Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:20

Турусбеков: Баш мыйзам долбооруна эми өзгөртүү кирбейт


Кыргыз Республикасынын Конституциясы (Иллюстрациялык сүрөт).
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (Иллюстрациялык сүрөт).

Баш мыйзамдын долбооруна эми өзгөртүү кирбейт, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков бүгүн 4-мартта “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө.

Турусбеков Конституциянын жаңы долбоорунун авторлорунун бири.

“Баш мыйзамдын долбоору үч айдан бери талкууланды. Ошондон бери түшпөгөн сунуштар, айтылбаган сындар эми чыга баштады. 2-мартта парламент 1-окуудан кабыл алган соң сунуш, сын-пикирлер түшө баштады. Мыйзам долбоору 1-окуудан өткөн соң өзгөрүү кирбейт. 2-3-окуусунда да өзгөртүү киргизүүнүн жол-жобосу жок”, - деди ал.

Турусбековдун айтуусунда долбоор талкууланып жаткан бир нече айдын ичинде берилген сунуштар эксперттер тарабынан каралып, тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

"Эксперттер талдайт" көрсөтүүсүнө катышып жаткан саясатчы Исмаил Исаков Баш мыйзамды бул долбоору кабыл алынса, арты жакшы болбосун эскертти.

Дагы бир саясатчы Равшан Жээнбеков долбоорго коом каршы болуп жатканын айтып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен биринчи окуунун режимине кайтып келип, Баш мыйзамды кайра караса болорун, буга регламент жол берерин айтты.

2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин, ошол эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага 80 депутат демилгечи болгон.

Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу максатында Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документ 2 айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген.


Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган. 17-февралда парламенттеги демилгелүү топ аны карай баштады.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды.

Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берди, 21и катышкан жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG