Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:35

Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдүн” сырттан башкаруучусу болгону кабарланды


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

«Центерра» компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалганы кабарланды. Бул тууралуу экономикалык akchabar.kg порталы жазып, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругунун сүрөтүн жарыялады.

Анда “Бөлтүрүк Тенгиз Аяпберген уулу “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун убактылуу сырткы башкаруучусу болуп дайындалсын” деп жазылган.

«Центерра» компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандан мүчө Тенгиз Бөлтүрүк кендин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кызматын тапшырганын 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.

Кыргызстандын да, Канаданын да жараны Тенгиз Бөлтүрүк бул кызматка былтыр декабрда дайындалып быйыл май айында кайра шайланган. Компаниянын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар.

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кенди иштетүү Кыргызстанга убактылуу өтсө, адистер ага даяр экенин айтып, Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген эки кишинин ысымын атаган.

Ысык-Көл облусунун Түп айылында туулган Тенгиз Бөлтүрүктүн өзүнүн айтымында, кен тармагында отуз жылдан бери иш алып барат.

Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Мындай чечим парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында кабыл алынган. "Кумтөр Голдго" убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары 17-майдагы жыйында айтылды.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганы жарыяланды. Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG