Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:19

Жапаров кубаттаган Конституция колдоо тапты


Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл менен добуш берүүдө, 11-апрель 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл менен добуш берүүдө, 11-апрель 2021-жыл.

11-апрелдеги референдумдун баштапкы жыйынтыгына ылайык, шайлоочулардын 79% ашууну Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдоду. Бүткүл элдик добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 37,4% гана катышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматына ылайык, 11-апрелдеги жергиликтүү шайлоолор менен чогуу өткөн референдумга 1 миллион 350 миңдей шайлоочу катышты. Бул тизмедеги жалпы 3 миллион 606 миң шайлоочунун 37,4% түзөт.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жекшембинин кечинде билдиргендей, референдумда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү Кыргызстанда президенттин бийлигин күчтөндүрө турган Баш мыйзамдын долбоорун колдоду.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынсын деген суроого “макул” деп жооп бергендер - 1 миллион 26 миң 917 киши болду. Бул 79,31% түзөт. Референдумга чыгарылган суроого “каршы” деп жооп бергендердин саны 176 миң 701 шайлоочуну же 13,65% түзөт”, - деди Шайлдабекова.

БШКнын расмий сайты көрсөткөндөй, референдумга катышкандардын 7 пайызга чукулунун же 90 миңден ашуун шайлоочунун бюллетени жараксыз деп табылды. 10-январдагы референдумга салыштырмалуу бул жолу жараксыз бюллетендер дээрлик эки эсе көп болду.

Референдумдан баш тарткандар

Мыйзамга ылайык, жалпы шайлоочулардын 30% катышса, бүткүл элдик добуш берүү өттү деп эсептелет. Кыргызстандын тарыхында бийлик демилге көтөргөн бир дагы референдум өтпөй калган эмес.

Андыктан жекшембидеги референдумга да жетиштүү шайлоочу катышканын баштапкы жыйынтыктар тастыктайт. Ошентсе да 11-апрелдеги референдум 2010-жылдан бери шайлоочулар эң аз катышкан бүткүл элдик добуш берүү болуп калды.

Ош шаарындагы добуш берүү, 11-апрель 2021-жыл.
Ош шаарындагы добуш берүү, 11-апрель 2021-жыл.

11 жыл мурдагы апрель жана июнь окуяларынан кийин өткөн референдумда жалпы шайлоочулардын 60% көбү добуш берген. 2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда уюштурулган референдумга 42% шайлоочу катышкан. Быйыл 10-январда мамлекетти башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумда шайлоочулардын катышы 39% түзгөн.

Жекшемби күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш бергени менен референдумдун бюллетенин алуудан баш тарткан шайлоочулар болду. Бир катар активисттер айрым добушканаларда жарандарга референдумдун бюллетендерин таңуулаган учурлар болгонун айтып чыгышты.

Конституциянын жаңы долбооруна каршы үгүт жүргүзгөн жарандык активист Рита Карасартова жергиликтүү кеңештердин талапкерлери аркылуу референдумга көбүрөөк шайлоочу алып келүү аракети болгонун билдирди.

“Талапкерлерге “добуш берүүчүлөрдүн саны 30% чыкпай калса, бардык шайлоолордун жыйынтыгы жокко чыгарылат, туугандарыңар, тааныштарыңар эмне кылса да шайлоого барсын” деген маалымат таратылыптыр. Биз консультация берип отурдук. Бизге “эмне жокко чыгып калабы” деп чала башташты. Биз түшүндүрмө берип жаттык. Жалпы акимдерге, акимдер айыл өкмөттөрүнө, айыл өкмөттөрү талапкерлерге таратып, баары бийликке жардам берип жатат. “Келгиле, 30% чектен өтүп алалы, эптеп Конституцияны тартып кетиш керек” депчи. Конституцияга ишеним абдан төмөн”, - деди жарандык активист Рита Карасартова.

Добуш берүүнүн алдында президент Садыр Жапаров “жергиликтүү шайлоолор жана референдум административдик ресурстар колдонулбастан, адилеттүү, калыс өткөрүлүшү керек” деген билдирүү тараткан.

Жаңы Конституция: Бийлик кандай бөлүштүрүлөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Президенттин бийлиги күчтөнөт

Кантсе да баштапкы жыйынтык Жогорку Кеңештин 80 депутаты былтыр ноябрь айында талкууга чыгарып, кийин Конституциялык кеңешме түзөтүүлөрдү киргизген Баш мыйзамдын долбоору колдоо тапканын көрсөттүүдө. Ага ылайык, эми Кыргызстан кайра президенттик республикага айланат.

Президент мурдагыдай бир эле мөөнөткө эмес, 5 жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат жана аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөп калат. Мамлекет башчысынын жергиликтүү кеңештерди таркатып, райондун башчыларын дайындоого чейинки бир топ ыйгарым укуктары болот. Мындан ары референдумдарды мурдагыдай Жогорку Кеңеш эмес, президент гана жарыялай алат.

Шайлоо жана референдум: Алдыда бизди эмне күтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 1:08:12 0:00

Жаңы Конституцияга ылайык, парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го түшүрүлөт. Бирок алар кандай тартипте - партиялык тизме менен шайланары же бир мандаттуу округдардан шайланып келери азырынча белгисиз. Бул атайын мыйзам менен аныкталат. Жаңы долбоор менен депутатты чакыртып алууга жол ачылмакчы. Мындан тышкары жаңы Конституцияда Элдик курултай өзгөчө макамга ээ болот жана “сунуш берген, кеңешүүчү, байкоочу жыйынга” айланат.

Буга чейин Кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер жана Венеция комиссиясы менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун эксперттери Баш мыйзамдын долбоорунда бийлик бир колго топтолуп калганын билдиришкен.

"Негизги маселе – долбоордо көзөмөлдөөчү жана тең салмактоочу чыныгы механизмдердин жоктугунда. Биз кыргыз эли президенттик башкаруу системасын тандаганын түшүнөбүз. Бирок президенттик системаларда да бийлик мамлекет башчысынын колунда топтолуп, башка органдар тарабынан көзөмөлдөнбөй калбашы үчүн күчтүү тең салмактоочу жоболор керек. Биз Конституциядагы түрдүү беренелерди талдап чыккандан кийин сот системасынын көз карандысыздыгына олуттуу бир кийгилишүү бар экенин байкадык. Парламент өтө эле алсыз болуп калганын, президенттин ыйгарым укуктары өтө эле көп тараптуу экенин көрдүк», - деп билдирген Конституциянын жаңы долбоорун талдап чыккан Венеция комиссиясынын мүчөсү, германиялык юрист Анжелика Нуссбергер.

Жапаров жаңы Конституцияны кубаттады

Конституциялык реформаны жактагандар Кыргызстанда 10-январдагы референдумда шайлоочулардын 80% президенттик башкаруу системасын колдошконун, ага жараша жаңы Баш мыйзам иштелип чыкканын белгилеп келишет.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде жаңы Конституция өлкөдө мыйзамдуулук менен тартипти орнотоорун айткан. Ал 11-апрелде добуш берип жатып, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кубаттады.

“Отуз жыл аралыгында Конституцияга көп жолу өзгөртүүлөр киргизилди. Бирок кайсы бир мамлекеттен же кайсы бир булактардан Конституциянын долбоорун көчүрүп жазып алып, ошону менен жашап келдик. Биринчи жолу Конституциянын долбоорун аксакалдар, академик, юридикалык докторлор болуп жүзгө жакын адамдын катышуусу менен өзүбүз иштеп чыгып, түз эфирде элдин талкуусу менен ачык даярдап чыккан Баш мыйзамды кабыл алуу мезгилинде турабыз”, - деди президент.

Шайлоо жана референдумдагы мыйзам бузуулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Эми Боршайком референдумдун расмий жыйынтыгын жарыялагандан кийин президент Конституцияны референдумга алып чыккан мыйзам долбооруна президент кол коюшу керек. Ал мыйзам жана Конституция расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет жана 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам күчүн жоготот.

Жаңы Конституция боюнча, президент Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт. Эгер ал кийинки президенттик шайлоодо да утуп келе турган болсо, анда бул анын биринчи президенттик мөөнөтү деп эсептелет. Күзүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституция менен өтөт.

Жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин Кыргызстандын өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет. Жогорку Кеңеш жана Министрлер кабинети алты айдын ичинде мыйзамдарды ушул жаңы Конституцияга ылайык келтириши керек.

Президент Садыр Жапаровдун БШК референдумдун акыркы жыйынтыгын 20-апрелден кийин жарыялай турганын, жаңы Конституциянын алкагында бир топ мыйзам долбоорлору эбак эле даярдалганын айтты жана аларды Жогорку Кеңеш каникулга кеткенге чейин кабыл алып берерин билдирди.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG