Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Кыргызстан «Кумтөрдү» убактылуу башкарат


Кумтөр. 2017-жыл.
Кумтөр. 2017-жыл.

Кыргызстан «Кумтөр Голд» компаниясын убактылуу өзү иштетмей болду. Бул тууралуу Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын сунушун Жогорку Кеңеш колдоп, Министрлер кабинетине «Кумтөр Голдго» убактылуу тышкы башкарууну киргизүү жана анын жетекчисин дайындоо сунушун берди. Башкаруунун мындай формасы үч айга созулуп, зарыл болсо дагы үч айга узартылат.

Кыргызстан "Кумтөрдү" кантип иштетет?

Кыргызстандагы эң ири алтын кени, ар бир бийликтин баш оорусуна айланып коррупциялык шек-шыбаалардан арылбай келаткан «Кумтөр Голд» ишканасын кыргыз бийлиги убактылуу башкарат. Мындай чечимди Жогорку Кеңеш 17-майдагы кезексиз жыйынында кабыл алып, «Кумтөр Голддун» ишин териштирип жаткан мамлекеттик комиссиянын сунушун 91 депутат колдоду. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Ошентип 30 жылга жакын убакыттан бери канадалык «Центерра Голд» (Centerra Gold Inc) ишканасы иштетип келаткан Кумтөр кенин башкарууну кыргыз бийлиги убактылуу өз колуна алып, өндүрүштү жүргүзгөнү калды. Бул парламенттин саясий чечими катары бааланды.

«Кумтөр Голддун» ишин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, парламент депутаты Акылбек Жапаров кендеги ишмердүүлүк ансыз да эки айдан бери көзөмөлсүз турганын, жума күнү мөңгүлөрдүн коопсуздугунун жана алардын жылып туруусунун абалын көзөмөлдөөчү система өчкөнүн айтты. Бул кенде иштеген адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратарын кошумчалап Кыргызстан кенди өзү иштете аларын билдирди.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Алтынды өзүбүз сатканга жана экономикага иштеткенге бардык механизмдерди үч айда бүтүрдүк. Иш үзгүлтүккө учурабайт. Биз кенди 24 саат иштеткенге даярбыз. Финансы министрлиги 25 миллион долларга тийиштүү насыя бергенге даяр. 2006-жылы да жумушчу топтун жетекчиси болуп турганда мен министр катары «Кыргызалтын» ишканасына 25 миллион доллар берип, алтынды үзгүлтүксүз сатып алып, кайра сатып турганбыз. Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген эки жараныбыз келди. Алар «Кумтөрдөн» да чоң ишканаларды иштетип жүргөн».

Жогорку Кеңеш 17-майда кабыл алган токтомго ылайык, эми Министрлер кабинети «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу тыштан башкаруу киргизип, анын жетекчисин дайындаш керек.

Акылбек Жапаровдун сөзүнөн маалым болуп калгандай ишкананы Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков башкарат. Парламенттин жыйынында Тенгиз Бөлтүрүк «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешине мүчө кызматынан кеткени дайын болду. Кыргызстандын да, Канаданын да жараны Тенгиз Бөлтүрүк бул кызматка былтыр декабрда дайындалып быйыл май айында кайра шайланган. Компаниянын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар.

Кенди улутташтыруу чакырыгы

«Кумтөр Голд» компаниясынын ишин териштирип жаткан мамлекеттик комиссия туура үч ай иштеди. Комиссиянын сунушу менен парламент алардын ишин дагы үч айга узартты. Башкача айтканда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары шайланганга чейин.

Комиссиянын мүчөсү, парламент депутаты Рыскелди Момбеков «Kумтөр Голд» ишканасын улутташтырууну сунуштады. Ал комиссиянын токтом долбоорун колдоп кол коюп бергенин, бирок өзгөчө пикири бар экенин айтып, комиссиянын корутундусу саясатташтырылып кеткенин сындады.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Биз «Kумтөр Голдго» 5 миллиард долларга жакын доону коюп жатабыз. Бирок мен бул доону өндүрө аларыбызга, «Кумтөрдү» көндүрө аларыбызга ишенбейм. Өндүрүп алсак Кытайдын карызынан кутулуп, ар бир кыргыз алтын аяктан суу ичип жакшы болот эле. Бирок мунун баары менин жеке пикримде жомок. Соттошуу бул коштошуу эмес – достошуу. Эгерде коштошо турган болсок башка жол менен баралык. Элди убара кылбай, элге убада кылбай улутташтырып салалы. Ошону кылалы, кылбасак «кысалы». Башка сөз жок. Биз эмне үчүн 2003 жана 2009-жылкы келишимдер тууралуу учкай кеп кылып, калгандарына басым жасап жатабыз? Бул саясат да».

Саясат демекчи Акылбек Жапаров комиссия Кумтөр алтын кени боюнча келишимдерге кол койгон мурдагы бир топ жетекчилердин жана кызмат адамдарынын ишине юридикалык баа берүүнү сунуш кылганын жарыялады.

«Келишимге кол койгон президенттердин, премьерлердин тизмеси, Экотехинспекциянын ошол убактагы директорлору, 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки баары, төрт пайыз салыкты албай, жыл сайын кол коюп берген Салык инспекциясынын директорлору, «Центерра Голд» ишканасынын директорлор кеңешиндеги кыргыз тараптын мүчөлөрү, «Кыргызалтын» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагаларынын баарына чет элдик компаниянын кызыкчылыгын колдогону үчүн баа берүүнү өтүнүп укук тартибин коргоо органдарына, Башкы прокуратурага жиберип жатабыз».

Момбеков «Kумтөр Голддун» ишин 2003-2007-2009-жылдары иликтеген комиссияларда Акылбек Жапаров иштегенин, ал үчүн Жапаровдун да жоопкерчилиги бар экенин айтты. Ошондой эле ал мурдагы президенттер менен тыгыз иштешип келгенин белгилеп, кетирилген кемчиликтерди убагында айтып чыкпаганы үчүн сындады.

"Кумтөр" боюнча козголгон иштер

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иши козголгон адамдар суракка чакырыла баштарын кабарлады. Атайын кызматтын төрагасы билдиргендей, бүгүнкү күндө бул мекемеде Кумтөргө байланыштуу бир нече кылмыш иши тергелүүдө.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Алар: Жаратылыш ресурстарына байланыштуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка бир топ кызмат адамдары, депутаттар коррупция үчүн айыпталып жаткан иш, Жети-Өгүз райондук администрациясы айыл чарба жерлерин бөлүп берүүдө 390 миллион сомдук зыян келтиргени боюнча иш, Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган 1,5 миллиард сом боюнча жана «Кумтөр Голддун» жетекчилеринин экологияга келтирилген зыян боюнча чечимдерине байланыштуу иштер».

6-майда «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор «таптакыр негизсиз» экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, «Кумтөр Голд» мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

Эл аралык сотко сүйрөгөн чечим

16-майда Торонто шаарында жайгашан «Центерра Голд» компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады. Ишкана Бишкек келишимге келбесе, «Кумтөр Голд» тарткан бардык чыгым үчүн арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилигин кароону өтүнөрүн билдирди. Компаниянын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри:

Скотт Перри.
Скотт Перри.

«Центерра Голд өз укугун «Кумтөр Голд» ишканасынын жана акционерлердин кызыкчылыгын арбитражда коргоодон башка аргасы калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдүү диалогго барууну кааласа биз даярбыз».

12-майда мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген.

Комиссиянын маалыматына ылайык, Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми канадалык «Центерра Голд» компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапкан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG