Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Султанбаев Инандынын уурдалышынан чыккан дооматты четке какты


Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катыштыгы бар деген божомол сөздөр таптакыр акылга сыйбаган нерсе” деп билдирди. Ал Инандынын жоголгону белгилүү болгондон тартып Садыр Жапаров укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмаларды бергенин белгиледи.

“Буга чейин Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракети көрүлгөнү, акыркы жолу мындай аракетти атайын кызматтын кызматкерлери токтотуп калганы белгилүү болду. Алар ага сакчылардын коштоосунда жана этият болуп жүрүүсүн эскерткен. Анын уурдалышы тууралуу маселе түрк тарапка коюлуп, кечээ Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды. Учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Орхан Инандынын Түркия жарандыгынан чыкпаганын, түрк жараны экендигин оозеки түрдө билдиришти”,-деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында Инандынын жоголушу, андан кийин өлкөдөн тымызын алынып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын угуп жатат.

Теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG