Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Темирлан Молдогазиев: Күчтүү бийлик президентти ооздуктайт



Профессор Темирлан Молдогазиев.
Профессор Темирлан Молдогазиев.

АКШдагы Пенсилвания штатынын университетинин профессору Темирлан Молдогазиев "Азаттык" менен болгон маегинде АКШдагы соңку саясий окуяларга байланыштуу өз байкоолору менен бөлүштү. Ал ошондой эле Кыргызстандагы саясий жүрүм жаатында жарандарга өз милдетин так сезип, туура чечим чыгарууга кеңеш берди.

- 6-январда Вашингтондо жаалданган топ конгрессмендер отурган Капитолийдин имаратын курчап алып, чабуул болду. Бул окуяны дүйнө өлкөлөрү ар кандай баалап жатышат. Ал эми америкалыктар өздөрү, сиздин кесиптештериңиз эмне деп жатышат?

Америкалыктар Вашингтондо орун алган окуяларга таң калып отурушат, бирок Трамптын оңой кетишине эч ким деле ишенген жок болчу. Ошондуктан бул бир жагынан кадыресе күтүлгөн эле. Бирок мынчалык башаламандык болуп кетээрине эч ким деле ишенген эмес, ошондуктан чочуп калгандары, түшүнбөй калгандары андан көп. Эми 20-январга чейин Трамп дагы эмне кызыкты көрсөтүп жиберет деп күткөндөр да бар.

- Кошмо Штаттар бийликти өткөрүп берүү демократиялык салтка айланган мамлекет эмеспи, 20-январда инаугурацияда кетип жаткан президент жаңы шайланып келаткан президентке кызматын тапшырган салтанат болобу?

Трамптын президенттик шайлоодон өзүнүн жеңилгенин мойнуна алып, бийликти тапшырып берерине эч ким деле ишенген жок эле. Бирок 20-январда дүйнө жүзүнө көрсөтчү нерсе – АКШда бийлик тынч жол менен өткөрүлөт, анткени бул Трамп жалгыз чече турган маселе эмес. 7-январда эле эртең мененки үч-төрттө Конгресс бийликти Байдендин жаңы администрациясына тапшырып берген. Ошондуктан эки жуманын ичинде жаңы келгендер бийликти толук өткөрүп алышат.

Албетте, республикачылар чын эле бийликти мурдагыдай өткөрүп береби же өткөрүп бербейби деп күткөн дагы деле бар деңизчи. Бирок айтчу нерсе – Республикалык партиясы эки-үчкө бөлүнүп баратат. Январдын жыйырмасы келгенде президенттик бийлик өтөт, Трамп ал аземге катышпай турганын айтты. Бирок ал эч нерсени өзгөртпөйт.

- АКШда эки чоң партия - Демократиялык жана Республикалык партия бар. Шайлоодо улам бири жеңип келип, бийликти колуна алат. Америка коомундагы азыркы ажырым менен тиреште ушул эки чоң саясий институттун ролу канчалык?

Америкада кандай жүрүмдөр бар? Дүйнө жүзүндө өтүп жаткан бардык процесстердей эле деп ойлойм. Анткени Европадабы, Америкадабы, Азиядабы азыр авторитардык мүнөздөгү жүрүмдөр орун алып жатат. Америкада да андай сезилет, бирок башка мамлекеттерден айырмаланып, бул өлкөдө күчтүү институттар түптөлгөн. Бийликтин институттары Трамп же башка кайсы президент болбосун, аны ооздуктай алат. Федералдык деңгээлде администрация бар, парламент – Конгресттин Сенат менен Өкүлдөр палатасы, көз карандысыз соттор бар.

Ошондой эле ар бир штаттын өзүнүн парламенти, губернаторлугу, сот системасы да бар. Мындай ажырымдар Америкада жүз жыл мурун да болгон, азыр да бар.

Бирок институттар өз милдетин так аткарып, өз ишин жүргүзө берет. Бир адам бийликте кала албайт. Мыйзамда жазылгандай, бийликтин институттары ага жол бербейт. 6-январда Капитолийге чейин кирип, адамдар кандай нараазы болсо дагы, бир нече сааттан кийин Конгресс чечим кабыл алып, Байдендин администрациясын дүйнө жүзүнө, америкалыктарга тааныштырып, расмий түрдө бекитип берди.

- Темирлан мырза, мына Кыргызстанда да өтө чоң саясий окуялар болуп жатат, ошол эле учурда Кыргызстандын Конституциясы да өзгөрүүнүн алдында турат. Кыргызстанда мамлекеттик институттардын ишин кантип күчөтсөк болот?

Америкада конституцияга бир адамдын же топтун өзгөртүү киргизүүгө укугу да жок, күчү да жетпейт. Конституция – мыйзам. Конституция өзү өзгөрбөйт, бирок ага толуктоолор кирет. Заманга жараша кандай өзгөрүүлөр болсо, ошондой керектүү толуктоолор кирет. Конгресс өзү тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып, анан кошумча штаттардын үчтөн экиси добуш берип, толуктоолорду киргизет. Бул жерде белгилеп кетчү нерсе – Конституцияга толуктоо киргизүү бир адамдын же бир топтун каалоосунан көз каранды эмес. Ал мезгил талабына гана байланыштуу. АКШда толуктоолор 10-20 жылдап талкууланып, анан Конституцияга киргизилет.

- Ал эми Кыргызстанда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, башкаруунун формасын тандаганы турушат. Кандай башкаруу формасы ылайык деп ойлойсуз?

Азыр Кыргызстанда башкаруу формасы тууралуу сөздүн зарылчылыгы деле жок, мыйзамдуулук дегени маселе турат. Конституцияны 5-10 жыл сайын өзгөртө берсек, жашоо оңолуп кетпейт. Бизге мыйзамдуулук керек.

Ким болбосун Конституцияны коргоп, мыйзам чегинде бийликти башкарып кетиши керек. Кеп Конституцияда эмес, кеп Кыргызстанда бийликте турганыбы, бийликке умтулганыбы - ошол мыйзамды сыйлаганында. Кыргыз коомунда ага жетиш үчүн, менимче, дагы убакыт керек.

- Эмнеге Кыргызстанда мамлекеттик институттар өз милдетин аткарбайт? Ошол эле сот бийлиги, аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги эмне үчүн алсыз?

Ооба, ушул абдан маанилүү суроо болуп турат. Биздин Конституция канча жолу өзгөргөнүн эстесек, санактан жаңылчу болдук. Кеп Конституцияда эмес, кеп бийликтеги адамдардын Баш мыйзамды сыйлап, ошого умтулганында. Бизде бийликке келген адамдар Конституцияны оңой эле өзгөртүп, анан кетип жатышат.

Башка мамлекеттерге караганда, Кыргызстанда бийликтин чектерин сыйлаган адамдар жокко эсе. Бизде президент болобу, парламент болобу, сот болобу, өзүнө ыйгарылган бийликтен аша чаап кетет. Демек, маселе Конституцияда эмес. Маселе бийликте мыйзамды сыйлагандардын аздыгында болуп жатат.

Акаев болобу, Бакиев болобу, Атамбаев болобу, өз кызыкчылыктарын гана көздөп, мыйзамды өзгөртүп, жаңы Конституция кабыл алышкан. Айрыкча Атамбаев кетип жатып, мыйзамды өз кызыкчылыгына пайдаланган. Кыргызстанда мыйзамдуулук жок, коррупция кеңири тараган. Мыйзамды «сатып алган» акчасы барлар мыйзамсыз нерсени да өз кызыкчылыгына колдонгон учурлар көп кездешет.

- Темирлан мырза, мына сиз өз өлкөңүздөн алыста, алдыңкы университеттердин биринде профессорсуз. Алыста туруп өз мекениңиздин мамлекеттик институттарын кантип бекемдеп, жалпы эле коомчулукту мыйзамды сыйлоого тарбиялоону эмнеден баштоо керек деп ойлойсуз?

Ар бир мамлекеттин өзүнүн чечими бар, өзүнүн тандаган жолу бар. Ар бир жаран өзүнүн саясий турумун коргогонго кызыкпаса, ал үчүн аракеттенбесе, Кыргызстанда ошондой жүрүмдөр боло берет. Бул жерде жарандардын жоопкерчилиги маанилүү. Анткени демократияда ар бир жарандын берген добушу эң жогорку деңгээлдеги чечим кабыл алууга чейин жетиши керек.

Саясий жүрүмгө жарандардын катышуусунун мааниси ушунда. Азыркы процесстерде жарандар өз кызыкчылыгын коргоонун ыкмасын табышы керек.

Кыргызстанда эле эмес, Америкада да адамдар дал ушундай ойдо экени байкалат. Биз көрүп тургандай эле, эгер адамдар өз саясий турумун коргой албаса, же андайлар аз болсо, анда авторитаризмге ыктаган башкаруучулар келе берет.

Бирок андайга жол бербеш үчүн адамдар колунда болгон ресурсун (добушу аркылуу, нааразылыкка чыгуу жана башка) колдонуп, бийликке өз позициясын билдириши керек.

Азыр Кыргызстанда жарандар өзүнүн саясий кызыкчылыктарын коргоп, өз талабын билдире алат. Ал нормалдуу жүрүм. Ошондой өзгөрүүлөр дагы улана бериши керек. Мына президенттик шайлоого 17 талапкер чыкты. Борбор Азия мамлекеттерине салыштырганда, атаандаштык негиздеги шайлоо өттү.

Мынчалык талапкер ат салышып, элге тандоо мүмкүнчүлүгү берилген учурлар көп мамлекеттерде жок. Бул - абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Кандай гана "административдик ресурс колдонулду" десек дагы, 17 талапкердин ичинен бир жакшы талапкерди тандоо толук мүмкүн. Ал үчүн кыргызстандык жарандар өз добушун туура пайдаланып, мамлекеттик бийликке ким келет деген маселеге ар бир адам жоопкерчиликтүү болушу кажет.

- Темирлан мырза, сиз кызыктуу ойду «азыркы дүйнөдө, ошонун ичинде Америкада бийликтин башына популист саясатчылар келсе, бул коомду бир топ дүрбөлөңгө салат экен» деп айттыңыз. Кыргызстанда ошондой болуп калат деп чочубайсызбы?

Ар бир мамлекет, ар бир өлкө өзүнүн тарыхый жолу менен өзгөрүп, өнүгүп кете берет. Ошол эле Америка дагы канча жыл болбосун оңго-солго багыт алып, өнүгүп келе берет.

Азыр баарыбыз эле мерика дүйнө жүзүнө эталон болгон деп айтып жатпайбызбы, бирок ал - реалдуулукту көрсөтпөйт. Анткени ар бир мамлекеттин өзүнүн айырмалуу көйгөйлөрү бар.

Тилекке каршы, акыркы 10-20 жылда дүйнөдө оңчул саясий күчтөр бийликке келип жатат. Бул - дүйнөлүк тенденция. Кыргызстан да, Америка да андан сыртта кала албайт.

(Ред.: Бул маек шайлоонун алдында уюштурулса да, анын мааниси узак мөөнөттү камтып жатканын эске алып, толук жарыяладык).

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG