Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Инандынын ишиндеги жаңы жагдайлар


Инандыны колдоо акциясынан
Инандыны колдоо акциясынан

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын Бишкектен уурдалышы боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыкты. Ал Анкарада адвокатына аны Бишкектен үч киши уурдап, Түркияга өткөрүп бергенин айтып берген.

Ал ортодо түрк маалымат каражаттары Орхан Инанды террорчул уюмга тиешеси бар экенин мойнуна алганын жазып чыккан. Бирок анын адвокаты бул маалыматты четке кагууда.

Адвокат: Инандыны кыргыз улутундагы үч киши уурдаган

1-июнга караган түнү Бишкекте уурдалып, бир айдан соң Түркиянын атайын кызматы кармаганы белгилүү болгон Орхан Инандынын окуясында жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда.

Анын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз 12-июлда Инанды менен алгачкы жолу көрүшкөнүн “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Ага “Сапаттын” президенти Бишкекте кандайча кармалып, Түркияга алып келингенин учкай айтып берген:

“Ким уурдаганын билбейт. Бирок кыргызстандык адамдар уурдаганын айтып жатат. Ал кыргыз милициясы, коопсуздук кызматы же башка топ болушу мүмкүн. Ким кылганын билбейт. Жалгыз гана Кыргызстандагы аны уурдоо боюнча операцияны кыргыз улутундагы үч киши кылганын айтып жатат. Бирок алар ким экенин билбейт. Кармап көздөрүн таңышыптыр. Андан кийин эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Көздөрү таңылуу абалда автоунаа менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышты деп айтып жатат. Ал кайсы жактан учакка салышканын билбейт. Казакстанбы, Кыргызстанбы, Тажикстанбы билбейт", - деди ал.

Адвокат Йылмаздын айтымында, Инанды тагылган айыпты моюнуна алган эмес, бирок тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берип жатат.

Түрк медиасы: Инанды көп сырды ачты

Анын алдында, 12-июлда бир катар түрк маалымат каражаттары Инанды күнөөнү мойнуна алганын жазышты.

Маселен, “Хүррийет” басылмасы Инанды Түркияда террорчул кыймыл деп таанылган “Гүлен” кыймылынын Орто Азия өлкөлөрүндөгү жооптуу адамы болгонун моюнуна алып, уюм жана анын мүчөлөрү жөнүндө маалымат бергенин жазды.

Аталган басылманын баяндамачысы Недим Шенер СNN Түрк каналына берген маегинде “Орхан Инанды тергөө менен кызматташпаганы менен “Гүлен” кыймылы тууралуу өтө маанилүү маалыматтарды ачыкка чыгарды” деп билдирди:

“Эң кызыктуу жагдай, тергөө менен кызматташууга барбайм дегенине, ФЕТОну “Хизмет” кыймылы деп айтканына карабай террордук уюмдун жүздөгөн мүчөлөрүнүн ысымын айтты. Европа, Азиядагы уюмдары, жооптуу адамдарды жана андагы түрктөрдүн жашыруун аттарын айтып берди”.

Ал эми мамлекеттик "Анадолу" агенттиги Инанды "Гүлен" кыймылынын мүчөлөрүнө Кыргызстандын паспортун алып берип, уюмдун акчасын башкарып жүргөнүн жарыялаган.

Түркиядагы маалымат каражаттары Орхан Инандынын кармалышы менен “Гүлен” кыймылына чоң сокку урулганын белгилешүүдө. "Сабах" басылмасы болсо Орхан Инанды Анкарадагы суракта өзүнө тагылган айыптарды моюнуна албай, "Гүлен" кыймылын террордук уюм катары тааныбай турганын билдиргенин жазды.

Адвокат Йылмаз да дал ушул "Сабах" жазган маалыматты ырастап, Түркиядагы бийликке жакын медиа пропагандалык мүнөздөгү кабарларды таратып жатат деген пикирин билдирди.

Ошентип, Түркиядагы маалымат каражаттары Орхан Инандынын кармалышы менен Гүлен кыймылына чоң сокку урулганын белгилешүүдө. Алар Кыргызстанда бул кыймылдын мүчөлөрү өтө активдүү экенин жазып жатышат.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Орхан Инандынын окуясы Кыргызстанда да, Түркияда да көп талкууланган маселе бойдон калууда.

Буга чейин Инанды кандай жагдайда Кыргызстандан чыгарылган деген суроо кызыгуу жаратып келсе, адвокатынын маегинен соң аны өлкөдөн чыгарууга көмөктөшкөн кыргызстандык кишилер кимдер деген кошумча соболду пайда кылды.

Кыргызстандын бийлиги буга чейин Инандыны Түркияга өткөрүп берүүгө эч кандай тиешеси жок экенин айтып келген. А түгүл Ички иштер министрлиги анын жоголушуна байланыштуу кылмыш ишин козгоп, Чек ара кызматы анын өлкөдөн чыкпаганын билдирген.

“Сапаттын” президентин Түркиянын атайын кызматы кармап кеткени белгилүү болгон соң президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиянын элчилигине атайын нота тапшырылган.

Жогорку Кеңеш болсо Инандынын маселесин бир нече жолу караган. Соңку жолу кыргыз жаранын өлкөдөн уурдап кетүүгө жол берген күч кызматтарынын жоопкерчилигин кароо боюнча токтом кабыл алган.

Бирок соңку күндөрү кыргыз бийлигинин Инандынын окуясы боюнча позициясы өзгөргөнү байкалууда. Өткөн аптада Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Түркияга тымызын чыгарылып кеткен Орхан Инандыга байланыштуу комментарий берип, аны түрк жараны деп атаган:

"Инандынын 2024-жылга чейин жарактуу түрк паспорту болгон. Ал бул паспортун чек арадан өткөндө, айрыкча чет өлкөлөргө сапарларында такай колдонгон. Анын кош жарандуулугу болгон. Эгер ал бул жакта болгондо, мындай жагдайы билингенде биз аны кылмыш жоопкерчилигине тартмакпыз".

Мунун артынан эле Бишкек милициясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго "2016-жылы Түркиянын 10 атуулуна кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген" деп "коррупция" беренеси менен айып такты. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкери Дүйшөн Сатыбалдиев камакка алынды.

Түрк президенти Эрдоган Инандынын кармалганы жөнүндө билдирүү жасап жатат
Түрк президенти Эрдоган Инандынын кармалганы жөнүндө билдирүү жасап жатат

“Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан. Аны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылуусунда жарыялаган.

Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине АКШда бозгунда жүргөн түрк динаятчысы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылын күнөөлөп, аны “Фетхуллахчы террордук уюм” деп жарыялаган. Гүлен жана анын тарапкерлери Түркиядагы төңкөрүш аракетине тиешеси жоктугун билдирип келет. Батыш өлкөлөрү түрк бийлигинин бул кыймылдын он миңдеген мүчөлөрүн камакка алганын же жумуштан айдаганын сынга алып жүрөт.

Инанды жоголгондон бери анын жүздөгөн тарапкерлери Кыргызстанда нааразылык акциясына чыгышкан жана аны миңдеген окуучуларга билим берген мугалим деп сыпатташкан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG