Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Сузактагы окуя: 19 бала дале ооруканада дарыланууда


Сузактагы окуядан жабыркаган балдарды Бишкектеги ооруканага жеткирүү учуру. 3-май, 2024-жыл.
Сузактагы окуядан жабыркаган балдарды Бишкектеги ооруканага жеткирүү учуру. 3-май, 2024-жыл.

Сузак районундагы манасчылардын сынагындагы автоунаа сүзүп кеткен окуядан жабыр тарткан 19 бала дале ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу 6-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бир баланын абалы жакшырып, ооруканадан чыгарылды.

Бишкекке алып келинген он жабырлануучунун үчөөнө операция жасалды, абалдары орточо оор. Төртөө реанимацияда жана башка бөлүмдөрдө жатат. Жалал-Абаддагы ооруканада жаткан тогуз баланын бешөөнүн абалы орточо оор, калгандары канааттандырарлык деп эсептелүүдө.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында "Манас айтуу" фестивалында дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине иш-чарага катышып жаткан балдарды коюп кеткен. 3 миң окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, алардын көбү ооруканага түшкөн. Балдардын ону атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, айрымдарына операция жасалды.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, автоунаанын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Ал үй камагына чыкканы 5-майда белгилүү болду.

Автоунаа Жерге-Тал айылынын тургунуна таандык. Ал кароо-сынакка катышып жаткан балдарга балмуздак таркатуу үчүн барганы маалымдалды. Айдоочу машинени өчүрбөй токтотуп, түшүп кеткен мезгилде унаа кокусунан жылып кеткенин айтып берген.

Окуяны мекемелер аралык комиссия иликтеп, аймактагы милиция жетекчилери кызматтан алынып, айрым кызматкерлер тартиптик жазага тартылды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да жумуштан убактылуу четтетилди.

Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жараат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүнгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG