыз. Нурали Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Берик Имашевдин кызы Аиданы алган.

2014-жылдын декабрынан 2016-жылдын 16-мартына чейин Нурали Астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген. Журналисттер анын аты аталган «Панама досьесин» ачыкка чыгарардын алдында мамлекеттик кызматтан кеткен.

Дариганын ортоңку баласы Айсултан Назарбаев былтыр Лондондо полиция кызматкерине кол салганы үчүн бир жылга шарттуу кесилген. Британ соту аны баңгиликтен дарыланууга милдеттендирген. Быйыл Айсултан британ бийлигинен башпаанек сураганын билдирди. Февралда ал «Фейсбуктагы» постторунда жакындары ага басым-кысым кылып жатышканын, өлкөдөгү эң кубаттуу үй-бүлөнүн ичиндеги коррупциялык схемалар жөнүндө билерин жазган.

2010-жылы кабыл алынган мыйзамда Нурсултан Назарбаевге «улут көсөмү» деген макам берилген. Эми анын өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол берилбейт, мүлкү да кол тийбестикке ээ болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG