Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Референдумга келбеген журтташтар


Москвадагы добушканалардын бири, 11-апрель 2021-жыл.
Москвадагы добушканалардын бири, 11-апрель 2021-жыл.

Конституциянын долбоору боюнча референдум Кыргызстандын 30дай мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө да өтүп жатат. Орусия баштаган бир топ өлкөлөрдө добуш берген шайлоочулардын саны мурдагыдан кыйла аз болууда.

Борбордук шайлоо комиссиянын жаңы тизмесине ылайык, 10-январдагы президенттик шайлоо жана референдумдан бери чет жактагы кыргызстандык шайлоочулардын саны 9 миңге көбөйдү.

Натыйжада 11-апрелдеги Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга чет өлкөдөн катышууга укугу бар шайлоочулардын саны 58 598 адамга жетти. Алардын жарымынан көбү же 38 миңге чукулу Орусияда жашап-иштеген кыргызстандыктар.

Мындан улам дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүндө ачылган жалпы 48 добушкананын 15и Орусияга туура келет. Алардын үчтөн бири же бешөө Москва шаарында иш алып барууда.

Референдум тууралуу маалымат аз

“Азаттыктын” кабарчысы Лазат Жаныбек кызы билдиргендей, орус баш калаасында добуш берүү мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу кыйла солгун жүрүп жатат жана жергиликтүү саат 14:30га карата Москвадагы жалпы 21 миңден ашуун шайлоонун 400гө жетпегени гана добуш берди.

Москвадагы шайлоо комиссиясынын мүчөсү Аниса Жээнбекова добуш берүүгө келгендердин арасында Конституциянын долбоорунан кабары жок шайлоочулар көп экенин “Азаттыкка” айтты.

“Активдүүлүк аз болгонунун биринчи себеби – эч кандай талкуу же түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлбөгөнү. Келсең кел, келбесең келбе дегендей эле болуп калды. Саат 8ден баштап шайлоочулар келе баштады. Көптөр эмнеге келгенин билбейт. “Макулмун дегенге коёюнбу, же каршымын дегенге коёюнбу? Өзү кандай суроо? Эмне кылышым керек?”, - деп чоң эле, сабаттуу адамдар бизден сурап жатышты. Коомдогу болуп жаткан нерселерден сыртта калганы билинип турат. Бир жаш бала келип “Эмне, эч кандай партияларды шайлабайбызбы?” деп бизди күлдүрүп да, өкүндүрүп да кетти”, - деп билдирди Аниса Жээнбекова.

Орусиядан кийин эле эң көп кыргызстандык шайлоочу Казакстанда катталган. БШКнын тизмесине ылайык, бул өлкөдө 5 миңден ашуун кыргыз жараны добуш берүүгө укуктуу. Алар үчүн Алматы жана Астана шаарларында эки добушкана ачылган.

Кыргызстандын Берлиндеги элчилигиндеги референдумду уюштурууга жооптуу кыргыз жарандары, 11-апрель 2021-жыл.
Кыргызстандын Берлиндеги элчилигиндеги референдумду уюштурууга жооптуу кыргыз жарандары, 11-апрель 2021-жыл.

Тизмедеги кыргыз шайлоочуларынын саны боюнча үчүнчү орунда турган Германиянын Берлин, Бонн жана Франкфурт шаарларында үч добушкана иштеп жатат. Аларда жалпысынан 3300дөн ашуун шайлоочу каттоодо турат.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин биринчи катчысы, Берлин шаарындагы №9029 шайлоо комиссиясынын катчысы Мират Урмат уулунун айтымында, жергиликтүү саат 12:30га карата немис баш калаасындагы кыргыз элчилигинде катталган 1669 шайлоочунун 31и добуш берди.

“2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Берлин шаарында 125 шайлоочу добуш берген. 10-январдагы президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана мамлекеттик башкаруу системасын тандоо боюнча референдумда 77 жаран добуш беришкен”, - деди Мират Урмат уулу.

“Референдум уланууда. Айта кетчү нерсе, Германияда коронавируска байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бар”, - деди ал.

Жогорудагы үч өлкөдөн тышкары Кытайда, Түркияда жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден шайлоо участогу иштеп жатат. Калган 24 өлкөдө бирден гана добушкана ачылган.

Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарларында жалпысынан 1500дөн ашуун шайлоочу бар. Стамбулда референдумга катышкан шайлоочулардын саны мурдагыдан азыраак болуп жатканын “Азаттыктын” кабарчысы Эльвира Буудайчиева ырастады. Анын айтымында, жергиликтүү саат 14:00гө карата Стамбулда 37 киши гана добуш берди.

Ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында 906, Абу-Даби шаарында 157 гана шайлоочу каттоодо турат. Кыргызстандын Дубайдагы консулу, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы Адилет Сыдыков жергиликтүү саат 14:00гө карата маалыматы менен бөлүштү.

"Биз шайлоо участогубузду убагында, саат 8:00дө ачтык. Учурда саат 14:13 болуп калыптыр. Азырынча 15 киши келип добуш берди. Негизи шайлоочулардын катышы бир аз төмөнүрөөк болуп жатат. Бирок биз жумуштан кийин келет деп ойлоп жатабыз. Себеби шайлоого катыша турган жарандардын көпчүлүгү жумуш бүткөндө, саат 6дан кийин келет деп ойлойбуз. Арабдардын графиги боюнча, жекшемби күн бул жакта иш жуманын башталышы катары эсептелинет”, - деди Сыдыков.

Дубайдагы шайлоо участогу, 11-апрель 2021-жыл.
Дубайдагы шайлоо участогу, 11-апрель 2021-жыл.

Сеулда баштапкы жыйынтык чыкты

Ал эми Чыгыштагы Жапония менен Түштүк Кореянын баш калааларындагы элчиликтерге жайгашкан добушканалар Бишкек сааты боюнча 17:00дө жабылды. Сеул шаарында 1500гө жетпеген кыргыз жараны добуш берүүгө укуктуу. 10-январдагы президенттик шайлоо жана референдумга салыштырмалуу бул жолу шайлоочулар азыраак келгенин шайлоо комиссиясынын төрагасы, Түштүк Кореядагы кыргыз диаспорасынын активисти Эмилбек Калилов “Азаттыкка” айтты.

“Бул жерде шайлоо жакшы өттү. 55тей шайлоочу келди. Алардын 50-51 пайызы Конституцияны жакташты. 49 пайызы каршы болду. Баш мыйзамды жактагандар 2 пайызга көбүрөөк болду. Түштүк Кореяда 1470тей кыргыз жараны катталган. Бул жакта добуш берүүчүлөр шайлоого пассивдүү катышып келген. Тизмедегилердин 10-15 пайызы келип, добуш беришчү. Бул жолку референдумга азыраак келди. 4 пайыздай болуп калды окшойт”, - деди Калилов.

АКШнын баш калаасы Вашингтондогу кыргыз элчилигинде Бишкек сааты боюнча 18:00дө добуш берүү башталды.

Кыргызстандын жүз миңдеген жарандары чет өлкөдө, алардын көбү Орусияда жүргөнүнө карабастан каттоодон өткөн шайлоочулардын саны бир нече эсе аз.

10-январдагы президенттик шайлоого жана референдумга чет өлкөлөрдөн тизмедеги 49 миңден ашуун шайлоочунун 13 миңдейи гана катышкан. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, президенттик шайлоодо алардын 71 пайызы Садыр Жапаровду колдосо, 77 пайызы президенттик башкаруу системасына артыкчылык берген.

11-апрелдеги референдумда Конституциянын долбоору колдоо тапса, Кыргызстан кайрадан президенттик башкаруу системасына кайтат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу. Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Баш мыйзам: бийлик кандай бөлүштүрүлөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG