Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Милиция: Инанды түрк паспортун 2018-жылга чейин пайдаланган


Милиция тараткан сүрөт. Инандынын паспорттору.
Милиция тараткан сүрөт. Инандынын паспорттору.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөө башталганын маалымдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Милиция тергөөнүн жүрүшүндө, "Орхан Инанды 2012-жылдын 28-июнунда Кыргызстандын ID паспортун, ушул эле жылдын 25-декабрында жалпы жарандык паспортун алгандыгын аныктаганын" айтты. Инандыда кыргыз паспортунан сырткары мөөнөтү 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу түрк паспорту болгон. "Ал түрк паспорттун пайдаланып Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, 2014-жылдан 2018-жылга чейин Азербайжан, Казакстан, Бириккен Араб Эмираты, Орусия, Түркия жана Индияга учуп келген. Ал эми 2018-жылдан бери Орхан Инанды кыргыз паспорттун 9 жолу пайдаланып, Орусия, Казакстан жана Индияга барып келип турганы" дейт милиция .

“Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын жаранынын паспортторун колдонуп жүргөн. Бирок, Орхан Инанды Түркияда туулуп өскөн жана Түркиянын жарандыгынан баш тарткан эмес”, - деп айтылды милиция тараткан маалматта.

Учурда милиция Орхан Инандынын кыргыз паспорт алгандыгынын мыйзамдуулугун текшерип жатканын билдирди.

5-июль күнү аны атайын кызмат Түркияга алып келгенин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган элге кайрылып жатып билдирген. 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Анкарага нота жиберген. Анда Инанды Кыргызстандын жараны экени жазылып, Түркиянын аракети "Адам укугу боюнча жалпы декларация жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты одоно бузат" деп белгиленген.

Нотада ошондой эле Орхан Инандыны кыргыз жараны катары мекенине кайтарууга, анын укугун коргоого бардык күч-аракеттер жумшала турганы жазылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG