Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:50

Кумтөр: калдыкта 100 тоннадай алтын бар


Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия. 2021-жылдын 18-марты. (0ртодо - комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров)
Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия. 2021-жылдын 18-марты. (0ртодо - комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров)

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссия 18-мартта өндүрүштү жеринде көрүп кайтты. Сапардын жүрүшүндө экологиялык маселелер көтөрүлүп, кенден чыккан калдыктан алтынды иштетүү сунушталды. Мамлекеттик комиссия өз ишин эки айдан кийин жыйынтыктайт.

Депутаттардан куралган мамлекеттик комиссия Кумтөр кениндеги экологиялык жана экономикалык маселелерди карап жатышат.

Комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров 18-мартта кенге барган депутаттар токтолгон иштерди "Азаттыкка" санап берди:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Кумтөр кенин 2012-2013-жылдары эки чоң комиссия текшерген экен. Анын бири депутаттык комиссия болгон. Алардын сунушу канчалык деңгээлде аткарылып жатканына кызыктык. Кенде экологиялык маселелер көп. Мисалы, калдык сактоочу жай боюнча бир топ сын-пикирлер айтылган. Ошону жеринде көрүп келдик. Мындан тышкары жакында эле Центерра компаниясынын отчету чыкты. Ага ылайык Кумтөрдөрү алтындын болжолдуу кору, ресурсу 10 жылга жетет деп жазылган. Мамлекеттик комиссия, “кен дагы 10 жыл иштесе мөңгүлөр эмне болот, кандай технология колдонулат” деген суроолорго жооп издеди”.

Буга чейин алтын казып алуу маалында 20 пайызга жакын алтын - калдык сактоочу жайга топтолоору айтылган. Ал жерде 100 тоннадай алтын бар экени кабарланган.

Мамлекеттик комиссия кенге барган учурда мына ушул калдык сактоочу жайдагы 100 тоннадан ашык алтын тууралуу кеп козголгон. Бирок, аны Кумтөр ишканасы иштетеби же кыргыз өкмөтү колуна алабы, ал ачык айтылган жок. Ал эми депутат Акылбек Жапаров кенден чыккан калдыктагы алтынга эмес, анын жаратылышка тийгизген таасирине көбүрөөк маани берилгенин белгилеп жатат.

Комиссиянын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев буларга токтолду:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

"Калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын жатат. Ал кыргыздын алтыны. Себеби бул келишимде көрсөтүлгөн эмес. 106 тонна алтын бүгүнкү күндүн баасы менен 6 миллиард доллар болот. Бирок муну кайра иштетүү үчүн өзүнчө фабрика курууга туура келет. Өздүк наркы да арзан болот. Себеби жер кыртышын оодарып, ташып кереги жок. Кыргыз балдар ошол саркынды суудан былтыр 1,5 тонна алтын өндүрүшүптүр. Бул 85-87 миллион доллар. Бирок, ал Кумтөрдүн кирешесине кетип калды. Биз ошону Кумтөрдөн кайрып алышыбыз керек".

Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков калдыкта топтолгон алтындын корунун курамына көңүл буруу керектигин айтууда:

“Кумтөрдүн калдык сактоочу жайындагы алтынды иштетүү үчүн Центерра компаниясы менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Бул Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн тушунда эле. Анда Кыргызстандын үлүшү 50% болмок. Бирок Центерра компаниясы калдыктагы алтынды кыргыз тарапка “кийин өзүңөр иштетип алгыла” деп бергени кабарланган. Калдык сактоочу жайда 110 тоннага жакын алтын бар деп айтылып жатат. Бул Жерүй кениндеги жалпы алтындын көлөмүнө тете. Бирок Кумтөрдөн иштетилип чыккан калдыктагы алтындын курамы тоннасына 0,6 грамм гана болот. Ал эми Жерүйдө кен чыккан катмардагы бир тонна таштын курамында үч граммдан жогору алтын бар деп эсептелген. Мына ушуга маани берүү керек. Ошондой эле алтындын биржадагы баасына да көңул буруу абзел. Мындан тышкары калдыкты иштетүүдө колдонулган техникаларды колдонуу маселеси турат. Дүйнөлүк практикада мындай нерселер бар. Ошондуктан жакшы ойлонуп туруп иш кылуу керек”.

Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка ылайык, Кумтөрдө казылган ар бир 500 миң тонна топурактын 18 миң тоннасы иштетүүгө жөнөтүлөт. Күнүнө таза 31 кг алтын алынат.

Кумтөрдүн ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия 17-февралда түзүлгөн. Аны Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын сунуш кылган. Демилгечилер аны жаратылышты коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздукка байланыштуу иштерди, буга чейин кабыл алынган токтомдордун аткарылышын текшерүү зарылчылыгы менен негиздешкен.

Депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Рыскелди Момбеков, Саматбек Ибраев, «Республика – Ата Журттан» Үмбөталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, «Кыргызстандан» Урматбек Самаев, Замирбек Эсенаманов, «Өнүгүү Прогресстен» Ныязбек Арзыбаев, «Бир Болдон» Акылбек Жапаров, «Ата Мекенден» Каныбек Иманалиев кирген. Комиссияны Акылбек Жапаров жетектейт.

Кийинчерээк бул депутаттык комиссиянын макамы мамлекеттик болуп өзгөргөн. Буга өкмөт мүчөлөрү да комиссиянын курамына киргени себеп болгон.

Бирок 6-мартта «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамааты бул иш-чарага тынчсыздануусун билдирип чыгышкан. Алар бийликке ачык кайрылуу жолдоп, кендин бардык отчёттору компанияда да, тиешелүү органдарда да бар экенин белгилешкен. Кайрылууда бийлик органдары компаниянын жумушуна кийлигишүүсү мамлекеттин инвестицияны коргоо боюнча мыйзамына каршы келээрин билдиришкен.

"Кумтөр Голд Компани» ишканасынын профсоюздар кеңешинин мүчөсү Калыс Рысбаев:

“Кумтөр кенинде бир нече профсоюз уюмдары бар. Алардын бири тынчсыздануусун көрсөткөн экен. Биз мамлекеттик комиссиянын ишин туура көрөбүз. Бирок алардын иши кагазда калбай, жыйынтык чыгышы керек деп ойлойм. Анткени Кумтөр түбөлүккө иштебейт. Ишкана жумушун токтоткондо көйгөйлөр чыкпашы керек деп эсептейм”, - деди.

Мамлекеттик комиссия кен казуу аймагындагы мөңгүлөргө аяр мамиле жасоо маселесин да көтөргөн. Маалыматта Кумтөрдөгү беш мөңгүнүн экөө гана толугу менен таза турганы айтылган.

Деген менен саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков депутаттардын бул ишин сынга алды:

Мүсүркул Кабылбеков.
Мүсүркул Кабылбеков.

“Бул мамлекеттик комиссия “иштеп жатабыз” деген түр көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Алардын ишинен маанилүү жыйынтык күтүүгө болбойт. Кумтөр боюнча келишимдерди күчтүү юристтер иштеп чыккан. Алар бардыгын мыйзамдарга такап коюшкан. Эл аралык юриспруденцияда адилеттүүлүктөн мурда мыйзам турат. Кумтөр боюнча эл канча жолу адилеттүүлүк болбой жатканын айтса да келишим боюнча мыйзамдан чыгууга болбойт”.

«Кумтөр» ишканасы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 10% жакынын, өнөр жай өндүрүшүнүн 20% түзөт. Кенден жылына 16-17 тонна алтын казылат. Кумтөрдүн айланасында 1990-жылдардан бери эле дайыма жаңжал орун алып, аны иликтөө максатында бир нече парламенттик жана өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Маселен, 2007-жылы парламенттик жана өкмөттүк, 2012-жылы да депутаттык, андан тышкары мамлекеттик комиссия иштеген.

2012-жылдагы депкомиссияны Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, азыркы президент Садыр Жапаров жетектеген. Ал ошол кезде Кумтөрдү улутташтыруу керек деп билдирип келген.

Былтыр Жапаров премьер-министрлик кызматка дайындалып жатканда кенди улутташтырууга кеч болуп калганын айтып, аны Кумтөрдө алтын дээрлик түгөнүп калганы менен түшүндүргөн. Жапаров Кумтөр мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын белгилеген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт.

Бишкек «Центерранын» акцияларынын дээрлик үчтөн бирин кармап отурганы менен 2016-жылдан бери алгачкы жолу былтыр 2,2 млн. доллар дивиденд алган.

Аталган мекеме 2020-жылы мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 15,3 миллиард сом которгон.

XS
SM
MD
LG