Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

З.Курманов: Жогорку Кеңешти АКШ Конгрессиндей кубаттуу кылышыбыз керек


Профессор Зайнидин Курманов. 2018-жылдын 17-декабры.
Профессор Зайнидин Курманов. 2018-жылдын 17-декабры.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы спикери, тарыхчы жана саясат таануучу, профессор Зайнидин Курманов "Азаттыктын" кабарчысы менен Кыргызстандагы соңку саясий окуялар, элдик толкундоолор, референдумдан кийинки мамлекеттик башкаруу түрү жаатында маек курду.

“Азаттык”: Сиз социалдык түйүндө жигердүүсүз, бул жерде “Тарых сабактарын” эске алып жатам. Өткөн жылдын октябрь айындагы окуяларга саясат таануучулар ар кыл баа беришүүдө, сиздин пикириңизде эмне болду, төңкөрүшпү же ыңкылаппы?

З.Курманов: Илимий, техникалык же социалдык жагынан алганда, бизде өзү чыныгы ыңкылап боло элек. Социалдык ыңкылап жасаш үчүн буржазиялык баскычты басып өтүшүбүз керек. Мына ушул буржуазиялык баскычтан өткөндөн кийин француз, америкалык дагы башка революциялар чыккан.

Биз андай баскычты басып өтпөгөн соң, ыңкылап деп аткандарыбызды көңтөрүш, көтөрүлүш, атүгүл козголоң деп койсок жарашат. Бизде ыңкылап жагдайы такай туру го, жогоруда отургандар башкара албай, төмөндөгүлөр баш ийгиси келбей калган учурлар толтура, бирок алар ыңкылапка жете албай, көтөрүлүш, козголуш менен аяктап келатат.

“Азаттык”: Анда көңтөрүш дешибиз керекпи?

З.Курманов: Кезектеги көтөрүлүштөрдүн бири, же козголоң, булардын аталыштары толтура. Ыңкылапта коомдук түзүлүш таптакыр өзгөрүп, баарысы анын ичинде саясат, коомдук мамиле-катнаштар башкача нукка түшөт.

Бизде болсо биринин ордун экинчиси ээлеп, баштагы калыбына келип, баары өзгөрүлбөй калып жатпайбы. Башында отурган бир кишинин аты-жөнү аталса, эми башканыкы айтыла баштайт. Башка эч кандай деле өзгөрүү жок, анан ушуну кантип ыңкылап – революция деп атайсың. Бийликти ээлеп алгандар кайсы бир ыңкылапты айтып кыйкыра башташат.

Үч жолку көңтөрүш ыңкылапка чейинки жол узак экенин көрсөттү. Анан бийликке жаңы отурган адам мурда башталган ишти “даканса” аягына чыгарар деп үмүт кыла баштайбыз.

Курманов: Ыңкылап - бийлик менен байлык бөлүштүрүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:06 0:00

Тасма. З.Курманов Б.Шамшиев менен маектешет. 25.4.2016.

“Азаттык”: 2020-жылы октябрдагы окуялардын күчаласы - парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык болду. Баарынан таң калыштуусу - шайлоодон утуп келип четке сүрүлүп калган партиялар оюна келбеген ийгиликке жетишти. Парламенттик шайлоодогу жасаган иштери үчүн алар саясий же моралдык жоопкерчиликке тартылышы керек беле?

З.Курманов: Моралдык жоопкерчиликти эч ким алып коё элек, андай жоопкерчиликти тартышат. Өлкөбүздүн кризистен башы чыкпай келатканы үчүн жооп бериши керек го. Отуз жылдан бери эле оңоло албай келатабыз. Биз улам-улам чарпылып калып жаткан окуяларга четтеги оюнчулардын да ролу бар деп ойлойм. Геосаясий атаандаштык темасын биз козгобойбуз.

“Азаттык”: Ички себеп-жагдайларды эле айталыбы?

З. Курманов: Ички дегенде сырткы күчтөрдүн тактекеси болуп, ошолор койгон күүлөрдү чертишти дейин десе, баары сценарийден чыгып, башкача нукка түшүп кетти. Башында коюлган план жарым жолго жетпей өзгөрүлдү.

Садыр Жапаровдун тарапташтары менен саясий жүрүмгө аралашуусу баарын аралаштырып салды. Көшөгө артындагы сүйлөшүүлөр, жең ичинен бүтүмдөр С. Жапаровду өкмөт башчылыкка, андан соң президент милдетин аткарууга алып келди. Кыска убакыт ичинде ал мамлекет башына туруп калды. Үч күндүн ичинде.

“Азаттык”: Садыр Жапаровго токтолбой эле туралы. 2017-жылкы окуяларда ал абакта жаткан. 5–6-октябрдагы нааразылыктарды пайда кылган партиялардын иш-аракети тууралуу кеп кылсакпы деп турам.

З.Курманов: Бул ишти тергесе кыйла кызык маселелер чубалып чыгат. Эмне болгонун коопсуздук кызматы иликтеп чыкса, кызыктуу фактылар калкып чыгар эле. Азыр баатыр болуп аткандардын кыңыр иштери билинмек. Алгач алып чыккан жүйөөлөрү шайлоо жыйынтыктарына нааразылык болгону менен, иш жүзүндө мамлекеттик көңтөрүш чыкпадыбы.

Сооронбай Жээнбековду Садыр эмес, мурда аны колдоп келаткан күчтөр кызматтан алышты, муну иликтеп чыгыш керек. Сырттагы өнөктөштөрдүн да тиешеси болуп калды окшойт. Кыргызстан цивилизациялар кездешкен, кепке келишкен жерде жайгашкан. Тээ 19-кылымда, жаңылбасам, МакКиндер (Ред. - Sir Halford Mackinder; 1861-1947) “Борбор Азияны ким ээлесе, ал дүйнөнүн ээси болот” деп айткан. Бу чөлкөмгө кызыгуучулук башынан эле күчтүү.

Ушу тапта Борбор Азияда төрт тарап – Кытай, Орусия, АКШ, Европа Биримдиги атаандашып турат. 16-кылымда бул жерде Кытай менен Орусиядан башка эч ким жок болчу. Кийин Улуу Британия, Түркия, Иран, Пакистан, Индия сындуу чөлкөмдүк ири өлкөлөр чыкты.

Соңку жылдары бул чөлкөмгө киргиси келген дагы бир оюнчулар тобу – Перс булуңундагы өлкөлөр жандана баштады. Жалпысынан жети оюнчу турат, баарынын көздөгөн айырмалуу кызыкчылыктары бар.

“Азаттык”: Өзүбүздүн саясатыбызга келели. 2021-жылы 10-январда кезексиз президенттик шайлоого кошо өлкөдө мамлекеттик башкаруу түрүн тандап алчу жалпы элдик добуш берүү өттү. Шайлоого келгендердин 80% президенттик башкарууну жактай тургандыктарын билдиришти. Ага ылайык Конституция да жаңыланат. Садыр Жапаров бийликтин баарын эле өзүнө албай, башка бийлик бутактары менен бөлүшөрүн айтты. Сиз парламенттин спикери болгонсуз, тажрыйбаңыз бар, күчтүү президенттик башкарууда бийлик тең салмактуулугун сактоого мүмкүнбү?

З. Курманов: Мүмкүн эле эмес, сөзсүз болушу керек. Бул - зарылчылык. Биздин коомдук түзүлүшүбүз республикалык, андай болгондон кийин башкаруунун үч башка түрү болушу керек, президенттик, парламенттик, анан жарым-жартылай президенттик. Кийинкиси француздук башкаруу калыбы. Эгер Сауд Арабстандагыдай абсолюттук монархия кургубуз келсе, анда Конституциянын дегеле кереги жок.

Ошол эле учурда айрым республикалар Конституциясыз, маанилүү мыйзамдардын жыйындысы жок эле жашап келатышат. Башкаруунун негизинде тигил же бул өлкөнүн тарыхый, саясий тажрыйбасы турушу керек.

Тасма. Конституциянын сынга кабылган долбоору. 18.11.2020.

Бизде буржуазиялык республиканын тажрыйбасы жок, бир нече коомдук-экономикалык формацияларды башынан кечирбегенибизден, айталы, кул ээлөөчүлүк менен капитализмди аттап, алгачкы жамааттык коомдон феодализмге, андан советтик түзүлүшкө өттүк.

Алгачкы жамааттык коомду айтпай эле коёлу, а бирок капиталисттик жолду басып өтпөгөнүбүз, парламент, сот бийлиги, саясий партиялар, шайлоо системасы, эркек-аялдар теңчилиги, пенде балдарынын бир укукта болушу, мыйзам үстөмдүгү сындуу толгон-токой институттар буржуазиялык түзүлүш учурунда гана өнүгүп, тамыр жаят.

Биз андан четтеп калганыбыздан бул институттар бекем таканчык алып кете албай турушат. Алардын ишинин натыйжасы да көрүнбөй жатат. Анан да булардын баарына ишениш кыйын. Колу тийген нерселеринин баарын жайлап салып атышпайбы.

Башында саясий партиялар деле дурус башталган. Реалдуу партиялар чыга баштаган. Жыйынтыгында алар эмне болушту. Дурус дечү партияларыбыз эмне болушту, тарапташтардын чогулчу жайы болуп калды го. Башында партиялардын идеологиясы бар эле, мен парламентте либералдык партиянын өкүлү элем. Социалисттер, коммунисттер, консерваторлор менен келише алчу эмеспиз. Анан баары, анын ичинде идеология да жоголуп кетти.

“Азаттык”: Бийлик бутактары тууралуу кеп кылсак.

З.Курманов: Бул маселеде биринчи иретте сот реформасын баштоо керек. Аны кантип жүргузүү керек, кайсы негизге таянып башташ керек. Соттун жарандык укуктук аң сезими болбосо эмнеден баштайсың? Пара алып, башкалар менен ымалага келип ишти жаап коюуну жакшы билишет, бирок жоопкерчилиги жок.

Эл өзү сотторду шайласын деп атышпайбы. Кимди шайлашат, өзүнүкүн да. Тууганым деп саяк, сарбагыш, жердешин шайлайт, мыкты юристти шайлашпайт. Ал го мейли, биз нормалдуу депутат шайлай албай отурабыз.

Бизде элдин жоопкерчилиги деген жок, жетекчилик, аткаминерлер гана күнөөлүү. Өздөрү акча алышат, сатылышат. Мына соңку шайлоодо 30% гана адам келди, идеалисттер гана келишти, акча алчулар келишкен жок. Ошон үчүн катышуучулар аз болду.

“Азаттык”: Бийлик бутактарынын тең салмактуулугун соттук реформадан баштоо керекпи?

З. Курманов: Биринчи иретте билим берүүдөн, тарбиялоодон баштоо зарыл. Адамдарда адамдык бийик сапаттар, Мекенди сүйүү, жоопкерчиликти сезүү болушу керек. Туура, буга көп убакыт кетет. Баары кайдадыр шашылып жатышат.

Буга жетүүнүн көп жолдору бар. Эгер саясий жетекчилик өзүнүн жеке жүрүм-туруму, иши менен элге өзгөрүүнү көрсөтсө көпчүлүк артынан ээрчийт. Антпей алар бийлик менен акчаны бөлүштүрүүгө өтсө, кайрадан артка кетебиз.

Эгер биз отуз жыл ичинде билим берүүгө жакшы көңүл буруп, мамлекеттик, улуттук идеологияны иштеп чыгып, ишти жөнгө салып койсок, биз азыр өнүгүүнүн башка баскычында турмакпыз. Отуз жыл бир жерди таптап, кайсы форма жакшы деп отурмак эмеспиз. Мындан өткөн аңкоолук барбы, отуз жыл бою кандай түрдө башкаруу керектигин аныктай албайт деген эмне!

Демократия шылтоосу менен баарын - гимнди, гербди алмаштыргыбыз келет. Демократия - бул тартип, жоопкерчилик, иреттүүлүк. Мына ушуну да элге түшүндүрө албадык.

“Азаттык”: Конституцияга өтө эле көп өзгөртүүлөр киргизилди, жаңылары кабыл алынды. Бизге ушул Конституция эле тоскоол болуп жатабы?

З.Курманов: Кеп Конституцияда эмес, баары адамдардын аң-сезимине байланышкан. Баш мыйзамды он ирет өзгөрттүк, андан жакшы деле болуп кеткенибиз жок.

Бразилияда Конституциясын 200 ирет, Аргентина 170 ирет өзгөртүштү. Алардын бутуна турушканына 30 жыл толду. 30 жыл илгери Латын Америка өлкөлөрүнүн саясий элитасы иштин баары Башмыйзамда эмес, мамлекетти башкарган адамдарда экенин жакшы түшүнүштү. Муну түшүнгөндөн кийин кийин жаңы Башмыйзам кабыл алышып, ошол менен 30 – 40 жылдан бери америкалык үлгүдөгү демократияны куруп келатышат.

Баары адамдардын жоопкерчилиги менен аң-сезим деңгээлине байланышкан. Бийликке дардаңпос келип калса, андан жакшылык күтпөй эле койгон оң. Кандай ишке келгенин билген жоопкерчиликтүү адам бийликке келсе, Манас же Ататүрктөй болуп, өлкөнү алдыга сүрөп кетет.

“Азаттык”: Бийлик бутактарынын теңсалмагы тууралуу кеп кылсак. Ага кантип жетүүгө болот?

З. Курманов: Азыр бийлик бутактарындагы тең салмактуулук тууралуу кеп кылышпайт. Себеп дегенде, кеп кылчулардын өзү чаласабат же таптакыр эле сабатсыздар. Президенттик башкаруу формасы начар деп кыйкырышууда.

Дегеле начар түр жок. Бардык түрлөр жакшы. Андай болушу үчүн бийликтер ортосунда тең салмак болушу керек, система ичинде бирин экинчиси теңдеп, тыйып турушу зарыл.

Президенттик башкаруу түрүнүн классикалык үлгүсү - АКШ. Ал жерде мындай түр 1787-жылкы революциядан кийин пайда болгон. Ал өлкө Британиянын оторчулдугунан бошонуп, анын жолун жолдогусу келген эмес. Башында империя болсокпу деп, бирок соңунда республиканы, президенттикти тандап алышкан.

Америкалык укук түшүнүгү боюнча, президент деген шайлана турган өкүмдар. Өмүр бою бийликте турбаган, белгилүү мөөнөткө өлкөнү башкарчу, бирок бийлиги Конгресс жана сот тарабынан чектелген адам.

Эмне үчүн бул калып Америкада ийгиликтүү ишке ашып, башка жерлерде андай болбой жатканына токтоло кетейин. АКШ Конституциясында 6-7 берене мамлекеттик түзүлүшкө гана арналган. Адам укугу жана башка алымча-кошумчалар өзүнчө мыйзамдар катары кабыл алынган. 200 жылдан ашуун оңдолбой келаткан мыкты документти жазып коюшкан. Аны эң мыкты юристтер жазышкан.

Тең салмактуулук болушу керек. АКШда Конгресс күчтүү, биз да демократиялык өлкө курабыз десек, президенттик бийликти ооздуктай турган элдик өкүлчүлүк бийлигин – Жогорку Кеңешти күчтүү кылышыбыз керек. Парламент мыкты болушу керек.

Ал жерге олигархтарды, чаласабаттарды жыйнабай, чыгаан инсандарды топтош керек. Парламент ичинде инсандар отурганда гана күчтүү. Эч кимге көз каранды эмес, саясий кампасы, тажрыйбасы жетиштүү адамдар , президент менен министрге “жок” деп айта алчу кишилер отурушу керек. Британдык Уинстон Черчилл сындуу бир адам биздин парламентте отурганда, ал жерди эч ким “чимкирик” деп атай алмак эмес.

“Азаттык”: Келип-келип эле элдин кимди шайлаганына такалат экенбиз да.

З.Курманов: Шайлоо - тандоо. Элдин көбү Садыр Жапаровду тандады. Эрки күчтүү, чечкиндүү, жоопкерчиликти сезген киши. Анын алдында турган милдеттерди көргөндө коркуп кетесиң. Эми ал акылдуулардан кеңешчилерди тандашы керек. Президент энциклопедист окумуштуу эмес, баарын билиши да зарыл эмес, керектүү адистерди жанына топтоп, багытты аныктап бериши керек.

“Азаттык”: Парламентин саны азайып, бир тобу жер-жерлерден, калганы партиялык тизме менен шайланганы калды окшойт. Бул - сапатка таасир тийгизбейби?

З.Курманов: 90 депутат Кыргызстан үчүн ылайыктуу эле. Саал көбүрөөк дагы. Мурда 75 адам иштечү. Түркмөнстанда 50 депутат отурат. Жүзгө чейин нормалдуу эле. Башкысы - өкүлчүлүк болсун. Элдин кызыкчылыгын коргогон өкүлдөр болушу керек.

XS
SM
MD
LG