Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

"Кумтөрдү" Бөлтүрүк сырттан башкарат


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

“Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалды. Кумтөргө байланыштуу маселеде аты көп аталган Тенгиз Бөлтүрүк деген ким?

Тенгиз Бөлтүрүк 56 жашта, ал Кыргызстандын жана Канаданын жараны. Акыркы 23 жылдан бери чет мамлекетте жашап, эмгектенип келген.

Бөлтүрүк Москвадагы Болот жана эритмелер институнун (азыркы Улуттук технологиялык изилдөөлөр университети) аяктап, түстүү металлдарды иштетүү жана байытуу боюнча инженер кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун Орусиядагы тоо-кен тармагында баштап, 1990-жылы Кыргызстанга которулган. Келгенде Айдаркен сымап комбинатында, Солтон-Сары кенинде эмгектенген.

Бөлтүрүк 1997-1998-жылдары Кумтөр комбинатын ишке киргизүүгө катышкан. 1998-жылы “XXI кылымдын кадрлары” программасы менен Германияга окууга кеткен.

Ал Жогорку Кеңеште өмүр-таржымалы тууралуу учкай маалымат берип жатып, өзүн тажрыйбалуу кадр катары сыпаттады.

“1998-жылы конкурста стипендия утуп алып Германияга кеттим. Ал жактагы “Клаустхаль” техникалык университетинде кесибиме ылайык төрт жыл илимий иш менен алектендим. 2002-жылы Канадага иммиграция болдум. 33 жылдан ашуун убакыттан бери тоо-кен өндүрүш тармагында эмгектенем. Тоо-кен объектерин долбоорлордо практикалык бай тажрыйбага ээ болдум. Эки америкалык компанияда тоо-кен долбоорлорун башкардым. Дүйнөнүн 13 мамлекеттинде 18 тоо-кен долбоорунда иштеген тажрыйбам бар. Тоо-кен тармагында иш алып барган компаниянын аткаруучу директору, президенти болгом”.

“Центерра голд” компаниясынын буга чейин тараткан маалыматта, Теңгиз Бөлтүрүктүн машина куруу жана тоо-кен тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар экени айтылган. Ал буга чейин Канада, АКШ, Казакстан, Австралия, Түркия, Монголия, Африка, Түштүк Америкада жана башка мамлекеттерде иштеген.

Бөлтүрүк Кыргызстанда 6-октябрда бийлик алмашкандын эртеси Бишкекке келгени белгилүү болгон. Октябрь окуяларынан кийин бийлик башына отурган Садыр Жапаров 20-октябрда Би-би-сиге курган маегинде “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан Тенгиз Бөлтүрүк сунушталганын билдирген.

Жапаров: “Центерра голдго” бизден үч өкүл барат. Бирөө Тенгиз Бөлтүрүк деген ыкый-чыкыйына чейин билген дүйнөлүк компанияларды башкарган кишини койдум. Ал жактан маалымат алып берет. Ошондон кийин анан чечим кабыл алабыз”,- деген эле.

Тенгис Бөлтүрүк адис катары Кыргызстандагы тоо-кен тармагы, Кумтөр алтын кени тууралуу эксперттик пикирин билдирип келген. 2011-жылы “Центерра голддун” вице-президенттик кызматына талапкерлигин койгон.

Ал 2013-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге ачык кайрылуу жолдоп, “Центерра” менен акыркы келишимди жокко чыгаруу, Кумтөр ишканасын” сотко берүү, Кумтөрдүн жетекчилерин жана Кыргызстандын аткаруу бийлигинин айрым башчыларын жоопко тартуу, Улуттук тоо-кен компаниясын түзүп, ага Кумтөр алтын кенин иштетүүгө толук укук берүү, Кумтөр алтын кенине убактылуу тыштан башкаруу киргизүү сунушун берген.

Кош жарандык жана дипломатиялык паспорт

Тенгиз Бөлтүрүк парламентте кош жарандыгы бар экенин ырастады. Ал Канаданын жараны деген сынга жооп кылып, чөнтөгүнөн Кыргызстандын дипломатиялык паспортун алып чыгып көрсөттү.

Депутат Улукбек Ормонов кош жарандыгы бар адамга ким, кандай жагдайда дипломатиялык паспорт бергенине кызыкты. “Борбордук трибунадан дипломатиялык паспорт көрсөттүңүз. Мыйзам боюнча андай паспорт алганга укугуңуз жок. Кантип алдыңыз ал паспортту?"

Тенгиз Бөлтүрүк дипломатиялык паспортту октябрь айында ошол кезде президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен алганын, паспорт пандемия шартындагы тоскоолдуктарда жеңилдик бергенин айтты.

Тышкы иштер министрлиги Бөлтүрүктүн кош жарандыгы жана дипломатиялык паспорту боюнча кийинчерээк маалымат бериле турганын маалымдады.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов кош жарандыгы бар адамга дипломатиялык паспорт берүүгө мыйзам жол бербестигин айтат.

“Дипломатиялык паспорт кош жарандыгы бар адамга берилбейт. Мыйзамда так, даана көрсөтүлгөн. Бизде бир дагы өлкө менен кош жарандык жөнүндө келишим жок”.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Тенгиз Бөлтүрүктүн акыркы аракеттерин жана айткандарын мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун кадамдарына окшоштурду.

“Кумтөр боюнча маселе көтөрүлүп, тышкы башкаруу киргени жакшы кадам. Бирок аягына жетеби деген коркунуч көп. Ушул ишке Канаданын жаранын дайындаганы өкүнүчтүү болуп турат. Кош жарандыгы бар, “Центерранын” акционери болгон адам кыргыз мамлекетин кантип коргойт? Кимдин кызыкчылыгы ойноп кетет деп күмөн санап турам. Бөлтүрүккө окшош жигитти мурда көргөм. Трибунага чыгып такылдап, өтүмдүү сүйлөп, баарын ишендирип, жакшы проекттерди айтып жүргөн Данияр Үсөнов деген жигитибиз болду эле. Экономикада авантюризмдин кереги жок. Экөөнүн окшоштугу долбоорду түзгөндө адамды ишендирет. Кокустан чыгып калган киши болуп жатат”.

"Kумтөр Голд" ишканасынын ишмердигин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров 17-майда парламенттеги талкууда кенди иштетип кете ала турган адистер даяр экенин айткан. Ал "Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген эки жараныбыз келди. Алар "Кумтөрдөн" да чоң ишканаларды иштетип жүргөн" деп сыпаттаган.

Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев 30 жыл аралыгында Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги тоо-кен адистери өсүп жетилгенин көрүп турабыз дейт.

Алмазбек Акматалиев
Алмазбек Акматалиев

“Тенгиз Бөлтүрүк деген жаңы фигура пайда болду. Кызыгып карап көрдүм, тажрыйбалуу адис катары сезилди. 2013-жылы президент Атамбаевге жазган кайрылуусунда Кумтөрдү Кыргызстандын пайдасына чечүүнүн жолун сунуштап, бирок кандайдыр бир себептер менен ишке ашпай калган экен. Бөлтүрүктөй жигиттерди иштетиш керек. 1992-жылдары Кумтөр жаңы башталып жатканда саясий коррупция да болуп кеткен болуш керек. Бирок, ал менен бирге башка маселе турган да. Ал учурда кыргыздар арасында тоо-кен тармагында эл аралык деңгээлдеги кадрлар жок болчу да. 30 жылдан бери адистер пайда болгонун көрүп турабыз. Бөлтүрүктү жеке тааныбайм, бирок, парламентте сүйлөгөнүнөн адис экени көрүнүп турат”.

"Centerra Gold Inc" компаниясынын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар. "Centerra Gold Inc" компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан былтыр 4-декабрда мүчө болгон Тенгиз Бөлтүрүк, өзүнүн айтымында, бул кызматка бир ай гана иштеген. Кийин кызматтан бошотуу тууралуу өз арыз жазган.

“Центерра голддун” 17-майда тараткан маалыматына караганда, Тенгиз Бөлтүрүк "компаниядагы өзүнүн милдетин аткара албаганына" байланыштуу бошотулду. Ошондой эле компания Бөлтүрүктүн Кыргызстандагы окуяларга катыштыгын тактап жана башка адамдар менен бирге координация кылууга байланышкан акыркы билдирүүлөрүнөн улам иликтөө жүргүзүп жатканын билдирген.

Тенгиз Бөлтүрүк Ысык-Көл облусунун Түп айылында туулган. Анын агасы Өмүрбек Бөлтүрүков алты ирет президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргени менен талапкер катары катталган эмес. Өмүрбек Бөлтүрүков коомдук - саясий акцияларга катышкан жайы бар.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG