Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Атамбаевге иш козготкон жарандык маселеси


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго 2016-жылы түркиялык 10 атуулга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген деп кылмыш иши козголду.

Атамбаевдин адвокаты кылмыш иши түрк чалгын кызматы уурдап кеткен Орхан Инандынын ишинен алаксытуу аракети экенин айтууда.

Түркиянын чалгын кызматы “Сапат” билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны уурдап кеткенден кийин кыргыз жарандыгын алган чет өлкөлүктөрдү текшерүү башталды.

Бишкек шаардык милициясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго "2016-жылы Түркиянын 10 атуулуна кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген" деп “коррупция” беренеси менен айып такты.

“2016-жылы президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссия (Ф.Ниязов жетектеген) Түркиянын он атуулун Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алган жана ошол эле жылы президент Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгына Түркиянын он жараны кабыл алынган”, - деди шаардык милициянын басма сөз кызматынын тескөөчүсү Бактыгүл Акматалиева.

Бул иш боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиев камакка алынды.

Ал Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп шек саналууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча пикирин билдире элек. Анын адвокаты Замир Жоошев кылмыш ишин бийликтин Орхан Инандынын маселесин Атамбаевге шылтоо аракети катары баалады.

Замир Жоошев
Замир Жоошев

“Бийлик Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны Түркияга өткөрүп берди. Мен ошентип ойлойм. Бул иш коомчулуктун нааразылыгын жаратып жаткандыктан абалдан чыгуу үчүн Атамбаевге жана Ниязовго шылтап койгону жатышат. Мен ушул жумада Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыгам, ал эмне деп жатканын ошондо айтам”.

Адвокат Замир Жоошев Атамбаев президент болуп турганда ондогон спортчуга да кыргыз жарандыгы берилгенин, ага эмнеге кылмыш иши козголбойт деген суроо салды.

Кылмыш иши Түркиянын чалгын кызматы уурдап кеткен "Сапат" билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды боюнча нааразылык күчөп турган учурда козголду.

Буга чейин шаардык милиция Инанды кыргыз паспортунан тышкары түрк паспортун дагы колдонуп келгенин билдирген.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев "Орхан Инанды бул иши үчүн Кыргызстанда болгондо жоопкерчиликке тартылмак" деп айткан.

Жарандык алгандар кимдер?

Бишкек милициясы 2016-жылы мыйзамсыз жарандык алганы айтылган Түркиянын 10 жараны тууралуу маалымат берген жок. Президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссия дагы сурообузду жоопсуз калтырды.

Түркияда чыккан Haber Turk басылмасы "Орхан Инанды Түркиядан качкан 25 кишиге кыргыз жарандыгын алып берген" деп жазып чыккан.

2016-жылы Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, бир канча адам набыт болгону белгилүү. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөп, анын кыймылын "Фетхуллахчы террордук уюм" деп жарыялаган.

Төңкөрүш аракетинен кийин Түркия кыргыз бийлигинен Гүлен кыймылына тиешеси бар деп билим берүү борборлоруна чара көрүүнү талап кылган. Түркия кыргыз бийлигине бир канча адамдын тизмесин берип, өткөрүп берүүнү талап кылганы айтылып жүрөт. Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев Анкаранын талабын аткаруудан баш тарткан.

“Баш мыйзам боюнча президенттин жарандык бергенге укугу бар. Бирок мыйзамда жарандык кантип берилери так жазылган. Президент Баш мыйзамда укугум бар деп жарандык бере койбойт. Ал Жарандык берүү боюнча комиссияга тапшырат. Комиссияда катчылык бар. Ал катчылык укук коргоо органдары, Тышкы иштер министрлиги менен тактап, документтерди чогултуп комиссияга алып чыгат. Комиссия карап чыгып президентке жиберет. Президент макул болот же четке кагат”, -дейт акыйкатчы Токон Мамытов.

Саясатчы Адил Турдукулов Бишкек шаардык милициясы козгогон кылмыш ишин Орхан Инандынын уурдалышын мыйзамдаштыруу аракети катары баалап, жүз миңдеген кыргыз жарандарынын дагы орус жарандыгы бар экенин эске салды.

“Атамбаевге, Ниязовго козголгон дагы бир кылмыш иши Орхан Инандыны Түркияга өткөрүп берүүнү мыйзамдаштыруу аракети. Бул маселе саясий негизде экенин тастыктаган нерсе - Кыргызстандын жүз миңдеген жараны Кыргызстандын жарандыгынан чыкпай эле Орусияда кош жарандык менен жашап жатат”.

Эки өлкөнүн жарандыгы тууралуу маселе көтөрүлгөндө "Кумтөр" алтын кенине тыштан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүктүн кош жарандулугун айткандар көп.

Ал парламент жыйынында Канаданын дагы жараны экенин жашырган эмес. Бөлтүрүк чөнтөгүнөн Кыргызстандын диломатиялык паспортун алып чыгып, аны октябрь айында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бергенин айткан.

"Мисалы спортчуларды чакырып, желегибизди көтөр деп, жарандык беребиз. Мамлекеттик кызыкчылыкка дал келсе, бүт өлкө жарандык берет. Орусия дагы АКШда дагы ушундай. Орхан Инандынын эки паспорту талкуу болуп жатат. “Кумтөргө” тыштан башкаруучу болгон Тенгиз Бөлтүрүк парламентте эки жарандыгы бар экенин айтты. Ошол эле кезде кош жарандыгы бар адамдын депутат болушуна тыюу салынат. Бул жагы кандай болуп калат?”, - деп суроо салат саясат талдоочу Бакыт Бакетаев.

Бишкек шаардык милициясы Атамбаев менен Ниязовго козголгон кылмыш ишине Орхан Инандынын тиешеси бар-жогу тууралуу азырынча маалымат берилбей турганын билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Октябрь окуяларынан кийин Жогорку Сот ага чыккан сот өкүмдөрүнүн бардыгын жокко чыгарып, кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөткөн.

Учурда "Кой-Таш иши" боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот уланууда. Атамбаевге президент болуп турган кезинде "Калыс-Ордо" жаңы конушуна салынган мектеп боюнча дагы кылмыш иши козголгон.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG